Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Сариев баштаган жаңы өкмөт куралууда


Темир Сариев
Темир Сариев

Жогорку Кеңеш учурда өкмөттүн курамын талкуулоодо.

Өкмөттүн маалымат кызматынан шейшемби күнү кабарлашкандай, өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев бүгүн өкмөттүн структурасын жана программасын Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Программада республиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууга басым жасалган. Ошондой эле экономикалык өсүштү жана финансылык көз карандысыздыкты камсыздоо боюнча чаралар көрсөтүлөт.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, ошол эле кезде бул орунга талапкер Темир Сариев көпчүлүк коалициядагы фракциялар менен жолугушуп, өкмөттүн түзүмүн, курамын жана программасын сунуштады.

Вицелер саны азаят

Маалыматтарга караганда, жабык өткөн жолугушууда фракциялар премьерди бир добуштан колдошту. Бир фракциядан экинчисине кирер алдында Темир Сариевден өкмөттөгү өзгөрүүлөр тууралуу азыноолак маалымат алдык:

- Коалициялык көпчүлүк бизге толук мүмкүнчүлүк берип атат. Ошон үчүн толук стабилдүүлүк сакталат, башаламан алмаштыруу болбойт. Эки министрлик жоюлат. Энергетика министрлигинин ордуна Энергохолдинг түзүлөт. Ал эми министрликтин функциялары Экономика министрлиги менен Энергетика агенттигине берилет. Экинчиси - Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жоюлуп, Миграция кызматы түзүлүп атат. Анткени сырткы миграция менен бирге эле ички миграция маселелери да орчундуу. Ал эми эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу саясаты Социалдык министрликке бекитилет.

Мындан тышкары вице-премьер-министрлердин саны үчкө азайып, баары жаңылана турган болууда. Бирок Темир Сариев ал орундарга кимдер келерин азырынча жашырууда.

Расмий айтылбаганы менен ишенимдүү булактардын маалыматтарына караганда, биринчи вице-премьерликке Тайырбек Сарпашевдин ордуна КСДПнын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги Аалы Карашев сунушталууда.

Экономика тармагы боюнча вице-премьер-министрликке Валерий Дилдин ордуна экономика министри Олег Панкратов, анын ордуна Экономика министрлигине “Кыргызстан” фракциясынан депутат Арзыбек Кожошев каралып жатат.

Социалдык багыт боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеваны Президенттик аппараттын социалдык бөлүмүн башкарган Гүлмира Кудайбердиева алмаштырары болжолдонууда.

Айыл чарба, суу жана жер ресурстары министрлиги болуп атала турган министрликтин башына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан келери кабарланды.

Социалдык өнүгүү министрлик “Ата Мекенде” калат. Учурдагы министр Базарбаевди "атамекенчилер" алмаштырары азырынча белгисиз. Фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаев эмне үчүн өкмөттөн бир гана министрлик орун тийгенин мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстанга саясий стабилдүүлүк керек жана биз аныктаган саясий курсту карманып, анын аягына жетиш керек. Биз дал ошол саясий курска таасирибиз тийип турсун деп коалицияга кирдик. Учурда көп министрликтерде орток талапкерлер. Көпчүлүк министрликтер тиги же бу фракцияга берилген жок.

Мындан тышкары Коргоо министрлиги Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет болуп өзгөртүлдү.

Саясатчы жана укук коргоочу Эдил Байсалов өкмөт сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдү кескин сынга алды. Анын айтымында, бийликти колго ала тургандар өлкөнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү программа сунуштабай жатат:

- Бул жагын кесип, тиги жагына жамагандары терең ойлонулган программасы жок экенин байкатты. Муну биз шайлоодо да байкаганбыз. Социалисттер түзгөн өкмөттө сөзсүз Эмгек министрлиги өзүнчө туруп, эң негизги министрликке айлантылат. Батыш Европа, Чыгыш Европа, Африка, Латын Америкасын карап көргүлө. Өкмөттүн негизги прогаммасы иш орундары менен камсыз кылуу деп жарыяланат. Тилекке каршы булардын биринчи кадамдарынан да ал тармакты бөлүп, ары жакка түртүп койгону тынчсызданууга негиз берет.

Ал эми Коргоо министрлигинин комитет болуп түзүлүшүн мурдагы вице-премьер-министр, генерал Токон Мамытов күч түзүмдөрүндөгү милдеттердин так бөлүштүрүлүшү катары баалоодо:

- Бул саясий кызмат деп эсептелет да. Мыйзам жагын, аскерий саясатты алып жүрүшөт. Коргоо маселесин жетектеген жетекчи өкмөттүн мүчөсү бойдон кала берет. Бул жерде айырма бар. Аскерлер бир колго өтүүдө. Башкы штаб ошого жооп берет. Аймактык коргонуу, ыкчам иш-аракет боюнча маселелерди чечет.

Өкмөт бул сунушун 4-ноябрда парламенттин жалпы жыйынына алып чыгат. Шайлоодо аткаминерлердин санын азайтуу убадасын берген “Республика-Ата-Журт” фракциясы позициясын эртең билдирет. Ушу тапта өкмөттүн сунушу менен таанышып жатышкандыгын фракция мүчөсү Руслан Казакбаев кабарлады:

- Тилекке каршы өкмөттүн жаңы түзүмү жана программасы боюнча сунушун кечинде гана алдык. Жаштар, миграция министрлигин жок кылганы менен аларды өзүнчө кызмат кылып атышыптыр. Ал аткаминерлердин санын азайтабы, же чыгашаларды канчага азайтат, көрсөтүлбөптүр. Эртең премьер-министрликке талапкерлигин койгон кишиден ушул тууралуу сурайбыз. Так жооп алгандан кийин гана бир чечимге келебиз.

Анткен менен оппозиция каршы болгон күндө деле өзүнөн эки эсе көп коалициялык көпчүлүккө каруусу жетиши кыйын. Жаңы өкмөттүн түзүмүндө министрликтер саны 14төн 12ге кыскарууда. Коргоо министрлиги мамлекеттик комитетке айландырылып жатат. Коргонуу иштери боюнча комитет төрагасына талапкер көргөзүү Конституция боюнча президенттин ыйгарым укугу.

Өкмөт кимдерди сунуштады?

Бүгүн Жогорку Кеңештин коалиция түзгөн фракцияларында макулдашылгандай, өкмөт төмөнкүдөй курамда сунуш кылынууда:

Темир Сариев – премьер-министр,

Аалы Карашев – биринчи вице-премьер-министр,

Олег Панкратов – экономикалык маселелер боюнча вице-премьер,

Гүлмира Кудайбердиева- социалдык маселелер боюнча вице-премьер,

Арзыбек Кожошев – экономика, өнөр жай министри,

Мелис Турганбаев – ички иштер министри,

Жылдыз Мамбеталиева - юстиция министри,

Адылбек Касымалиев – каржы министри,

Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри,

Кудайберген Базарбаев – социалдык өнүгүү министри,

Элвира Сариева – билим берүү министри,

Алтынбек Максүтов – маданият, маалымат, туризм министри,

Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри,

Аргынбек Малабаев – транспорт, коммуникация министри,

Эрлан Абдылдаев – тышкы иштер министри,

Турдуназир Бекбоев – айыл чарба министри,

Бусурманкул Табалдиев – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет төрагасы.

XS
SM
MD
LG