Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Балыкчы: жарылган граната боюнча иш козголду


Балыкчы шаары
Балыкчы шаары

Жума күнү, 12-июнда Балыкчы шаарынын Кызыл-Омпол көчөсүндө жайгашкан үйдө граната жарылып, 13 жаштагы бала жан берген.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын “Азаттыкка” билдиришинче, каза тапкан баланын 14 жаштагы аталаш бир тууганы шаардык ооруканга жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө. Жабыркагандардын арасында балдардын эжеси да бар. Ал да жараат алганы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, жарылуу болгон үйдө эки граната болгон. Аны үйдүн 17 жаштагы тургуну мындан эки жыл мурун досунун үйүндө ойноп жатып картошка сактаган жер төлөсүнөн таап алган. Гранаталарды үйүнө алып келип, сарайдагы орок-балта салган көөрүккө катып койгон.

Кечээ аны сарайда ойноп жатып кырсыкка кабылган эки бала гранатаны таап алып, жардыруучу сабын тартып жиберген. Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери башталып, кылмыш ишин козгоо каралууда.

Кыргызстанда жардыруучу заттын айынан балдардын өмүр менен кош айтышкан учуру буга чейин да катталган. 2014-жылы Баткен облусунун Зардалы айылында белгисиз заттын жарылуусунан 5-8 жаштагы 2 жаш бала каза болуп, төртөө ооруканга жеткирилген. Балдардын бирөө ооруканага келаткан жолдо үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG