Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Египет авиациясы "ИМ" тобунан бомбалап өч алды


Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси 15-февралда жалпы букараларга телекайрылуу жасоодо.
Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси 15-февралда жалпы букараларга телекайрылуу жасоодо.

Египеттин аба күчтөрү коңшулаш Ливиядагы “Ислам мамлекети” уюмунун объекттерине сокку урду. Авиачабуулдан бир күн мурда, 15-февралда ислам экстремисттери египеттик 21 тарсанын башын алганын көрсөткөн видеотасманы жарыялаган.

Баш алып өлтүрүүнү сунни мусулмандарынын Каирдеги эң абройлуу “ал-Асхар” мечитинин уламалары “эч бир динге жана адамдык насил-наркка сыйбаган жапайычылык” деп аташты.

16-февралдын таңындагы авиасокку Ливиядагы “Ислам мамлекети” тобуна таандык лагерлер, курал-жарак кампалары жана командалык пункттарына абадан сокку урулганын Египеттин аскер жетекчилиги билдирди.

Авиасокку Ливия өкмөтү менен макулдашылып жана ливиялык учактар менен чогуу экстремисттерге Дерна шаарында урулган. Бул жөнүндө Ливиянын аба күчтөрүнүн командачысы Сакер ал-Жеруши “ал-Арабия” телеканалына телефондон тастыктады.

15-февралда Ливиядагы “Ислам мамлекети” тобу египеттик 21 тарсанын башы алынган көрсөткөн видеотасманы жарыялаган. Бул видеодо кара кийимчен согушчандар саргылтым кийимчен туткундарды Триполи шаарынын ныптасындагы жээкте чөкө тизелетип отургузуп туруп, башын

"Ислам согушчандары" тобунун желдеттери египеттик 21 христианды башын алып өлтүргөнү алып баратат.
"Ислам согушчандары" тобунун желдеттери египеттик 21 христианды башын алып өлтүргөнү алып баратат.

​алган учур көрсөтүлөт. Ошол эле жекшемби күнү Египеттин президенти Абдел Фаттах ас - Сиси жарандары үчүн өлкө баш кесерлерден өч алууга акысы бар экенин улуттук телеканалдан эскерткен:

- Египет кыпындай да адамгерчилиги жок киши өлтүргүчтөрдөн жана кылмышкерлерден өзү зарыл көргөндөй жолдор менен өч алууга акылуу.

Ас - Сиси 15-февралда алаамат окуяга байланыштуу Египеттин аскер жетекчилери менен масилет куруп, өлкөдө жети күнгө аза жарыялаган.

Ливияга иштегени барган египеттик жарандарды исламга жамынган согушчандар декабрь жана январь айларында Триполиден 600 чакырым чыгыштагы Сирт шаарына чукул жерде уурдашканы мурда маалымдалган.

“Ислам мамлекети” уюму Ирактын жана Сириянын чоң бөлүгүн былтыр жайдан бери көзөмөлдөйт жана кол астындагы аймактарда шариятка ылайык башкарылган халифат түзүүнү көздөйт. Анын желдеттери буга чейин үч америкалыкты, үч британиялыкты, эки жапониялыкты, бир иорданиялык учкучту мыкаачылык менен тындым кылып, тасмаларын жарыя кылган.

Араб Лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби Ливиядагы халифатчыл согушчандардын египеттик 21 христианды мыкаачылык менен өлтүрүүсүн айыптады жана расмий Каир фундаменталисттерге каршы чара көрүүгө акылуу экенин айтты:

- Албетте, бул орто кылымдарга мүнөздүү жапайы жана аёосуз мыкаачылык. Мындай кадамга ким барарын элестете албайм. Египет өзүн коргоого толук укуктуу жана фундаменталисттер тарабынан жасалган бул өңдүү терроризмге каршы чара көрүүсү керек.

Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки египеттик букараларды мыкаачылык менен өлтүрүнүү “пастык” жана “наадандык” деп атады.

Ливияда өлтүрүлгөн египеттиктерди коңшулары жана жакындары чиркөөдө эскеришүүдө. Миня провинциясындагы эл-Ур кыштагы. 16-январь 2015
Ливияда өлтүрүлгөн египеттиктерди коңшулары жана жакындары чиркөөдө эскеришүүдө. Миня провинциясындагы эл-Ур кыштагы. 16-январь 2015

​Франция жана Египет “Ислам мамлекети” уюму менен күрөштө жаңы чараларды көрүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынын өткөрүүгө чакырышты. Бул тууралуу Франция президенти Франсуа Олланд жана Абдел Фаттах ас-Сиси 16-февралда телефондон баарлашкандан кийин расмий Париж билдирди.

Египет жетекчилиги Иракта жана Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы согушуп жаткан АКШ башындагы коалицияга кайрылып, авиаоперацияны Ливияга чейин кеңейтүүнү да суранды. Расмий Каирдин мындай кайрылуусу жихадчылар Араб дүйнөсүнүн тынчын ала баштаганын жышаана кылат.

XS
SM
MD
LG