Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

С.Жамалдинов: Элдик курултайга катышууну каалагандардын саны көп


"Акыйкат үчүн" кыймылы быйыл жазында да Элдик курултай уюштурган
"Акыйкат үчүн" кыймылы быйыл жазында да Элдик курултай уюштурган

“Асаба” партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов ушул айдын этегине белгиленип жаткан Элдик курултайга байланыштуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Советбек мырза, сиз “Акыйкат үчүн” кыймылы өткөрө турган курултайдын уюштуруу комитетинин мүчөсү эмессизби. Кыймыл 25-ноябрда өткөрөбүз деген курултайын 29-ноябрга которушуна эмне себеп болду?


- Партиялык уюмдардын жер-жерлердеги координаторлору жана мүчөлөрдүн өтүнүчү боюнча курултай шейшемби, 25-ноябрдан ишемби күнгө которулду. Буга курултай иш күнү өткөрүлсө алыскы райондордо иштеген делегаттар келе албай калат деген билдирүүлөрү негиз болду. Курултай эми Кожомкул атындагы спорт сарайында ишемби күнү өтөт.

- Бирок спорт сарайынын жетекчилиги курултай өткөрүүгө шарт жок деп билдирбедиби. Эгер уруксат берилбесе кандай болот, бул туурасында шаар бийлигине маалымат берилдиби?

- Маалыматтар берилди. Бишкек мэриясына, президенттик администрацияга, өкмөт аппаратына, ИИМге расмий каттар жөнөтүлдү. Эми спорт сарайында өткөрүүгө уруксат алганга аракет кылабыз. Анткени азыр суук болуп калды. Ошого байланыштуу курултай жабык жерде өтсө жакшы болот эле. Курултайга 4 миңге жакын делегат келет деп турабыз. Кыймылдагы партиялар ушундай сандагы адамдар келсе болот деген чечим кабыл алып, делегаттарды күтүп жаттык эле. Эгер спорт сарайын бербей турган болсо, анда эски аянтта же Горькийдин эстелигинин жанында, ачык асман алдында өткөрөбүз. Анда катышуучулардын саны 10 миң адамга жетет. Анткени курултайга катышабыз деп суранган адамдардын саны абдан көп болуп жатат.

- Эшикте өткөргөндө тартип коргоо органдары тарабынан тоскоолдуктар болбойбу?

- Макулдашууну алдын-ала сөзсүз түрдө жүргүзөбүз. Биз жиберген расмий каттардын негизинде тартип коргоо органдары коопсуздукту камсыз кылып берүүгө мыйзам боюнча милдеттүү. Андан тышкары кыймылдын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өзүнчө жумушчу тобу бар. Анын курамында 300гө жакын адам бар. Алар коопсуздук камсыз кылуу, тартипти сактоо боюнча иш жүргүзүшөт. Андан тышкары ушундай жыйындарда коопсуздукту камсыз кылуу мамлекеттин тартип коргоо органдарынын түздөн-түз милдети.


- Курултайдын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн келечекте кандай аракеттер көрүлөт? Кыймылдын бул багытта алдыда турган кандай милдеттери бар?


- Курултайда негизинен Кыргызстандын өнүгүү концепциясын кабыл алабыз. Ал гезиттерге жарыяланды жана атайын баракчалар бүт региондорго таратылды. Курултайда мына ушул концепция талкууланып, Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы боюнча пикир алышуулар болот. Анын негизинде резолюция кабыл алып, аны өкмөткө беребиз. Аны аткарууга убакыт да беребиз. Өкмөт аны кандай аткараарына жараша кыймылдын андан кийинки иштери улантылат.


- Өкмөттүн резолюцияны аткаруусуна канча убакыт бересиздер?


- Ал курултайда чечилет. Бирок биздин оюбуз боюнча февраль, март айына чейин убакыт беребиз деген ойдо турабыз.


- "Жаңы Кыргызстан” партиясы азыркы өкмөттү таратып, жаңыча структурадагы өкмөттү түзүү керек деп сунуштады. “Акыйкат үчүн” кыймылы башка партиялар, башка кыймылдардын ушундай сунуштарын курултайда талкуулайбы?


- Башка партиялардын сунуштарын талкуулабайбыз. Бирок жер-жерлерден келген делегаттардын арасынан мындай сунуштар болот деген ойдобуз. Эгер ошондой сунуштар түшсө ошол жерден талкуулап, балким айрым сунуштарды кабыл алабыз.


_Өнүгүү консепсиясын акыйкат үчүн кыймылы даярдап чыгарбадыбы, анда Кыргызстандын өнүгүшүнө шарт түзүп кете турган кандай негизги багыттар болот?


- Негизги багыттары: бийлик структурасын өзгөртүү, негизинен парламенттик бийлик болуп, структураны өзгөртүү каралган. Бул кыймылга кирген бүт партиялардын катышуусу менен даярдалып, талкууланып чыккан консепция.

XS
SM
MD
LG