Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Кремл кыргыз мигранттарын боюна тартууда


Москвадагы жүрүш. 4-ноябрь, 2015-жыл
Москвадагы жүрүш. 4-ноябрь, 2015-жыл

Орусияда Владимир Путиндин саясатын жактаган Улуттук боштондук кыймылында кыргыз бөлүмү түптөлүүдө.

Кыймылдын өкүлдөрү 4-ноябрда Кызыл аянтта өткөн Биримдик жүрүшүнө орус желегинин алдында “Путин – дүйнөлүк улуттук боштондук кыймылынын лидери” деген ураан менен чыгышты. Орусияда жашаган кыргызстандык жарандар ага Улуттук боштондук кыймылынын кыргыз бөлүмү катары катышкан.

Коомдук ишмер Надырбек Сооронбаев Москвадагы кыргыз жамаатынын өкүлдөрү жүрүшкө катышууга чакыруу алганын айтууда. Ал Кремлге жакын коомдук уюм менен кызматташуу кыргызстандык мигранттардын көйгөйүн чечүүгө жардам береби деген үмүттө:

- Биз ушул жакта жүргөндөн кийин биринчи кезекте мигранттардын көйгөйүн, алардын келечегин ойлошубуз керек. Өзүбүздүн келечекти, коопсуздукту ойлоп, анча-мынча иштерди кылышыбыз керек экен. Президентибиз, эл-жерибиз колдоп жатса, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирип жатса, эмне үчүн колдобошубуз керек? Мигранттарыбыз ушул жерден нан таап, буйруган оокатын өткөрүүдө, Кыргызстанга канча деген акча которулуп жатат. Биз биринчи кезекте мигранттардын көйгөйүн, ошолордун келечегин ойлошубуз керек.

Үч ай мурун түзүлгөн Улуттук боштондук кыймылынын кыргыз бөлүмүн Илияз Урматбек уулу жетектейт. “Кыймылдын лидери - Владимир Путин, максаты - Орусиянын суверендүүлүгү” дейт жетекчи.

- Негизи максаты – суверенитет. Орусиянын суверендүүлүгү үчүн күрөшүү. Көпчүлүгү “кайсы суверендүүлүк?” деп таң калышат. Ал тургай орусиялык жарандардын көпчүлүгү да буга түшүнө бербейт. Орусия эми “биз чет элдик башкаруу таасиринде калдык, Конституциябызда туура эмес жазылып калган, 15-беренеси боюнча кээ бир олуттуу иштерди чет элдик уюмдар жана корпорациялар менен макулдашпай туруп чече албастыгын” мойнуна алып жатат.

Илияз Урматбек уулу аталган улутчул кыймыл Путинди жана анын Орусиянын улуттук экономикага кайтуу багытын колдой турганын кошумчалап, Орусиянын жарандыгын алган жана алууну эңсеген кыргызстандыктардын саны көбөйүп баратканын белгиледи.

Улуттук боштондук кыймылын Мамлекеттик Думанын депутаты Евгений Федоров жетектейт. Ал кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугуп, өзүнчө жыйын өткөргөн.

Диаспора өкүлү Руслан Эшимов кыргыз бөлүмү жаңыдан гана түзүлүп жаткандыктан кыргызстандык мигранттар менен кандайча максатта кызматташуулар болорун азырынча айтууга эрте экенин белгиледи.

- Улуттук боштондук кыймылы деп мурдатан эле түзүлгөн. Ошол эле “Единая Россия” партиясы. Ошонун эле Элдик фронт сыяктуу кийинки ойлоп тапканы. Укканыма караганда кыймылдын ичинде кыргыз бөлүмү деп өзүнчө бөлүп алышыптыр. Кыймылдын координатору Федоров атайын өзүнчө кеңсе бөлүп бериптир. Анан кыргыз бөлүмдү жетектегендер жарандарды чакырып жатышат. Кызыккандар барып аралашууда. Жүрүшкө да ошол кыймылдын астында чыгышты.

Москвада бул биримдиктин жүрүшүнө Улуттук боштондук кыймылынын алдында чыкканы кыргыз бөлүмүнүн биринчи коомдук иш-аракети. Анткен менен мекендештердин арасында "жүрүшкө кокустан кошулуп калдым" дегендер да кездешет.

4-ноябрда Москвада биримдиктин жүрүшү менен биргеликте орус улутчулдарынын “Орус маршы” да өттү. Бирок жылына он миңге чейин улутчулдарды чогулткан бул жүрүшкө быйыл миңге жетпеген адам чыккан. Кремл кийинки жылдары саясатын өзгөртүп, улутчулдарга далысын салып, бийлик менен кызматташкан мекенчилдерди колдой баштаганын эксперттер белгилешет.

Москвадагы Улуттук боштондук кыймылынын митингине катышкан кыргыз мигранттар. 4-ноябрь (Видео социалдык тармактан алынды)
Кремлди жактаган кыргыз мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG