Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Кыргызстанда 1 миллион 173 миң гектир жер айдалат. Өткөн жылы 97 миң гектир жер айдалбай кысыр калган. Жазгы талаа иштерине даярдык жума күнү парламентте талкууланды.

Кыргызстандын ички дүң продуктунун теңине жакынын түзгөн айыл чарбасына быйыл 2,5 миллиард сом бөлүнүүдө. Анын теңине жакыны дыйкандарга кредитке, калганы айыл чарба техикаларын сатып алууга, башка кем-карчтарын бүтөөгө жумшалат.

Кызылча өстүрөбүз, кант көбөйтөбүз

Өкмөттүн бу жылга өзгөчө үмүт артып атышынын жүйөөлүү дегидей себеби бар. Өткөн жылы айыл чарбасы Кыргызстан экономикасынын азыноолок өсүшүнө, инфляциянын кыйла төмөндөшүнө таасирин тийгизди.

Быйыл өкмөт дыйкандарга өстүргөн түшүмүн кымбат баада сатып алууну уюштурууга убада берүүдө. Өнүгүү фонду “Азия универсал банкы” аркылуу 1 миллиард сом айыл чарба кредитин бөлөрүн билдирүүдө. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов 30 миң гектир жерге кызылча айдатып, анын ар гектиринен болбоду дегенде 200 центнер түшүм алынса, Кыргызстан жылына керектөөчү ак канттын төрттөн бирин өзүбүздө өндүрүү сунушун айтса, Өнүгүү борбордук агенттигинин башчысы Максим Бакиев кант заводдору кызылчанын тоннасын 2,5 миң сомдон сатып ала тургандыгын ырастоодо. Айыл чарба министрлиги “Кыргыз тамекиси” акционердик коому аркылуу тамеки баасын 55 сомго көтөрүлө тургандыгын белгилөөдө.

Анткен менен кызылчага коюлган баа кеткен чыгымды актабасын парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бейшен Абдыразаков белгиледи.

- 1 гектир кызылчаны айдап, себиш үчүн 20 миң сом керек болуп атат. 10 – 15тен алган күндө деле 7 кап болот экен. 2000ден эсептегенде деле 14 миң сомдон болот экен. Ошондо кеткен чыгымы 20 миң сом болуп атса тапкан пайдасы 14 эле миң сом болуп, өзүнүн чыгашасын өзү жаппай калып жатат.

Депутаттын шайлоочулары менен биргелешкен эсеби туура эместигин Кыргызстандын айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев белгилеп, арифметикалык сандардын башкача көрсөткүчүн алдыга жайды.

- Бул жерде сиз айтып аткан 20 миң сом болду деген аз. Биздин эсеп боюнча бүт кеткен чыгымдар 40 миң сомго чыгып жатат. Ошондо 220 центнерден алса 20 тонна болот. Аны 2500 сомго айландырсак 50 миң сом болуп атат. Киреше ар бир гектардан 10 миң сом болуп атат. Эгер сиздин 20 миң менен эсептесек 30 миң болуп атат. Бул анда өтө рентабелдүү болот.

Анан да тапшырылган кызылчанын канттуулугу жогору болсо баасы көтөрүлөрүн И. Айдаралиев баса белгиледи.

Тамеки эгебиз, пахта себебиз

Министр “Кыргызтамеки” акционердик коому быйыл тамеки баасы да кымбаттатып сатып ала тургандыгын депутаттар алдында жарыя кылды. А бирок кымбат баа тамеки алчу компаниянын иши жүрүшпөй жатканын “Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улукбек Ормонов маалымдады.

- Мунун 2 заводу бар азыр болгону. 2 заводу банкрот болуп сатылып кетти. Азыр Кызыл-Кыя менен Өзгөндөгү гана заводдору калды. Өзгөндө элдер тамеки экпей калганына бир канча жыл болду. Эң көп тамеки эккен жер. Дыйкандарыбыздын баары Казакстанда жүрүшөт.

Өнүгүү фондунун “Азия универсал” банкы аркылуу бөлүнчү 1 миллиард сом айыл чарба насыя акчасы 4 айдан 24 айга чейин берилет. Ушундай эле насыя акчаларды “Айыл” банкы да берет. Жылдык үстөк пайызы 22% жеткен насыя акчаны берүү шарттары аркыл экенин банктын директирлер кеңешинин төрайымы Мария Таранчиева ырастады.

- Эгерде уй алам десе аны чоңойтуп, андан музоо алганча – 3 жылга чейин беребиз. Ошондо жарым жылдан кийин төлөй баштайт. Эгерде семиртип сатууга алса анын мөөнөтү бат келет. Анын баары ишке байлануу. Дыйканчылык боюнча өкмөттүн токтомун караганбыз. Эгинди жыйнагандан кийин сатууга убакыт беребиз. Ошондо 9 айдан кийин башталат.

А бирок 1 миллиард сомдук насыя акчаны алууга бардык эле дыйкандардын чама-чаркы туура келе бербейт. Сузак районундагы С. Атабеков айыл өкмөтүндөгү дыйкан Абдыкалык Касымовдун айтуусунда, насыя акчаны көп жер алгандар гана алышка мүмкүнчүлүктөрү бар.

- Кредит беребиз деп атат. Кредитти да күрөөсү жок беришпейт экен. Кечээ мен деле теледен уктум. Айыл чарба министри күрөөсү жок деди эле банктын кожоюну айтты го. “Биз күрөөсү жок бере албайбыз. Күрөөсү жок алып алгандардан биздин күйгөн жерибиз бар. Үй-жайын, мал-мүлкүн коебуз, анан беребиз” деп.

Жыл сайын өкмөт дыйкандарга жардам бере тургандыгын жарыя кылат. Мурда үрөн, күйүүчү-майлоочу майларды түшүм эсебинен насыяга берип келаткан өкмөт быйыл көмөктү насыя акчалай берүүгө киришүүдө. Ал арада Баткенде жаз жарыш башталып, дыйкандар жер айдоого киришти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG