Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Курулбаган мектеп, курулай убада


Мектептин жоктугунан боз үйдө окуган балдар, Кара-Суу, Кожокен айылы, 17-февраль, 2016-жыл
Мектептин жоктугунан боз үйдө окуган балдар, Кара-Суу, Кожокен айылы, 17-февраль, 2016-жыл

Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган социалдык объекттердин курулушу кечеңдеп жатат. Быйыл өлкөдө 80 мектеп куруу пландалса, ушул убакытка чейин 31и гана бүткөрүлгөнү белгилүү болду.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Жерүй кенинен түшкөн каражатка 100 мектеп куруларын, бул жаатта кескин өзгөрүү болорун убада кылган эле. Өлкөдө бюджеттин маанилүү бөлүгү жумшалган курулуш жаатындагы мындай абал эмнеден кабар берет? Капиталдык салымдар канчалык натыйжалуу пайдаланылып жатат?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары Самат Бөрүбаев, аталган агенттиктин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков катышты.

"Азаттык": Самат мырза, дүйшөмбүдө өкмөттө социалдык объекттерди, мектептерди куруу боюнча жыйын өттү. Анда быйыл жыл аягына чейин 80 мектепти пайдаланууга берүү пландалса, азыркы күнгө отузу гана бүткөрүлгөнү белгилүү болду. Эмнеге мындай кечеңдөө болуп жатат? Же жыл аягына чейин бүткөрөсүңөрбү?

Мектепке бөлүнгөн акчаны жол "жеди"

Мектепке бөлүнгөн акчаны жол "жеди"

Өкмөт мектептерди курууга бөлгөн каражаттын көп бөлүгүн Балыкчы-Корумду жолуна сарптап жибергени белгилүү болду.

Бөрүбаев: Капиталдык салымдардын жана Жерүй кенин иштетүүнүн эсебинен өлкөдө социалдык объекттердин курулушу жүрүп жатат. Жалпысынан учурда өлкө боюнча 225 мектептин курулушу улантылууда. Анын ичинен 105 мектеп Жерүй кенинин эсебинен курула баштаган. Ал эми капиталдык салымдардын эсебинен 120 мектеп курулат.

Быйыл 225 мектептин ичинен биз 80 мектепти бүтүрүүнү пландаганбыз. Аларды каржылоо графигин Каржы министрлигине бергенбиз. Чындыгында эле бүгүн 29 мектептин курулушу бүттү. Жылдын аягына чейин 51 мектепти пайдаланууга берүүгө аракет кылып жатабыз. Биз берген график боюнча артта калуу бар.

"Азаттык: Кечеңдөөгө эмне себеп болуп жатат?

Бөрүбаев: Буга Каржы министрлиги тарабынан каржылоонун графиктен артта калып жатышы себеп.

"Азаттык: Демек, элге, өлкө жетекчилигине берилген убада аткарылбай калабы?

Нарындагы мектеп курулушу
Нарындагы мектеп курулушу

Бөрүбаев: Биз аларды өз мөөнөтүндө бүткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Дүйшөмбүдө кеңешмеде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Каржы министрлигине мурда каралган каражатты бөлүп берүү боюнча тапшырма берди. Айрым жерлерде курулуш уюмдары өз каражатынан курулушту бүткөрүү аракетин көрүп жатат. Эгер каржылоо маселеси чечилип калса, биз берилген планды аткарууга аракет кылабыз.

"Азаттык: Ишенбай мырза, өлкөдө бюджеттен каржыланган мектептердин өз убагында курулбай жатышы эмнеден кабар берет? Көзөмөлдүн начардыгыбы же кандай себептерди айтса болот?

Кадырбеков: Бул өкмөттүн чабалдыгынан кабар берет. 80 мектеп же 100 мектеп деп бирөө айтса, ал мектептерди куруу боюнча долбоор барбы, же жокпу? Бул белгисиз.

Айрым жерлерде курулуш уюмдары өз каражатынан курулушту бүткөрүү аракетин көрүп жатат.

Бизде "мынча мектеп салабыз" дейт да, ал эми портфелди ачып көрсөң ошонун 30 пайызынын гана долбоору болсо болот, калганы эч нерсе жок эле сөз жүзүндө калган. Баштайбыз деп коюп анан каржысын издеп, долбоорун түзө башташат.

Совет убагында мынча мектеп курат деп планга кирүүдөн мурун керектүү кагаздары бар эки-үч жылдык долбоорлорду карап, сметасын карап, канча акчасы бар экенин карап анан ишти баштачу. Канча каражатты бере ала турганын эсептегенден кийин курулуш жүрчү.

Менин таң калганым, эгемендүү мамлекет болгондон бери эле завод-фабрика же ишкана курсачы. Болгону, мектеп курушат. Бала бакчалар болсо унутулду. Ошого алы жетпейт, өзү пландаштыра албаса, Совет учурундагы тажрыйбаны колдонсо болот эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG