Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Москва: Басмаканадагы өрттөн кыргызстандыктар каза тапты


Москва шаарындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан типографияда чыккан өрттөн он жети адам ажал тапты. Алардын он төртү кыргызстандык кыз-келиндер экени аныкталды.

Ал эми ооруканага үч адам - Калбай кызы Кызбурак, Исраил уулу Уларбек, Кадыржанов Нурмухамед жеткирилген. Алардын абалы оор экени кабарланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москвада кыргызстандыктардын өмүрүн алган өрт кырсыгынын чоо-жайын иликтеп чыгууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен алынган расмий маалыматка ылайык, Москвада бүгүн болгон өрт кырсыгынан каза тапкандардын он төртү кыргызстандыктар болуп чыкты. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана ИИМдин Москвадагы өкүлү азыр окуя болгон жерде орус укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатышат. Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда.

Тилсиз жоодон он жети адамдын өмүрү кыйылды. Анын он алтысы окуя болгон жерде, бирөө ооруканада өзүнө келбей каза тапкан. Үчөө оор абалда реанимацияда жатат.

Кырсык болгон басмаканада иштеген Белек аттуу жигиттин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, окуя таңкы саат сегиздерге жакын болгон.

- Акыркы маалыматта 17 адам ууланып каза болду дешти. Анын ичинен 14 адам кыргызстандык. Булар негизинен кыз-келиндер. 18ге толуп-толо элек кыздар. Арасында кош бойлуу келин да болгон. Азыркы биздеги маалыматтар боюнча өрт таңкы саат 7:50дө биринчи кабатта чыккан. Ал жерде жүк ташуучу лифт болгон. Лифттин шахтасы аркылуу түтүн кыз-келиндер иштеген төртүнчү кабатка көтөрүлгөн. Төртүнчү кабатта цех, анан кийинип-чечинген эки бөлмө болгон. Күндө саат 8де күндүзгү жана түнкү кезек алмашуу болчу. Басмаканада негизинен кыргыздар иштечү, 70 пайызы десек болот го. Айрым маалыматтарда айтылып жаткандай, уктап жатканда ууланган деген сөздөр туура эмес.

Учурда каза тапкандардын аты-жөнү такталууда. Өрттөн 12 адам куткарылган.

Кыргызстандыктар Москвадагы кабарчыбыз Лазат Жаныбек кызына окуя тууралуу айтып беришти:
Москва: өрттөн кыргыз жарандары каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Ал арада Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын жетекчиси Илья Денисов он жети адамдын өмүрүн алган бүгүнкү өрткө электр чырагынын (светильник) жарактан чыкканы себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта өрттүн себептери дээрлик 100 пайызга аныкталып бүтүп калды. Электр чырагынын жарактан чыкканына байланыштуу оңой күйө турган суюктуктар менен кагаздар көп сакталган басмакананын кампасында өрт тутанган. Натыйжада өрт биринчи кабаттан лифттин шахтасы аркылуу бардык имаратка тарап, көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген. Денисов кошумчалагандай, басмакана өрт сигнализациясы менен жабдылган, окуя маалында ал иштеп турган.

"Каза тапкандардын бөлмөсүнө жетүү үчүн куткаруучулар дубалды жана металл шкафтарды бузушту", - деди Денисов.

Москва мэри Сергей Собянин Твиттердеги баракчасына өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, укук коргоо органдары менен биргеликте окуянын чоо-жайы иликтене турганын жазды.

​Бүгүн эртең менен Москванын Алтуфьев шоссесинде жайгашкан 5-үйдө, типографиянын кампасында өрт чыгып, төрт кабаттуу турак жайга тараган. Куткаруучулар ондон ашык адамды чыгарып калууга жетишкен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза тапкандардын баары камалып калганын, куткаруучулар дубалды бузуп киргенин маалымдады.

Өрт чыккан кампа "Печатный экспресс" типографиясына таандык. Азыр окуя боюнча кылмыш иши козголуп, өрттүн себептери аныкталууда.

Быйыл 30-январда да Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып 12 адам каза болгон. Алардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган кыргыздар, дагы экөө өзбек жарандары эле.

XS
SM
MD
LG