Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Акимов өзүнө кол салууну министрден көрдү


Акимов: Мага кол салуу артында Турганбаев турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00

Акимов: Мага кол салуу артында Турганбаев турат

Сабалган журналист Турат Акимов аны өлтүртүүгө ички иштер министри Мелис Турганбаев буюртма бериши мүмкүн экенин айтып чыкты.

Журналист Турат Акимов ага жасалган кол салуу артында ички иштер министри Мелис Турганбаев өзү турарына 99 пайыз ишенерин билдирди. Ал буга негиз болчу орчундуу маалымат боюнча ортодо сөз болгонун кошумчалады.

Турат Акимов аны жок кылууга дагы бир жолу аракет болсо, андагы жашыруун маалымат ачыкка чыгарын эскертип, анда ал жагдай эл аралык чатактын чыгышына негиз болорун кошумчалады:

- Мелис Токтомамбетович, мен сизге бүгүн кайрылам. Менде сиз абдан корко турган маалымат бар экенин билесиз. Эгер мага, менин үй-бүлөмө, санаалаштарым Максат Мамытканов жана Москвада жашаган Акылбек Апаитовго бир нерсе боло турган болсо, анда сиз менен болгон сүйлөшүүнүн стенограммасы интернеттеги Ютуб каналына жарыяланат. Бул биздин камсыздандыруучу кепилдик. Эгерде мен сизге жеткирейин деп алып кирип, бирок сиз кабинетте туталанып, жинденген ал маалымат жарыялана турган болсо, эл аралык чатак чыгат. Мен сизге эл аралык форматтагы олуттуу материалды алып баргам. Бирок уккуңуз келген жок. Анткени сиз ал маалыматтан аябай корктуңуз.

Эгер мага, менин үй-бүлөмө, санаалаштарыма бир нерсе боло турган болсо, анда сиз менен болгон сүйлөшүүнүн стенограммасы интернеттеги Ютуб каналына жарыяланат.
Турат Акимов

“Деньги и власть” гезитинин баш редактору Турат Акимовго ишембиге караган түнү белгисиз бирөө кол салып, ал олуттуу жараат алып, бирок аман калган. Журналист маалымат жыйында ага кол салуунун себебин айткан менен Мелис Турганбаевге көргөзгөн ал материал эмне жөнүндө экенин ачыктаган жок.

Момбеков: ишти милиция эмес, атайын кызмат иликтесин

Журналисттик маалымат жыйынына коштоп келген КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков бул ишти иликтөөнү милициядан алып, аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшыруу туура болорун белгиледи:

- Журналист Турат Акимовду жалпы Кыргызстан тааныйт. Бул кишиге кол салуу фактысына Ички иштер министрлиги “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогону бул – абсурд. Адамга кол салуу болуп жатса, анын белгилери тергөөгө даана көрүнүп турса, ага кайдыгерлик менен мамиле кылып бир бейбаштык же тартип бузуу катары карашканы өтө өкүнүчтүү. Бул жерде бир мандем бар. Жабырлануучу өзү сурангандай бул ишти кароону милициядан алып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке берүү керек.

Мелис Турганбаев уюштурду дегенин негизсиз билдирүү деп эсептейбиз. Ага эч кандай себеп жок болчу.
Бакыт Сейитов

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Мелис Турганбаевди айыптаган журналисттин билдирүүсүн чындыкка коошпойт деген маалымат таратты. Анткен менен анда 18-январь күнү журналист Турат Акимов менен министр Мелис Турганбаев жолугушканы ырасталып, бирок анда эмне тууралуу сөз болгону белгисиз экени айтылды.

Басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов журналисттин билдирүүсүн негизсиз доомат деп атады:

- Турат Акимовдун ага кол салууну Мелис Турганбаев уюштурду дегенин негизсиз билдирүү деп эсептейбиз. Ага эч кандай себеп жок болчу. Биз бул боюнча сотко да кайрылбайбыз. Биз болгону бул ишти иликтеп, кылмыштын бетин ачып, ага тиешеси бар адамдарды таап туруп, анан жооп беребиз. Менде болгон маалымат боюнча, министр журналист Акимовду анын демилгеси менен кабыл алган. Акимов чет өлкөдөн келген жаран менен министрди кездештирүүнү көздөгөн. Бирок ал адам учак менен Кыргызстандан учуп кеткенине байланыштуу жолугушуу болбой калган.

Жабырланган журналист Турат Акимов ага экинчи ирет кол салуу болушу мүмкүн деген коркунучка байланыштуу президентке кайрылып, андан атайын кызматка анын коопсуздугун камсыздоону тапшырууну өтүндү.

Ошондой эле Турат Акимов “Чоң казат” деген аталыштагы кыймылды жетектеп, быйыл жазда 2010-жылдагы ыңкылаптын 6-жылдыгын татыктуу уюштурууга кол кабыш кылып, өлкө учурда саясий өзгөрүүгө муктаж экенин айтты. Эгерде ага кол салгандар табылбай, абал өзгөрүүсүз калса, анда Турат Акимов чет өлкөдөн саясий башпаанек суроого аргасыз болорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG