Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

18-февралда парламент депутаттары радиациялык коопсуздук жана ичиле турган суунун тазалыгы жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Кыргызстандагы көпчүлүк айыл-кыштак эли таза сууга жетпей турган чакта кезектеги мыйзамдын эреже-талаптарынын сакталышы кыйын. Буга кошумча радиациялык коркунучтуу аймактарда жашагандарды таза суу менен камсыз кылууга өкмөттүн чама-чаркы жетишпейт.

Бул жерге коюңду жайба, айланайын!

Кыргызстанда уулуу зат калдыктары сакталган жайларды тосуп, иретке келтирүү, ошондой эле ичилчү суунун тазалыгын техникалык жөндөөгө багытталган кош мыйзам долбоору парламентте кызуу талкууну жаратты. Депутат Дамира Ниязалиеванын ырасташынча, Кыргызстанда уулуу зат калдыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзчү карааны калың мекемелердин ишинин натыйжасы көрүнө элек. Коркунучтуу жерлерди казып түстүү темир издеп же ал жерлерди мал жайытына айлантып алгандар толтура.

Мындан эки жыл илгери германиялык адистер Майлы-Суудагы уран калдыктары көмүлгөн жерлерге жакын жашаган айылдар менен шаардыктар ичкен сууну текшерүүгө алып, ал жерлерде дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген 1 литр сууда зыяндуу кошулмалардын өлчөмү 15 микрограмдан ашпашы керектигин ырастаган өлчөмүнөн бир канча эсе көп экенин билдиришкен.

- Бирок биз текшерүүгө алган сууда анын өлчөмү 100-150 микрограмды түздү. Айрымдарында 1000 микрограмдан ашып кеткен учурлар да болду. Бул уран калдыктары сакталган жерден өткөн суулардан чыкты. Биз айла жок ичүүгө болот деген сууда зыяндуу калдыктар 100-150 микрограмга жетет,- дейт германиялык адис Гюнтер Хаген.

370 гектир жерди ээлеген 36 уран, башка уулуу зат калдыктары көмүлгөн коркунучтуу аймактарда жашагандарды таза суу менен камсыз кылуу ишке аша элек. Саламаттык сактоо министринин орунбасары, башкы санитардык дарыгер Сабыржан Абдукаримовдун айтуусунда, коркунучтуу аймактарда жашаган адамдардын арасында оор дартка кабылгандар көп.

- Калктын арасындагы оорулардын саны 1.% - 2 эсеге көп экени байкалып турат.

С.Абдукаримов көпчүлүк уулуу зат калдыктары сакталган жайлар кароосуз калганын, алардын тегерек-четин тосуп, эл киргизбей, коопсуз абалга келтириш үчүн каражат керектигин билдирди.

Сасык жыт, дейби?

Зыяндуу заттар коопсуздугу жайында кеп болгондо парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков четтен күргүштөтүп ташылып келип жаткан буюмдардын зыяндуулугу текшерилбей жатканына токтолду.

- Көз салбайсыздар. Аны кийгенден кийин шыбоо эле эмес, бүт баарынын оорусу жугат болуш керек.

С.Абдукаримов андай кийимдерди токсикологиялык текшерүүдөн өткөрүүчү жалгыз гана лаборатория бардыгын, бирок ал да азырынча иштебей тургандыгын айтуу менен чектелди.

Сууну айтсам бир арман

Расмий маалыматтарга ынансак, Кыргызстандын 30% жакын шаар, айыл-кыштактары таза сууга жете элек. Мындан он жыл илгери 760 айыл-кыштакты эларалык каржы институттарынын көмөгүнө таянып таза суу менен камсыз кылуу аракети башталган. Ал ортодо бөлүнгөн акчасынын кыйласы кымтылып кеткени ачыкка чыгып, долбоордун ишке ашышы бүдөмүк калууда.

Парламенттеги ичүүчү суунун тазалыгына арналган талкууда депутат Нурбүбү Керимова жол боюндагы кафе, ашканалар маселесин көтөрдү.

- Боомдун ичиндеги жанагы кафелер, Чычкандын ичинде кафелер бар жол жээгинде. Ошо суунун сапатын кантип текшересиңер?

С.Абдукаримов: - Ар кандай эле сууну текшерсе болот. Анын баарын алып туруп.

А бирок андай текшерүүлөр жылына төрт жолу гана жүргүзүлөт. Сууну болсо көпчүлүк эл күндө ичет. Баткен облусунун калкы ичкен арык суусун текшерүү төбө чачты тик тургузган көрүнүшкө алып келгенин депутат Ирина Карамушкина белгиледи. С.Абдукаримов жер-жерлерде ичилчү суунун сапаты такай текшерүүдөн өтүп турарын ырастап, быйыл андай иш-чара Жалал-Абад облусунда жүргүзүлөрүн маалымдады.
XS
SM
MD
LG