Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Максим Бакиев кызылчанын баасына киришти


18-февралда Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин “Кайыңды кант” жана “Кошой” кант заводдорунун жетекчилери менен жолугушуусу болду. Максим Бакиев "кант кызылчасын сатып алуунун баасын 2500 сомго чейин көтөрүүнү суранам. Бирок кызылчаны сатып алуу баасынын жогорулашы калкка - кантты керектөөчүлөргө таасир этпөөгө тийиш”,- деп билдирди. Өткөн жумада Айыл чарба министрлигинде болгон атайын жыйында кант кызылчасынын баасын көтөрүүнү сунушташкан болчу. Быйыл кант кызылчасын себүүгө кызыккан дыйкандар арбын.

Былтыр Чүйдөгү 5 миң 600 гектар аянтка кызылчанын үрөнү себилген. Бирок кант кызылчасын иштетүүчү ишканалар менен болгон өкмөттүн келишими апрель айында түзүлүп, кызылча май айында кечигип айдалган. Ошол себептүү дыйкандар дагы бир жолу чыгымга учурап, эмгеги күйүп кеткен эле.


- Мен бир нече жылдан бери дыйкандар менен иш алып барам. Былтыр алар кызылчаны айдашты, эски экендигине карабай үрөн алышкан, тилекке каршы көптөрү түшүм ала албай калды. Ал эми бир аз түшүм алгандарын болсо кабыл алуу учурунда туура эмес тартышып, кир үчүн деп да өтө кыйнап коюшканын өздөрү нааразылануу менен белгилеп келе жатышат,- деди Лира Оморова, Кемин аймагынын тургуну.

Быйыл кант кызылчасын айдоого кызыккан дыйкандар өзгөчө Кемин, Панфилов, Ысык- Ата райондорунда арбын деген маалымат бар. Бирок Москва районундагы дыйкандардын көбү кант кызылчасына караганда буудай, беде же төө буурчак айдоо пайдалуураак деп белгилешет.

-Дыйкандардын кызылча айдагандан көңүлү деле калды. Азыр биздин райондо төө бурчак айдайм дегендердин саны өтө көп,-дейт аталган райондун дыйканы Азиз Муратов.

Айтор, Чүйдөгү дыйкандар жаздын келиши менен аянттарына эмне айдай турганын азырынча так айтуу кыйын. Облустук бийлик аймактагы 11 миң гектар аянтка кызылчанын уругу себилет, үрөн дагы былтыркыдай эски болбой Беларусиядан алынып келиниши мүмкүн деп убада кылууда.

Ал эми кызылчаны кабыл алуу баасы эки жумадан бери Айыл чарба министрлигинде чечилбей жатат. Былтыр 1 кг кызылча 2 сом 20 тыйындан гана кабыл алынып, башта айткандай дыйкандардын эмгеги акталбай калган. Ошол себептен быйыл Чүй облустук бийлиги ишкана кожоюндарына кант кызылчасын 2 сом 80 тыйындан кабыл алууну сунуштады. Ишкана жетекчилиги болсо ал суммадан баш тартып, болгону 2 сом 50 тыйындан гана кабыл алабыз деген чечимди кечээ кабар кылышты.

Учурда айыл чарба министри менен Чүй облустук бийлиги кызылчанын сатып алуу баасын 2 сом 60 тыйын кылуу жөнүндө кезектеги сунуш менен “Каинды- Кант”, “Кошой” ишкана кожоюндарына кайрылганын облус башчысынын орун басары Руслан Алыбаев “Азаттыкка” билдирди.

Академик Жамин Акималиевдин пикири боюнча кант кызылчасын айдоо үчүн күздө даярдык көрүү керек болчу. Али күнчө өкмөт менен ишкана ортосунда так келишимдин жоктугу дагы да болсо дыйкандар үчүн терс натыйжага алып келет.

Мындан 15 жыл мурун Чүй аймагы кант кызылчасынын мекени катары эсептелип, жыйылына 40 миң гектардан кем эмес аянтка себилип келген. Андан соң ишканалардын чет өлкөлүктөргө сатылып кетип, Чүйдө такыр кант кызылчасы айдалбай калган жылдар болгон. Мындай терс көрүнүштөрдөн улам бүгүн кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү да өтө начар болуп, дыйкандар да кызылча себүүдөн чочулап турат.

Президенттин катчылыгынын тараткан маалыматы боюнча 18-февралда Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевдин “Кайыңды кант” жана “Кошой” кант заводдорунун жетекчилери менен жумушчу жолугушуусу болду.

Ал Президент Курманбек Бакиевдин Чүй областына жасаган иш сапары учурунда кант кызылчасын өстүргөн айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоонун зарылдыгы, продукциянын бул түрүнө сатып алуу баасын жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү жөнүндө айткандыгын эстетип өттү.

“Кошойдун” башкы директору Дүйшөнкул Матеев кант заводдорунун структурасы жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, ишкананын азыркы чыгымдарына, карызга алган каражаттардын жогорку наркына кызылчаны сатып алуу баасы өскөнү кошул -ташыл болгондо даяр продукциянын наркы өсүп кетүүсү мүмкүн экендигин айтты.

Кант кызылчасынын сатып алуу баасын 2500 сомго чейин көтөрүүнү суранам. Бирок кызылчаны сатып алуу баасынын жогорулашы калкка- кантты керектөөчүлөргө таасир этпөөгө тийиш. Биз сиздерге Өнүктүрүү фондусу аркылуу кыйла жеңил кредиттик каражаттарды алуу жагынан жардам бере алабыз, бул болсо заводдун операциялык чыгымдарын калкка зыяны тийбегендей кылып төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда кызылча өстүрүүчүлөр былтыркы жылга караганда акчаны көбөрөөк алышат,"- деди Максим Бакиев жолугушуу учурунда.

БӨАнын жетекчиси ишканалардын директорлоруна Өнүктүрүү фондусунун алдында кепил боло алуучу коммерциялык банкты тандоону сунуш кылды.

Өнүктүрүү фондусу ишканаларга түздөн-түз кредит бербейт, анткени ал мамлекет ишенип тапшырган акча каражатын натыйжалуу башкарууга милдеттүү. Ошондуктан, күрөөнү камсыздоого байланышкан маселелерди чечүү сиздер тандап алган өнөктөш банктын милдети болот. Бирок Фонд өнүктүрүү кредитин рыноктук баадан кыйла төмөн төлөм менен жана узак мөөнөткө берет,"- деп белгиледи Максим Бакиев.

Ал ишкананы модернизациялоого, ошондой эле фермерлерге кант кызылчасынын акчасын кыска убакытта төлөөгө мүмкүндүк берүүчү суммада жеңилдетилген кредиттерди алууну сунуш кылды:

Фермерлерге өз түшүмүнүн акчасын алуу үчүн бир айдан ашуун күтүүгө туура келет. Балким алардын көбү кант кызылчасын айдоо үчүн кредит алышкан чыгаар. Ошондуктан, алар таман акы, маңдай тер акчаларын өз убагында алышкандары өтө маанилүү. Андан сырткары, ишканалар регионалдык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болсун үчүн заводду жаңы жабдуулар менен камсыз кылып, өндүрүштү кыйла натыйжалуу кылуу керек. Ошондой эле ички рынокту өз продукциябыз менен камсыздап, акырындык менен импортту алмаштырууга өтүү маанилүү. Кант тармагын өнүктүрүү ошондой эле калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул чөйрө социалдык мааниге ээ, анткени, Чүй, Талас областтарынын калкынын көбү кант кызылчасын өстүрүү тармагына иштешет."

Жолугушуунун жыйынтыгында Максим Бакиев кант заводдору түшүм жыйноо учурунда уюштурчу кызылчаны кабыл алуу пункттарында Өнүктүрүү фондусу атайын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо үчүн түзгөн микрокредиттик компаниянын офистерин ачууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG