Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Обама: Орусия жоголгон даңкын кайтаргысы келет


Барак Обама
Барак Обама

Бириккен Улуттар Уюмунун 71-сессиясы Нью-Йоркто өтүп жатат. Жыйында кызматтык мөөнөтү бүтүп бараткан БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ президенти Барак Обама сөз сүйлөдү.

20-сентябрда башталган саммитке 135 мамлекеттин лидерлери жана министрлери келди.

Бириккен Улуттар Уюмунун 71-саммитин адаттагыдай эле баш катчы Пан Ги Мун ачты. Ал өз сөзүндө беш жылга созулган Сирия согушун токтотууга мезгил жеткенин айтты:

- Сирия жаңжалы далай адамдын өмүрүн алды жана туруксуздукка үрөн себүүдө. Ал жерде аскердик чечим жок. Айрым топтор бейкүнөө адамдарды өлтүрдү, бирок Сирия өкмөтү алардан ашып түштү. Аскерлер кварталдарды бомбалап, туткундарды жырткычтык менен кыйнап жатат, - деди Пан Ги Мун Башар Асаддын режимин айыптап.

Пан Ги Мун
Пан Ги Мун

Баш катчы 19-сентябрда Алеппого бараткан БУУнун гуманитардык кербенин бомбалоону бузукулук катары сынга алды. Кол салгандарды коркоктор, ал эми жардам жеткирип баратып каза тапкандарды баатырлар деп атады.

Айрым маалыматтарга караганда, бомбалоонун айынан кеминде 12 киши өлүп, жүктү тартып бараткан 31 оор машинанын 20га жакыны керектен чыккан. Жардамды коштоп бараткан гуманитардык топ Кызыл жарым ай уюмунун 14 ыктыярчысы набыт кеткенин кабарлаган.

Белгилүү болгондой Пан Ги Мундун БУУну жетектегенине быйыл 10 жыл толду. Ушул жылдын соңунда ал кызматын өткөрүп берет. Баш катчы өзү иштеп турганда аялдарды кызматка көбүрөөк тартканын белгилей кетти:

- Мен иштеп турганда Бириккен Улуттар Уюмуна аялдар кызматка көбүрөөк келди. Мен буга сыймыктанам. Учурда гендердик теңчилик пайда болуп, ал акырындап планетага жайылып жатат. Мен БУУнун жетектөөчү кызматына аялдарды көбүрөөк дайындадым, мен өзүмдүн феминист экениме сыймыктанам, - деди Пан Ги Мун.

"Башкалардын ишине кийлигишүү Орусияга аброй алып келбейт"

Жыйында быйыл президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Барак Обама да сөз сүйлөдү.

- Мен президент катары бул залда акыркы жолу сүйлөп жатам. Ушул сегиз жыл аралыгында биздин ийгилигибиз тууралуу айтууга уруксат бериңиздер. Биз дүйнө экономикасын финансылык кризистин сазына чөгүп кетүүдөн сактап калдык. Биз Ирандын ядролук проблемасын дипломатия менен чече алдык. Биз Куба менен мамиле түзүп, Колумбияга Латын Америкасындагы эң узак согушту токтотууга жардам бердик. Биз демократиялык жол менен келген Мьянманын жаңы лидерин кубаттайбыз.

Обама авторитаризмге караганда демократияга карай жол алда канча жакшы экенин кошумчалады. АКШ президентинин айтымында, бийликти аша чаап пайдаланууга бөгөт коюу үчүн мамлекетте ММК эркин болушу керек.

“Мен Американын мисалы уникалдуу дебейм", - деди Обама. Бирок мурдагы советтик режимде жашаган европалык өлкөлөр азыркы деңгээлине демократия аркылуу жеткенин айтты.

АКШ президенти бир нече мамлекетти эл аралык эрежелерди сактоого, кызматташтыкты глобалдык деңгээлде жакшыртууга чакырды.

Дүйнө коомчулугун ядролук коркунучка кептегени үчүн Түндүк Кореяны сынга алды.

Орусия күч аркылуу “жоголгон даңкын” калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын, коңшунун ишине кийлигишүүнүн кесепети болорун да эскертти.

- Орусия коңшусунун ишине кийлигишүүнү улантса, бул аракети өлкө ичинде гана популярдуу болушу мүмкүн. Улутчулдукка убактылуу дем бериши ыктымал. Бирок мезгилдин өтүшү менен бул жорук Орусиянын беделине доо кетирип, чек араларда кооптуу кырдаалды жаратат, - деди Обама.

Обаманын сөзүн орус делегациясын Нью-Йоркко баштап барган тышкы иштер министри Сергей Лавров угуп отурду.

Ал БУУнун штаб-квартирасына чейин жөө барганын Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Захарованын айтымында, Барак Обаманын кортежи өтүп кеткенче Манхэттен жабык болгон. Лавров тыгын суюлгуча күтпөстөн БУУга чейин жөө баскан.

БУУнун жыйына АКШ президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп да катышып жатканы кабарланды.

Кыргызстандан БУУнун жыйынына тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган топ жөнөп кеткен. Андан тышкары мурдагы президент Роза Отунбаева ЕККУнун азыркы төрагасы, Германия тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен барганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG