Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

«Курултай максатына жетти, деп ойлойм»


25-апрелде Аламүдүн капчыгайына кире бериштеги Арашан айылында 3-элдик курултай өттү. «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусу элдик курултайдан даярдалды.

Элдик жыйын катышуучуларынын алдында чыгып сүйлөгөндөр 23-июлга белгиленген президенттик шайлоо, башкаруу системасын жаңылоо зарылдыгы жайында көбүрөөк кеп кылышты. Шайлоодо көпчүлүктүн добушу уурдалып кетиши текейден арзан иш экени айтылды. Жыйынга келгендерден курултай тууралуу пикирин, шайлоонун өтүшүнөн эмитен эле камтама болуп жатышынын жөн жайын, эмнеликтен азыркы бийлик атаандаштары бир эле учурда эки талапкерди бирдей сүрөөнгө алып жатышынын себеп-жөнүн сурадык. Берилген жоопторду чогуу угалы.

Бешкүңгөйлүк карыя, аскер ардагери: - Эл келип аткандан кийин келдим. Согуштун катышуучусумун. Уктук сөздөрүн. Эл шайлайбыз деп жатат. Эл шайласа мен деле шайлайм. Чатак жок. Сөздөрү жакшы, баары эле айтып жатат.

Жоомарт Кадыралиев: - Биздин байыркы ата-бабабыз барктаган, кан-жанына сактап келген деңгээлге бул жыйын чыкпай калды. Себеп дегенде Кудай унутулуп калды, Жер ээси, Теңир унутулуп калды. Ынтымакка көңүл бурулбадыбы. Аны жасаш керек. Негизи башталышы жакшы, бирок түбү кандай болот? Мени ушул ойлонтуп жатат. Ал эми оппозициядан экөө чыкканы менен бирөө колкабыш кылып турчусу гана. Башкалар деле экөө болуп атпайбы. Ж.Назаралиев, А.Айтикеев. Эми алар бара-бара иргелет да. Ал эми шайлоонун өзү Конституцияны бузуу менен өтүп жатпайбы. Эл ойгонуп, акылына келсе үч ай шайлоо даярдыгына жетиштүү эле болот го, деп ойлойм. Эми дембе-дем жакшы иштесе баары калыбына келет. 2006-2007-жылы аянттагы жыйында мен кыргыздарга каны таза адамды шайлап алуу сунушун билдиргем. Көзүн, башын, акылын караш керек. Акыл көздө болот. Муну сынап туруп коюш керек. Эл А.Атамбаев менен И.Исаковду сынай элек. Журт алдында Алмаз тизе бүгүп, чөгөлөп коюшу керек эле. Бул ата-бабанын салты го.

Байыш Табалдиев: - Курултай максатына жетти, деп ойлойм. Чыгып сүйлөгөндөр чындыкты так айтышты. Мен өзү саясатка анча деле аралашкан адам эмесмин. Бирок болгон чындык элге тегиз жетпей жүргөн. Тартынбай ачык сүйлөшүп жатышпайбы. Шайлоого такай катышып жүрөм. Сизден жашырганда эмне ошол К.Бакиевди шайлаганда деле кандай шайланганын, референдум кандай өткөнүн билебиз. Шайлоо таза өтпөсө добуштар урдалып кетет.

Самарбек Байгашкаев: - Айылдан эки жигит ушул курултайга өкүл болуп келдик. Бийликтин азабы элдин кекиртегине чейин жетти чын эле. Шайлоодо дайым алдап кетишет. Мисалы, «Атамекен» партиясы биздин айылда 96% менен өткөн. Бираз чыкканда эле баарын бурмалап, башкача кылып коюшат. Ошондойлор көп болду. А.Акаевдин тушунда деле ошондой болчу. Карапайым калк мүдөөсүн шайлана турган президенттен гана күтүп жатабыз. Айтсаң артыңан аңдуу салышат. Демократиялуу өлкө болсо сөз эркиндигин бериш керек. Биздин сөзүбүздү да бууп коюп жатышат. Эл системанын жаңыланышын каалап турат. Азыр Кыргызстанда эмне гана болбой жатат. Атып жатышат, өлтүрүп, өрттөп - баары болуп жатат.

Талапкерлердин экөө тең таттыктуу жигиттер. Мага И.Исаковдун аскерлерин жаңылоо боюнча көп иштерди жасаганы жагат. Азыр болсо ден соолугу начар балдарды деле кыстап 12 миң сом акча бересиң деп доолап, колунда жок элди жүдөтө башташты. Ансыз деле кедейлердин балдары аскерде кызмат өтөшөт. Байдын чоңдордун балдарына, эмне, Мекенди коргоонун кереги жокпу?

Шераалы Алиев: - Балбан кыргыздын баары бирикти, азамат кыргыздын баары бул жерге келди. Баткен, Көл, Нарындан келишти. Бара-бара бирөөсү чыгат суурулуп. Мен деле шайлоо, референдумдар менен эле келатам. Биздин айылда референдумга 7 киши барып, алар да каршы добуш беришсе болбой эле жыйынтыгын мыкты кылып чыгарып жатышпайбы.

Базарбаев: - Мен эки талапкердин программасын, мүдөөсүн угайын деп келгем. Менин оюмча, ачыгын ачык, так айта алышпай, даана жеткире албай калышты. Булар дагыле болсо так, ачык айта албай жатышат. Элге болсо маалымат жетпей жатат. Бизде атмай, жоготуп коймой көп болуп атпайбы. Ошондон эки лидер чыгып жатат. Эл болсо бийликке ишенбей калды. Мына шайлоодогу бармак белгини алып салышты. Паспортуң жок, айдоочу күбөлүгүң менен деле добуш бере берсең болот. Бир участкадан чыгып, экинчисине барып шайлай бересиң.

Курултай, учурдагы саясий жагдай тууралуу пикирин сурап ушу тапта Көл кылаасында жүргөн белгилүү коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдуразаковду кепке тарттык.

- Негизги күрөш азыркы президент менен оппозициянын атынан чыгып жаткан эки адамдын ортосунда болот. Биз өлкөнүн эң жогорку кызматкерин шайлап жатабыз. Бул мансап үчүн эмес, элдин келечеги үчүн жооп бере турган кызмат. Ошого чыгып жаткан адамдар эң ириде өлкөнү кандай кылып жакшы башкара алабызды ойлонушу керек. Бирок бизде көпчүлүк учурда ал жагы эске алынбай калып келе жатат. Саясатта мындай нерселер да болот. Элдин, өлкөнүн тагдыры маселеси ушундай жыйындарда талкууланышы керек.

XS
SM
MD
LG