Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Бабанов кандай оппозиционер болот?


Өмүрбек Бабанов партиянын курултайында
Өмүрбек Бабанов партиянын курултайында

“Кыргыз туусу” гезити Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун “2020-жылы мамлекеттик тил маселеси болбойт” деген ат менен окурмандардын суроолоруна берген жообун басты.

Ушул эле гезитке акын Үрүниса Маматованын “Назира сага айтам, а чоңдоруң уксун!” деген ат менен эне тилдин ашмалтайын чыгарып келаткан көрүнүштөргө күйүп-бышкан макаласы жарык көрдү. Акын макаласында кыргыз тилинин түбүнө жетчү тантык которулган фильмдер менен телеберүүлөр, сабатсыз журналисттер, халтурщик киночулар, кыргыз тилинин грамматикасын бузуп сүйлөп келаткандар, сегиз жашар кызды айым деп, 80деги аксакалды мырза деген радио, теле, гезит журналисттери жөнүндө, дагы көптөгөн көйгөйлөр жөнүндө кенен кеп кылды.

Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин “Апчем” деп аталган эскерүүсү ушул сан менен аягына чыкты. Акын Майрамбек Токторовдун жаңы ырлары жарыяланды. Кыргызстандын педагогика илимин түптөөчүлөрдүн бири, педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакуновдун 70 жылдыгына арналган окумуштуу Токтош Алиевдин макаласы “Кыргыздын чыгаан педагогу” деген ат менен жарык көрдү. Атактуу комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакунованы 70 жылдыгы менен куттуктап жаткан өкмөт башчысы Темир Сариев экөөнүн макала коштогон сүрөтү да ушул санда.

“Фабула” гезити карыя журналист Үсөн Касыбековдун “Айтты-айтпады, ийлеп-ийлеп итке салары бышык” деген макаласын басты. Автор ушул күндөрү парламентке келген бардык фракциялар жеңилдиктер менен артыкчылыктардан, баарынан да депутаттык кол тийбестиктен баш тартмакчы болуп демилге көтөрүп чыгышканын талдоого алды.

Журналист кол тийбестик маселеси айыгышкан тымызын каршылыкка туш болору талашсыздыгын, анткени депутат болуп келгендердин басымдуу бөлүгү олигархтардан, “базаркомдордон”, криминалдардан же Акаев менен Бакиевдин доорунда кыска убакыттын ичинде жомоктогудай тез байыган “акча мүшөк” экс-чиновниктерден турарын оңой эле баамдаса болорун, жулунуп жатып так ушундайлар парламентке келгенин, демек капчыктары калыңдарды Жогорку Кеңешке магниттей тарткан касиет дал ушул кол тийбестик экендигин, кол тийбестиги бар депутаттардын богуна да куурай саялбайсың дегенге тете нерсе болорун, андыктан ооз жүзүндө баары баш тарткан менен маселе добуш берүү менен чечилерин, депутаттар кол тийбестиктен ажырап калбас үчүн кашык каны калганча каршы турарын, анткени кол тийбестиктен ажыратуу маселеси парламенттин өткөн чакырылышында да көтөрүлүп, добуш берүүгө чейин жетип, бирок баары бир эч майнап чыкпаганын белгилеп, “ошол жорук бул ирет да кайталанышы мүмкүндүгүн, кол тийбестиктен кечип кетүү деген “бийликтин репрессиясынын башталышы дегенди түшүндүрөт” деген жүйөлөрдү бетке кармагандардын күн санап өсөрүн бөркүңөрдөй көрө берсеңер болот” деп жазды журналист Үсөн Касыбеков бүгүнкү “Фабула“ гезитиндеги макаласы аркылуу.

Аталган гезит “Парламенттеги оппозициялык эки фракция эми кандай оппозиция боло алат?” деген суроо менен кайрылды. Саясатчы Өмүрбек Абдрахманов: - Оппозицияда калган фракциялар, өзгөчө Өмүрбек Бабанов оппозиция боло албайт,-деп, жазуучу Чолпонбек Абыкеев: “Республика-Ата Журт”, “Бир бол” фракциялар оппозиция болуп деле жыргатпайт. Себеби булардан депутат болгондордун ар биринин куйругуна калбыр байланган. Катуураак эле кыймылдаса калдыр-шалдыр болуп кетет,-деп, саясатчы Токтогул Какчекеев:- Боло алышпайт, анткени экөөнүн тең конкреттүү программалары жок,-деп жооп беришти.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин маеги “Саясатчынын баласы ууру-кески да болуп калышы мүмкүн”деп аталды. “Вечерний Бишкек” гезити Кудай да пенделердин сыйына турган жайын ызы-чуулуу жерде эмес, тынч жайларда, атайын сыйына турган мечиттер менен чиркөөлөрдө сыйынгыдай кылып жаратканын, анан “чала молдо дин бузарлардын” жоругунан улам, акыркы жылдары “бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар” пайда болгонун, анын мисалы катары күнүгө концерт коюлуп турган филармонияга намазкана ачып алышканын, күндүзгү намаз маалында ушул жерде туруп, намаз окуганы бир да киши кирбегенин көрүп, ушуну жасагандарды жалгарыңды же каргарыңды билбей кетериңди, ушундай жолдо жок жорукту мурдагы депутат Турсунбай Бакир баласы деген жасары менен Жогорку Кеңештен тартып көрүнгөн мекемелердин баары намазканаларды ачып алышканын, Кудайдын ичи ушунчалык кенендигин, ал тургай түштө намаз окумуш болуп, кечкисин сойкуканага барып, чочконун этин жеген аткаминерлерди көрүп турса да Кудай сатпай тургандыгын жазды.

XS
SM
MD
LG