Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Чаткалда жаштар арасында калайман мушташ чыкты


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Чаткал районунун Айгыр-Жал айылында 20-21 жаштагы балдар арасында чыккан калайман мушташтан улам алты киши ооруканага түштү. Айрымдары бычактан, кээ бирлери ур-токмоктон жабыркаган.

Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоп, аны уюштурууга шектелгендерди камакка алды. Ал арада жаңжалда жабыркагандардын ата-энелери кылмыш ишин жаап, маселени түшүндүрүү жолу менен чечүүнү суранып атышат.

Райондук милицияны гана эмес, Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгын да тик тургузган окуя 5-июлга караган түнү Айгыр-Жал айылындагы Арстан-Сай конушунда болгон. Адам өмүрүнө зыян келбегени менен, жергиликтүүлөр арасында дүрбөлөң жараткан мушташ 20-21 жаштагы жигиттердин ортосундагы пикир келишпестиктен улам тутанган.

Кызыл-чеке болгондордун баары ошол айылдын тургундары. Жабыркаган алты адам бейтапканада. Алардын арасынан жарааты оор экени айтылган Өмүрбек атуу жигит Жалал-Абаддагы ооруканага жиберилген. Аны туугандары кезектешип карап жатканын, жараатынан улам сүйлөй албай калганын атасы Курманбек Абдылдаев билдирди:

- Балам жаактын түбүнө, мойнуна бычак жеген. Кечээ бир аз жакшы сүйлөп, окуя тууралуу айтып берди эле. Бүгүн булдуруктап, сүйлөй албай калыптыр... Менин билгеним боюнча, башында 1995-жылкы балдар өздөрүнөн бир жаш улуу жигитти сабап коюшкан. Кечинде ал бала достору менен беркилерге каршы чыккан. Мушташып, бычакташууга чейин барышкан.

Мушташ болгон Айгыр-Жал айылына алып баруучу көпүрө.
Мушташ болгон Айгыр-Жал айылына алып баруучу көпүрө.

Жашоочулар бул окуяны эки топтун бири бирине үстөмдүк кылуу аракети катары сыпаттап жатат. Милиция окуяга байланыштуу “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Мушташка катышкандардын баары тергөөгө чакырылганын, бир киши камакка алынганын облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев маалымдады. Башкаларын камоо же бошотуу маселеси сурактын жүрүшүндө аныкталат.

- Алардын көпчүлүгү студенттер. Ош жана Жалал-Абад шаарларында билим алышат. Пикир келишпестиктин натыйжасында мушташкан. Эки тарапта тең онго жакын бала болгон, баары болуп жыйырмадай. Ооруканага түшкөндөр арасында келтектен да, бычактан да жабыркагандар бар.

Райондун акими Канжар Эшалиев бул окуяны кокустук деп атап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн облустан адистер чакырылганын айтууда:

- Облустук Ички иштер башкармалыгынын атайын даярдыктагы 20 адиси айылда түшүндүрүү жана териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Андан сырткары ар бир айылда элдик жыйындар уюштурулууда. Жаштарга насаат айтып, мындай окуяларды болтурбоо чараларын көрүп жатабыз.

Ал арада Чаткалдагы калайман мушташка катышкан уландардын ата-энелери кылмыш ишин кыскартып, маселени түшүндүрүү иштери менен эле чечүүнү суранып атышат. Кармалып, темир тор артына киргизилгендердин жакындарынын гана эмес, баласы оор абалда жаткан Курманбек Абдылдаевдин да каалоосу ушул:

- Камап салгандан эмне пайда чыгат? Түшүндүрүп, бошотуп эле жиберишсин. Тынч эле басты-басты кылганыбыз дурус...

Бирок милиция кылмыш иши кыскартылбай турганын, соттук-медициналык изилдөөнүн тыянагына жараша чара көрүлөрүн айтууда. Жергиликтүүлөрдүн да көбү жооптулар жазага тартылбаса, мындай окуялар дагы уланышы мүмкүн экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG