Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Апта: Президенттин келишин күткөндөр, курултайга даярданган оппозиция...


Оппозиция 2006-жылдын 17-сентябрында Аксыда уюштурган Элдик жыйын

Оппозиция 2006-жылдын 17-сентябрында Аксыда уюштурган Элдик жыйын

Өткөн аптада саясий турмушта бурулуш из калтырган ири окуя болгон жок. Бирок бийлик президенттин жок экендигин билдирбей жардыктарды чыгарып, оппозициячыл эки кыймыл курултайга даярдык көрүүдө.

Апта ичиндеги олуттуу окуялар:

Дүйшөмбүдө жаштар күнү белгиленип, ага арналган конференцияда жаштар саясатынын 2020-жылга чейинки концепциясы талкууланды.

Шейшемби күнү илим күнү белгиленип, окумуштуулар суу, энергетика кризисинен кантип чыгуу жолдорун талкуулашты.

Шаршембиде энергетика министри С.Балкыбеков электр энергиясы үнөмдөлбөсө Кыргызстан февраль айында жарыксыз калаарын эскертти. Президенттин жардыгы менен 5 сот мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду. Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда өтчү курултайдын күн тартибин бекитти.

Бейшемби күнү Айыл чарба министрлиги Кытайдан келген ун курттап кеткендигин билдирди. Социал-демократтар партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Рахатбек Ирсалиев депутаттыктан баш тартты.

Жума күнү КМШдагы Акыйкатчылардын адам укуктарына арналган Бишкектеги конференциясы алардын катышуусуз өтүп, адам укуктарынын абалы кыйындап бараткандыгы айтылды.

Ишембиде Жалал-Абат облусундагы Аксы районунун 80 жылдыгы белгиленди.

Президент Германиядан келсе саясий оюндар күчөйт деп күткөндөр арбын

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев Германиядагы ооруканадан 20-ноябрга чейин кайтаарын президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов дүйшөмбү күнкү жумушчу кеңешмеде билдирди. Мындай кабар президенттин келиши менен өлкөнүн башкаруу чөйрөсүндө бир топ өзгөрүүлөр болот деген күбүң-шыбың сөздү күчөттү.

Быйылкы жазда да Германияга дарыланууга барган президент Бакиев Бишкекке түшөөр замат журналисттердин суроолоруна жооп берип, эл арасына тарап кеткен ар кандай уу-дуу кептерге чекит койгон.


Буга өкмөттүн энергетика тармагындагы кризиске туруштук берүүчү атайын программаны алдын-ала көрө билүүчүк менен түзбөгөндүгү түрткү берет деген көз караш күч алды. Анткени, энергетика тармагында кырдаалды иликтеп, кыйынчылыктан чыгуунун жолун биргелешип издейли деген Жогорку Кеңештеги Социал-демократтардын демилгесин мурда колдобой койгон бийликчил “Ак жол” партиясы ушул жума ичинде Энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбековдун ишин жабык эшик артында талкуулап, өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык эмес деп таап, бул маселе боюнча чара көрүү керек деген кайрылууну “Ак жол” партиясынын саясий кенешине жолдоду. Андан тышкары министрди кызматтан кетирип, жалпы өкмөт кырдаал боюнча жооп берсин дегенге чейин барышты.

“Ак жол” фракциясынын өкүлү Бегалы Наргозуевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, министрдин депутаттардын телефондорунун жанын тындырбаган колдоочуларынын өтүнүчтөрүнө карабай коюлган талап ишке ашып калышы толук мүмкүн:

-Бир чечим чыгаруу өтүнүчү менен “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине кайрылуу жөнөтүлдү. Эгер өкмөт энергетика тармагындагы кризисти жоюу жаатында шаалакылыгын мындан ары да көрсөтө берсе мындай талаптын ишке ашуусу толук мүмкүн.

Анткен менен энергетика боюнча айрым эксперттер министрдин ишин талкуулап отуруудан эч нерсе чыкпайт, себеби камылга көрүү мезгили өттү, кышта жарыксыз калбаш үчүн эми башка мамлекеттерден электр сатып келүүдөн башка арга калган жок деп эскертишти. Алардын бири, энергетик окмуштуу Карыпбек Алымкулов мындай дейт:

- Азыр эми бардык сунуштарды колдонууга убакыт калган жок. Элдин бардыгы анализ жасап, Энергетика министрлигине эмне кылышты элдин өзү айтып жатат. Бирок азыр сатып алгандан башка арга калган жок. Орусияга барып, жүгүнүп атып сатып алыш керек. Казакстан 250 миллион киловатт саат энергия берет деп жатышат. Ал эки айга да жетпейт. Азыр ноябрда эле суук болуп калды, алдыда дагы беш ай турат. Буга Казакстандан алчу 250 миллион киловатт саат тамчы да болбойт. Ошон үчүн Орусия менен сүйлөшүү керек.

Курултайлар кезеги элдин маанайын өзгөртөбү?

Өтүп жаткан жума ичиндеги дагы бир урунттуу окуя - Акыйкат үчүн “ кыймылы курултайын 29-ноябрда өткөрүү чечимине келиши жана ага жай таппай жаткандыгы болду. Кыймылга кирген “Асаба” партиясынын төрагасы Советбек Жамалдиновдун билдирүүсү боюнча, бийлик курултай өткөрүүгө жай бербесе аны эски өкмөт аянтында, же Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүп, ага катышуучулардын саны 10 миңден ашып кетиши мүмкүн.

"Акыйкат үчүн" кыймылы быйыл жазында да Элдик курултай уюштуруп, бийликке бир катар талаптарды койгон.


Ошондо тартип коргоо органдары мыйзамдык милдеттерин аткарып, коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү болот дейт Советбек Жамалдинов:

- Курултайды эски өкмөт аянтында, же Горькийдин эстелигинин жанында, ачык асман алдында өткөрөбүз. Анда катышуучулардын саны 10 миң адамга жетет. Анткени, курултайга катышабыз деп суранган адамдардын саны абдан көп болуп жатат. Биз жиберген расмий каттардын негизинде тартип коргоо органдары коопсуздукту камсыз кылып берүүгө мыйзам боюнча милдеттүү. Ушундай жыйындарда коопсуздукту камсыз кылуу мамлекеттин тартип коргоо органдарынын түздөн-түз милдети.

Ал эми Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрга белгиленген Элдик жыйынды Талас шаарынын четиндеги стадиондо өткөрүп, анда Кыргызстандын саясий-экономикалык абалын талкуулап, кыймылдын жетекчи органдарын кайра шайлаган жатат. Кыймылдын башкы талабы - президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү талабы боюнча кандай чечим кабыл алынаары белгисиз.

Бирок өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү сунуштап жаткан “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчысынын орун басары Марат Кайыпов кыймылдын башкы талабы натуура, азыр президентке тийишпей жалпы өлкөдөгү саясий-экономикалык туруктуулукту түзүүгө аракеттенүү зарыл деген ойдо:


-Эң жакшы алтындан жасалган президентти алып келип койсоңор дагы саясий стабилдүүлүк болбосо мамлекетте өсүп-өнүгүү, ынтымак, биримдик эч убакта болбойт. Ошондуктан биздин максат - мурунку президентке окшоп азыркы президент качып кетпей турган шарт түзүшүбүз керек. Ар дайым эл мамлекет башчысына ишенгендей болуш керек. Президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө каршыбыз. Кайрадан мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрө турган болсок Кыргызстанды баягы эле туруксуз саясатка кириптер кылат, ырк бузулат. Ал эми системаны өзгөртсөк эле абал оңолуп кетет дегенге да каршыбыз. Демократия деген эң биринчи тартип дегенди билдирет. Мамлекеттик тартип жана бийлик күчтүү болсо аны менен эл аралык уюмдар дагы, оппозиция дагы, башка мамлекеттер дагы эсептешет.

Кыргызстандагы көпчүлүк саясат талдоочулар бир топ саясатчылардын башын бириктирген “Акыйкат үчүн” кыймылынын да, президентти кызматтан кетирип, радикалдуу өзгөртүүлөргө барабыз деп жаткан Элдик революциялык кыймылдын да чакырыгын жалпы эл колдоп кетиши арсар деген пикирде.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин баамында, буга жеке кызыкчылыктардан мамлекеттин кызыкчылыгы менен келечегин жогору коюп, жалпы элди ээрчитип кете турган чыгаан саясатчынын али жоктугу башкы себеп:

-Маселенин бардыгы элдин маанайы менен байланыштуу. Эл саясий партиялар менен алардын лидерлерине канчалык деңгээлде ишенет? Бардыгы мына ошого жараша болот. Эгерде эл көтөрүлгөн идеяны колдобосо ал сөз бойдон эле калып калат. Менин оюмча, эл азыр кимге ишенээрин билбей, аябай кыйналып турат. Ал эми лидер ким болоорун мен көрө албай турам.

Ал эми саясат талдоочу Асылбек Жооданбеков курултайларды өткөрүп жаткан саясатчылардын башкы максаты азыр эртелик кылат жана ал 2010-жылга чейин ишке ашпайт дейт:

-Эл дагы, саясий күчтөр дагы азыр Бакиев менен анын командасына чечкиндүү эч кандай таасир көрсөтө албайт. Эл 2010-жылдагы президенттик шайлоого жакшылап камданып, чечкиндүү бир кадамдарга барып, чыныгы элдик лидерди шайлап алышы керек. Ал эми азыр президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү деген демилге ишке ашпайт.

Депутаттыктан баш тартуунун саясий негизи барбы?

Өтүп жаткан жума ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Рахатбек Ирсалиевдин депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Ага удаа парламент чөнтөктүү эл өкүлдөрү Бишкекте турганы үчүн казынадан айына миңдеген акча алуудан баш тартышы керек деген маселени талкуулады. Бул эки окуя коомдо түрдүү пикир жаратты. Талкуудан кийин батири үчүн акча алып жаткан депутаттардын ичинен экөө акчадан өз ыктыяры менен баш тартышты. Бирок көпчүлүгү мындай маселени адам укугун чектөө деп баалашкандай түр көрсөтүштү.

СДПнын былтыркы парламенттик шайлоо алдындагы жарнактарынан


Ал эми Рахатбек Ирсалиевдин депутаттык мандаттан баш тартышында саясий себеп жок деген менен эл арасында бул жалпы парламенттин мыйзам чыгаруу бийлиги катары милдетин өз алдынча аткарбай, президенттин буйругун аткаргандыгынын күзгүсү деген ойлор пайда болду.

Мындай көз караштарды четке каккан Социал-демократтар фракциясынын өкүлү Осмонбек Артыкбаев Ирсалиевдин чечимине фракция ичиндеги катуу талап түрткү болду деп билдирди:

-Рахатбек Ирсалиев жеке чечиминин негизинде мандатынан баш тартты. Себеби Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаттарына талап күчтүү болуп жатат. Аларга өз позицияңарды аныктагыла, парламентке жөн эле келип-кетип жүрө бербей, ар кандай окуялар боюнча көз карашыңарды ачык, так билдиргиле деген маселе коюлуп, депутаттардын алдында же өз көз карашын ачык айтуу керек, же мыйзамдын негизинде партиянын башка мүчөлөрүнө депутаттык орунду бошотуш керек деген тандоо турат. Ошонун негизинде Рахатбек Ирсалиев өзүнүн кесиптик ишин тандап алды.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров бийликке конструктивдүү оппозиция аталган Социал-демократтар партиясынын депутатынын мындай чечимге баруусуна алдыда турган президенттик шайлоо жана ишкерлер арасындагы мүлктү кайра бөлүштүрүү себеп болду дейт:

-Сөзсүз түрдө буга президенттик шайлоого байланыштуу саясий себеп түрткү болду деген ойдомун. Себеп дегенде, Атамбаев президенттик шайлоого катышат деп аларга басым көп жасалып жатат. Саясаттагы адамдар өзүнүн багытын кайра анализдеп жатышат. Ишкерлер да өз бизнесин сактап калуу үчүн депутаттыктан чегинип, башка кадамдарга барып жатат. Анткени, бизнесмендер арасында мүлк менен байлыкты тымызын түрдө кайра бөлүштүрүү жүрүп жатпайбы...

Кытайдын уну жана кыргыз кызматкерлеринин араздашуусу

Өтүп жаткан жума ичинде Кытайдан алынып келген 804 тонна унда адамдын ден соолугуна зыян заттар бар деген имишти Орусиялык окумуштуулардын тастыктаганы да өлкө турмушундагы урунттуу окуялардын бири болду.

Айыл, суу чарба министрлигинин данды жана азык-түлүктү экспертизадан өткөрүү борборунун башчысы Жолон Омкеевдин айтымында, ал ун эми тазалоодон кийин гана пайдаланууга берилиши мүмкүн:

-Кытайдан алынып келген ундан зыяндуу курттардын 8 түрү бар экендиги тастыкталды. Ал эми Айыл, суу чарба министрлигинин адистери текшергенде курттун 11 түрү табылган болчу. Андан тышкары Орусиядан алынган дагы бир текшерүү ун белгисиз заттар жана темирдин калдыктары менен булганган деген жыйынтык чыгарышкан экен. Эми бул унду газ менен тазалап, андан кийин элеп туруп жаңы мүшөктөргө салыш керек. Ошентип курттан тазаласак болот.

Айыл чарбасы боюнча окумуштуу академик Жамин Акималиевдин айтымында, мурда көмүскө калчу мындай окуянын жалпыга маалым болушуна өкмөт алдындагы мекеме жетекчилеринин өз ара араздашуусу жик салды. Андан тышкары бул эки мамлекеттин алакасына көлөкө түшүргөн окуя болгондуктан ага жол берген адамдар сөзсүз жазаланууга тийиш дейт:

-Бул иш Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге абдан катуу доо кетирди. Алар кээ бир гранттарын токтотуп жатышат. Бул ишке катышкан адамдар сөзсүз түрдө жаза алышы керек. Ошондуктан Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүсү зарыл. Адамдын ден соолугуна зыян келтирген азык-түлүк сырттан алынып келип жатса жок дегенде кылмыш иши козголсо мындай иштерди болтурбоого мүмкүнчүлүк ачылат эле.

Коррупцияга каршы күрөшүү соттор менен ректорлордон башталды

Өтүп жаткан жумада Кыргызстандын тарыхында карапайым эл жакшы жышаан деп эсептей турган бир окуя - 5 соттун мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулушу жана Кыргыз Улуттук университети менен Жалал-Абат мамлекеттик университеттеринин ректорлорунун кызматтан алынышы болду. Соттор чектен ашкан аракеттерге барганыүчүн иштен алынса, ректорлор коррупцияга жол бергендиктери үчүн ордун бошотушту.

Бирок “Таза коом” партиясынын тең төрагасы Табылды Акеров муну менен бийликтин коррпуцияга каршы күрөшү күч алды деп айтууга болбойт дейт. Анын баамында, бул бийликтин коомдо мыйзамдуулукту орнотууга аракеттенип жатат деген көз карашты жаратуунун жана президент өлкөдө жок кезде элди саясий акциялардан алаксытуунун бир жолу:

-Президент өлкөдө жок кезде кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жатат, иш жүрүп жатат деген көз карашты жаратуу үчүн ушундай иштер жасалып жатат деген ойдомун. Себеп дегенде, буга чейин деле университеттерде коррупция күч алды, сот системасында да коррупция күчтүү, сотторго эл ишенбей калды деп айтылып келген. Бирок кескин аракеттер болгон эмес. Булар деле президент ишине киришип, саясий абал турукташканга чейин суракка алынып же жазаланып, андан кийин кайра эле унутулуп калышы мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG