Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Жетимиш түскө кубулган "алтын" балык


Жетишим түстүү балык
Жетишим түстүү балык

Америкада териси 70 түстүү балык өстүрүлдү. Нанобөлүкчөлөр зыяндуу бактерияларды жок кылганга пайдаланылат. Кенеп була шыбакты миң жылдык кыларын Индияда сакталган фреска көрсөттү. Медитация бел ооруну дарылаганга көмөктөшөт.

Териси 70 түстүү балык өстүрүлдү

Мындай балык кызыл, көгүлтүр жана жашыл флуорентүү1 белоктор үчүн жооп берчү ген пайдаланып алынган. АКШнын Дьюк университетинин профессору Кен Посс (Ken D. Poss) алдагы генди эмбриондогу тери клеткаларынын түсүнө жооптуу геномго кошкондон кийин айтылган 70тен көп өң пайда болгон. Балыктын терисинин ар бир клеткасында гендин 100гө жакын көчүрмөсү бар. Алардын өңдөргө бөлүнүүсүндө катуу тартип жок. Мисалы, бир клеткада 70 кызыл, 20 жашыл жана 10 көгүлтүр белок болуп калышы этимал.

Генетикалык жактан модификацияланган данио-рерио балыгынын териси Күн желесинин жети түсүнөн башка дагы 63 өңгө ээ. Бул балыктын терисинин өңү организмдеги кээ бир клеткалардын өнүгүүсүн, кыймылын жана алмашуусун байкап турганды мүмкүн кылат. Түстүү балыкты пайдаланып, тери өскөндө жана жараатты дарылаганда клеткалар кандай кыймылдаганына көзөмөл жүргүзсө да болот. (Караңыз: dev.biologist.org)

Нанобөлүкчөлөр бактерияларды жок кылганга пайдаланылат

Плазмонун резонансы бактериялардын термотуруктуулугунан да жогорку температурада аларды ысытканга мүмкүндүк берди. Плазмо резонансы - бул нанобөлүкчөгө каптал жагынан кайсы бир градуста жарык нуру багытталганда анын үстүңкү бетинде пайда болчу өзгөчө электрондук термелүү. Бул учурда нанобөлүкчө нурду өзүнө сиңире да, чоң өлчөмдөгү жылуулукту бөлө да алат. Илимпоздор диаметри 400 нанометр көзөнөктүү алтын дисктерди кабаттап коюп, ортолоруна ичеги-карын бактериясын (Escherichia coli), чыбык формасындагы ысыкка чыдамдуу чөп бактериясын (Оруча аталышы сенная палочка, латынча- Bacillus subtilis) жана эксигуобактериумду (Exiguobacterium) жайгаштырып туруп, нанобөлүкчөлөрдү инфракызыл нур менен 5 секунддан 30 секундга чейин ысытышкан.

Температура бактериянын ысыкка туруктуулугунун өйдөңкү чеги - 200 градустан жогору ысытылган. Ошондо Escherichia coli тобу 5 секундда өлүп тынган; Bacillus subtilis менен Exiguobacterium тобундагы бактериялар 25 секунддан кийин тамам болушкан. Изилдөөчүлөр жаңы ыкма антибиотиктер оңой менен дарылай албаган кесел организм жаратчу ооруларды дарылаганды мүмкүн кылат дешет. Бул эксперимент АКШнын Хюстон университетинде жүргүзүлгөн. (Булагы: Optical materials express)

Кенеп була шыбакты миң жылдык кылат

Индиялык окумуштуулар Махарштра штатындагы Эллора архитектуралык комплекстеги үңкүр-храмдын дубалына тартылган фресканы изилдеген соң ушундай тыянак чыгарышты. 34 храм жана кечилкана V-VIII кылымдарда асканын боорунда базальтты чегип курулган. Диний ырыс-ынтымактын жана гармониянын символу саналган архитектуралык кереметтин түштүк канатында буддизмдин 12 храмы, ортосунда индуизмдин 17 храмы жана түндүк бөлүгүндө жайндардын беш храмы жайгашкан. Тин Тал храмынын дубалындагы сүрөт 1500 жылдай өчпөй сакталган. Фресканын курамы изилденип, ылай менен акиташка кенептин буласы кошулганы аныкталган. “Кенептин чайыры ылай менен акиташты бекем ширештиргенден башка да зыяндуу курт-кумурскаларды качырчу касиетке ээ”, - дейт профессор Милинд М. Сардесаи (Milind M. Sardesai). Кенеп шыбак жылуулукту жакшы сактап, ным менен отко жакшы туруштук берет; боёктун ысын бөлбөйт, табигый үндөрдүн 90 процентине чейин өзүнө сиңирип алат. Кенептин 1500 жыл илгери унутулган алдагы касиеттерин француз илимпоздору бир нече жыл мурда VI кылымдагы курулушту изилдеп жатып табышкан. Азыр кенеп, бетон, цемент аралашкан курулуш материалы хемкрит деп аталат. Ал өз касиетин 600-800 жылдай жоготпойт. Кыргызстандын түштүгүндө дубал бекем болсун үчүн ылайды бышырып жатканда агасаман, тандыр бекем болсун үчүн ылайга жүн кошушат. (Булагы: news.discovery.com).

Медитация бел ооруну дарылаганга көмөктөшөт

Бели ооруган адамдар ыклас коюп медитация кылышса, оорусу азайганын жаңы изилдөө көрсөттү. Бел оорусу бар адамдардын тобу ар бир күнгө рахаттанып жана канаат кылып жашоого үйрөтчү, стрессти азайтуучу, күнүмдүк түйшүктөрдөн алаксытчу жана оор ойлорду качырган сегиз жумалык программадан өтүшкөн.

Изилдөө башталгандан алты айдан кийин медитация жасагандардын кеминде 30 проценти – дары ичип, белин дарылагандарга салыштырганда өздөрүн алда канча жакшы сезип, жеңил кыймылдап, мурдагыдай бели сыздатып оорубай калган. Бир жылдан кийин да ушундай болгон.

«Бизди изилдөөнүн жыйынтыгы кубантты. Себеби, бел оору көпчүлүккө мунөздүү жана аны дарылоо кыйын»,- дейт АКШнын Сиэтл шаарындагы Group Health Research институтунун илимий иштер боюнча жетекчиси Даниэл Черкин (Daniel Cherkin). Ал бирок медитация бардык эле адамдарга жардам бербесин эскерет. Медитация жасаган адамдар бел оорусу бир жылдан соң олуттуу жеңилдеп калганын сезишкени клиникалык жактан да ырасталганын Жон Хопкинс университетинин илимий кызматкерлери Мадхав Гоял (Doctor Madhav Goyal) жана Жениффер Хейфонфэйр (Haythornthwaite) да Livescience.com басылмасына берген интервьюда айтышат.

------------------------------------------

1Флуорен-бул ультра кырмызы нурду багыттаганда флуроресценсияланууга жөндөмдүү түссүз кристаллдар. Флуоресценция телолордун ультра кырмызы же башка нур менен таасир эткенде көгүлтүр өңдү кабыл алчу касиети.

XS
SM
MD
LG