Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Т.Сариев: Эл бийликти жек көрүп калды


“Азаттыктын” таңкы маегинде "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев президент К.Бакиевди мамлекетти башкара албай калды, азыркы бийлик дүнүйө топтоо менен гана алек деп сынга алды.

-Темир мырза, Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын видеокайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту деген маалыматтар чыгууда. Башкы прокуратуранын бул кылмыш ишин аягына чейин чыгарбай, токтотуусуна эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Эми бул башынан эле күтүлгөн иш болчу. Мындан артык Башкы прокуратура иш-чара көрө алышпайт. Анткени видеокайрылууда айыпталып жаткан адамдардын фамилиялары президент Курманбек Бакиевдин жакын адамдарыныкы болуп жатпайбы. Ошол үчүн бул ишти ачып, кайра жаап коймок. Башкы прокуратуранын бул ишти аягына чыгарууга кудурети жетпей жаткандыгы дагы ушундан деп ойлойм.

-Сиздер Москвада Клара Кабилова менен жолукканда ал ушул видеокайрылуу менен эле токтоп калаарын айтты беле же анын уландысы да болоорун кыйытты беле?

-Клара Кабилованын айтымында, бир топ мыйзам бузуулар болгон. Өзгөчө былтыр референдум жана Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузууларга жол берилиптир. Ошол боюнча дагы билдирүү жасайм деген сөзүн айткан. Аны качан коомчулукка жаряларын Кабилова өзү гана билет.

-“Акыйкат үчүн” кыймылдын 29-ноябрда уюштуруп жаткан Элдик курултайында Борбордук шайлоо комиссиясынын иши, Жогорку Кеңештин депутаттарынын легитимдүүлүк маселеси дагы көтөрүлөбү?

-Биз бул маселе боюнча буга чейин эле Коомдук парламентте чечим кабыл алганбыз. Анда бүгүнкү парламентти мыйзамсыз деп тапканбыз. Биз былтыр эле “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги оппозициячыл саясатчылардын атынан 18-декабрдагы атайын билдирүүбүздө айтканбыз. Кайрадан бул маселени кароонун кажети деле жок. Анткени парламенттик шайлоонун, референдумдун кандай өткөнү бардыгына маалым. Курултайда эң негизинен бүгүнкү Кыргызстанда түзүлгөн оор кырдаал каралат. Биринчиден азыркы социалдык-саясий акыбалыбыз, экинчиден энергетикалык кризиске кептелип калганыбыз. Анан кечээ күнү атайын өкмөттүн токтому чыкпадыбы энергетика тармагын сатуу боюнча. Мына ушул элдин бирден бир байлыгы болгон энергетика тармагын саттырбай, токтотуп калуу маселеси, Кыргызстандын өнүгүү концепциясы каралат.

-Курултай демекчи, айрым бир маалыматтарда оппозиция элдин ишениминен кетти деп айтылууда. Азыр оппозициянын ар кандай жыйындарды, курултай өткөрүүсүн карапайым калк колдоор бекен?

-Оппозиция элдин ишениминен эмес, бийлик элдин ишениминен кетиптир. Мына мен жер-жерлерде партиялаштарым менен жолугушууларды өткөрүп жүрөм. Кечээ күнү эле Токмоктогу жолугушууда элдер “бул бийликке ишенбей калдык, тез арада кетиш керек”, деп ачык эле айтып жатышат. Ал эми ар түрдүү оппозициялык күчтөрдүн жер-жерлерде кыдырып жүргөнүндө эч кандай карама-каршылык жок. Карап көрсөңөр бардыгы эле азыркы бийликке нааразылыгын айтып атышат. Ал түгүл нааразылыктан ашып, бийликке жек көрүү сезими пайда болуптур. Бирок бирөөлөр үмүт этип жатышат “эртең Бакиев келип таякты алып эле сыйкырчы болуп өзгөртүп жиберет” деп. Ал эми Революциялык кыймыл жана башка оппозициялык топтор ачык эле айтып жатышпайбы Курманбек Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетириш керек деп. Оппозициянын ортосундагы талаш тактикалык жактан эле болуп жатат. Ал эми стратегиялык жактан бардыгы тең эле бийликке нааразылыгын билдирүүдө. Эгерде талдоочулар жакшылап аңдаса бардык оппозициянын иши бир экенин таап чыгат.

-Расмий бийлик айтып жатпайбы пенсия, мугалимдердин, бүджеттик мекемедегилердин айлыгы көбөйтүлдү, айылдагылардын жашоосу жакшырып баратат деп. Сиз элди кыдырганда алардын жашоо-шарты менен тааныша алдыңызбы?

-Түштүктө көмүрдүн баасы бир тоннасы 7-7,5 миң сомго чыкканы тууралуу маалымат айтылып атпайбы. Айлык, пенсия көбөйгөнү менен тамак-аш, азык-түлүк, тейлөө тармагы канчалык кымбаттап кетти. Мына ушундан эле жыйынтык чыгарса болот. Азыр биз абдан кыйын акыбалдабыз. Бирок мен айтып кетишим керек, Кыргызстандын элинин келечеги бар. Эгерде биз таза, ачык бийлик орното турган болсок бул кыйынчылыктарды тез эле жеңип кетебиз. Бирок “балык башынан сасыйт” болуп уурулук, алдамай, коррупция токтобосо бул акыбалдан чыгышыбыз кыйын. Энергетиканын жоктугу дагы ушундан болуп жатат. Бүгүн бизди чөгөлөтүп, караңгы үйгө олтургузуп коюшту тезек тергиле деп. Тезек дагы жок болуп калды. Чындыгында энергетиканы үнөмдүү пайдаланып, уурдаганды токтотсок бизге суу да жетмек, электр энергиясы дагы жетмек.

-Темир мырза, президент Курманбек Бакиев Германияда дарыланууда жүрсө дагы телефон аркылуу бардыгына көзөмөл салып турбадыбы. Ал жакта жүрүп өлкө башчысы бир катар чиновниктердин ишине канагаттанбаганын да билдиргени тууралуу маалымат бар. Эми президенттин келиши менен өкмөттө кадрлык өзгөрүүлөр болобу?

-“Жаңы Кыргызстан” партиясы айтып жатпайбы президент бир-эки адамды алмаштырышы керек деп. А биз айтып атабыз системаны алмаштырыш керек деп. Ал эми Сапарбек Балкыбеков менен Акылбек Жапаровду кызматтан алып коюу менен бүгүнкү бийликтин саясаты өзгөрбөйт. Ошондуктан бийликтин саясатын, жүрөгүн өзгөртүш керек. Бийликтегилердин жүрөгү кыргыз деп, кыргыз эли үчүн согушу керек. Акча деп сокпошу керек. Алардын жүрөгү азыр акча, доллар, байлык деп согуп жатпайбы. Эгерде ушундай болсо биз жашоону өзгөртө албайбыз, өнүгүүнүн ордуна артка кетип, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип алабыз.

- Ал эми оппозициянын башы бирикпейт деген пикирлерге сиздин жообуңуз кандай?

-Оппозициянын башын бириктириштен мурда бийликтин башын бириктирип алалычы. Мынакей президент башкарып турган бийлик бир командада эмес. Ар кимиси ар түрдүү сүйлөп жатат. Ошонун ичинен президент айткан көп маселелер аткарылбай келатпайбы. Мына 1-ноябрдан баштап электр жарыгы өчпөйт дебеди беле. Тескерисинче жарык дагы эле өчүрүлүп жатат. Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз дебеди беле. Азыр ишкерлерди текшерүү эки эсе күчөп кетти. Мына ушуга окшогон маселелер четтен чыгат. Учурда президент тилекке каршы мамлекетти башкара албай калды. Ар кимиси өз билгендерин жасап, анын сөзүн эч ким укпай калды. Ар кимиси өзүнчө эле президент болуп жүрүшөт.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG