Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Чек арада жоголгон жоокер табыла элек


Баткендеги чек арачы
Баткендеги чек арачы

Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жүрүп, 23-августта дайынсыз жоголгон жоокер дагы эле табыла элек.

Чек ара кызматы жоокер Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен деп божомолдоп жатат. Изделип жаткан жоокердин колунда автоматы болгон. Бул окуя коомчулукта ар кандай талкууланууда.

Жолунан адашып кетти делген жоокер эки күндөн бери дайынсыз. Мекеменин басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариева аталган факт боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы иликтөө иштерин баштаганын билдирди.

- Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жоокер чек ара кезметине чыгып, багытынан адашып кеткендиги божомолдонууда. Кезмет өтөө мезгилинде ал аймакта аба ырайы катаал болуп, кар аралаш жамгыр жаап, туман каптап турган экен.

Чек ара кызматы тарабынан жоокер эки күндөн бери изделип жатат. Аларга жергиликтүү тургундар жана мекеме-ишканалар да көмөктөшүүдө. Окуя тууралуу тажикстандык чек арачыларга да кабарланып, алар да өз аймагында кыдырып, издеп жатканы маалымдалды. Азырынча жоголгон жоокердин аты-жөнү айтыла элек. Болгону 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу аталган тозотто кызмат өтөп жатканы белгилүү.

Армиядагы жоокерлердин көйгөйлөрү боюнча иштеп келаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова аскер кезметке эмнеге жалгыз чыккан деген сыяктуу суроолорду кабыргасынан койду:

- Чек ара кызматынын жетекчилери "жоокер кезметке кеткен, анан кар жаап, туман болуп дайынсыз жоголуп кетти" деп жатат. Эмне үчүн ал жоокер жалгыз кеткен? Андай кезметке үчтөн кем эмес чыгарат. Макул, үчөө чыкса дагы, экөө кантип бөлүнүп кетти? Алар кайтып келдиби же чын эле жоокерди жалгыз чыгарышканбы? Армиянын жобосу боюнча жалгыз жоокерди кезметке жибербейт.

Дегеле кызмат өтөп жаткан аскерлердин табышмактуу өлүмү, армиядагы “дедовщина” сыяктуу чырлуу окуялар байма-бай айтылып келет. Мындан улам азыркы окуя дагы коомчулукта ар кандай күдүк ойлорду жаратууда. Аскерий эксперт Сыргакбек Дүйшеев:

- Армияда ички мамилелери келише албай же бир жакка качып кетип калышы мүмкүн. Эң жаманы, бир жакта каза болуп калышы дагы мүмкүн да. Колунда куралы бар болгону дагы коркунучтуу. Балким бирөөдөн өч алгана кетип калсачы. Ал эми командирлер өздөрүн актаганга аракет кылышат.

Кызмат өтөп жатканына бир жыл болуп калган жоокер адашып кетти деген расмий тараптын божомолуна ишенбегендер арбын.

Акыркы жылдары жоокерлердин өлүмү үчүн эч ким жоопко тартылбай келатканын укук коргоочулар кескин сындап келишет. Аскердеги бул өңдүү терс окуялардын чыгышына жоокерлер арасындагы өкүмзордук, балдардын психикалык саламаттыгындагы абал жана башка себептер айтылып келет.

Үч-төрт жыл мурун армиядан массалык түрдө качкандар, Ысык-Көлдө бир жоокер командири баштаган төрт кызматташын жана алардын биринин аялын атып өлтүргөн окуя дагы деле элдин эсинде.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG