Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Илмиянов кызматтан кетүү арызын жазды


Икрамжан Илмиянов
Икрамжан Илмиянов

Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов кызматтан бошотууну сурап, 23-апрелде Алмазбек Атамбаевге арыз жазды.

Арызда ал мындай кадамга өзү тууралуу ар кандай имиштерге негиз бербөө максатында барганын белгилеген.

Президенттин эң ишенимдүү адамы деп айтылып, дээрлик көмүскөдө жүргөн, артынан түрдүү уу-дуу кеп ээрчиткен жана коомчулукта “шоопур” деген каймана ат менен таанымал Илмияновдун отставкасы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

Президенттин маалымат кызматы Алмазбек Атамбаев Икрамжан Илмияновдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап жатканын билдирди. Атамбаевдин маалымат катчысы Жанар Акаев мындай арыздын жазылышына соңку кырдаал негиз болгонун тастыктады:

- Арызда акыркы учурда Илмияновдун тегерегиндеги жалган маалыматтардын тарашы, президенттин тегерегиндеги адам деп көп нерсеге күнөөлөнүшү себеп болду, ушундай ушак-айыңдан, жалган каралоодон арылайын деп ээлеген кызматтан кетүүнү чечкенин жазган.

Илмиянов президентке жазган арызында өзү тууралуу ар кандай сөздөрдөн улам кызматтан бошотуу тууралуу соңку эки жылда бир канча жолу өтүнгөнүн белгилеген. Бирок барган сайын каралоого чыдоо кыйын болуп калганын, ар кандай имиштерге, күбүр-шыбыр сөздөргө, “объективдүү эмес” деп кабыл алынган текшерүүлөргө негиз бербөө үчүн ээлеген кызматтан кеткенин туура деп эсептей турганын айткан.

Акыркы эки жумадан бери Илмияновдун аты “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы чатакка байланыштуу айтылып жаткан. Аталган басылма президентке эки ирет кайрылуу жолдоп, "гезитти басып алуу аракети болуп жатканын, анын артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат" деп ачык жарыялаган. Президент кайрылууда айтылгандарды териштирүүнү Башкы прокуратура менен атайын кызматка тапшырган болчу.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов “Вечерний Бишкек" гезитинин уу-дуусунан кийин Атамбаев Илмияновду тезинен кызматтан алышы керек деп айтып чыккан. Ал президент коомдук пикир менен эсептешүүсү керек деп эсептейт:

- Атамбаев элдин айтканын тоготушу керек. Эки-үч жылдан бери элди сезбей, коомдук пикирди эске албай эле саясат жүргүзүп калгандай сезилген. Атамбаев азыркы учурда коомдук колдоонун азайганын, келаткан шайлоодо ага кайра ээ болуп, ишенимди кайтаруу керектигин сезди. Менимче, эми бул жалгыз чечим болуп калбашы керек. Эми эл менен диалогго барган, коомдук пикирди эске алган, жаңы Атамбаев болушу керек.

Коомчулукта Илмиянов тууралуу “көмүскөдөгү таасирлүү саясий фигура, кадр жана бизнеске байланышкан бардык маселелерди чечет” деген пикирлер басымдуулук кылат. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаевдин баамында, бул сөздөрдүн чындыгы бар. Депутат Илмияновдун отставкасын күздөгү шайлоо менен да байланыштырды:

- Биринчи жетекчинин айланасында “серый кардиналдар” дайыма болгон. Себеби, “биринчи адам” баары менен ачык сүйлөшө албайт да. Көп нерсени “серый кардиналдын” “тили” менен айтып, “колу” менен жасайт. Менимче, Илмиянов “Замандаш” партиясы менен шайлоого барат. Эл кыдырып, жер кыдырып шайлоого даярданат. Ал бир ок менен эки кийик атты.

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркуловдун Илмиянов Атамбаевди кыйын учурда коштоп жүргөнүнө токтолду, мындан улам анын өтө ишенимдүү адамына айланганын белгиледи:

- Мен билгенден илгертен бери эле президенттин жанында жүрөт. Айрыкча соңку революцияда баштан кандай гана кыйынчылыктар өткөн жок. Мына ошондо да жанында жүргөн. Революциядан кийин да өлкө үчүн өйдө-ылдый кыйынчылыктар болду. Ошондо да жанында жүргөн. Президентти уят кылган жок. Жакшы иштеп жүрдү. Ишеничтүү адам. Президентти саткан жок, ал үчүн аягына чейин турган жигиттердин бири.

“Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукулов да Илмиянов менен тааныш-билиштиги бардыгын айтты:

- Алгач шоопур, андан кийин жансакчы болуп иштеп жүргөндө көрүшүп, сүйлөшүп калчубуз. Анын деңгээли, билиминин сапаты чоң кызматты ээлөөгө туура келчү эмес. Ошондуктан артынан бир топ сөз ээрчип жүргөн. Кадр маселелерин ошол чечет деген сөздөр чыккан. Бирок бул менимче аша чапкан сөздөр. Чындыгында кадрга байланышкан чечимдердин баары Атамбаевге эле таандык. Илмиянов болсо жөн гана ортомчулук ролду аткарып жүргөн. Буга чейин чоң мамлекеттик кызматта иштебестен бир эле секирик менен азыркы кызматка барганы өзү бир жагынан психологиялык басым болду окшойт.

Мындан эки жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” ошол кездеги жетекчиси Султан Жумагулов менен маектешүүдө Илмиянов боюнча айтылган сөздөр текшерилгенин, бирок такталбаганын билдирген эле. Аны колдоп, коргоп сүйлөп жатып белгилүү мамлекеттик-саясий ишмер Султан Ибраимовго да салыштырган:

- Шофер болуп иштеген адам өспөшү керекпи? Мен буга түшүнбөйм. Мына мен жакында Токмокко барып кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Султан Ибраимовдун эстелигинин ачылышына катыштым. Ал киши деле тракторист болуп иштеген. Бирок тракторчу болуудан баштап министрлер кеңешинин төрагасы кызматына чейин жеткен да. Шофер болгондор эч качан мамлекеттик кызматта иштебесин дегендерге таң калам. Эгер Илмияновдун бизнесте кызыкчылыгы бар, кайсы бир иштерге аралашып жатат деген сөздөр болсо мага алып келишсин, текшерели. Кыңыр иши чыкса, Илмиянов болобу, башкасы болобу, өзүмдүн балам, өз жакындарым болобу баары жоопко тартылат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин "Азаттыкка" берген интервьюсу. 29-август, 2013-жыл
А.Атамбаев: Жаңы элита таптайбыз (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:33 0:00

Икрамжан Илмиянов 1975-жылы Баткендин Лейлек районунда туулган. Бир нече жыл бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштегени белгилүү.

Президенттин сайтындагы маалымат боюнча Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2009-2010 - жылдары «Медиа форум» ачык акционердик коомунда экономист болуп иштеген. Апрель окуясынан кийин Алмазбек Атамбаев алгач Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, андан кийин премьер-министр болуп турганда анын жардамчысы болгон.

XS
SM
MD
LG