Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Эмдиги жылы президенттик шайлоо өтөбү?


Мурунку Конституция менен шайланган президент Курманбек Бакиевдин беш жылдык мөөнөтү эмдиги жылы соңуна чыгат. Мындай пикирин парламент депутаты Иса Өмүркулов 26-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Эл өкүлү талаштуу маселени тактап берүүнү өтүнүп Конституциялык сотко кайрылышы мүмкүн экендигин да бышыктады.

Кыргызстанды экономикалык кризистен кантип алып чыгуунун арга-амалына арналган маалымат жыйынында парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов президент Курманбек Бакиевдин 5 жылдык мөөнөтү эмдиги жылы соңуна чыга тургандыгын маалымдады:

- 2005-жылдан санагыла. 2005-. 2006-, 2007, 2008-,2009-жылы бешке толот. Бул боюнча башка мыйзам жок. Бирок биз мурунку президенттин тарыхын билебиз. Баары каалагандай өзгөрүлүп жатчу эмес беле. Азыр анын баары кайталанып жаткан чакта президентти шайлоо мөөнөтүн өзгөртүп коюшса мен ага таң деле калбайм.

Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Динара Молдошева азыркы иштеп жаткан президенттин кызмат мөөнөтү 2010-жылы аягына чыгат, деген пикирде.

- 2005-жылы июлда президентибизди шайладык. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анан 5 жыл болсо 2010-жылы шайлоо болушу керек. Конституцияга таянышыбыз керек. Ал боюнча шайлоо 2010-жылга туш келип калат.

Динара Молдошеванын айтуусунда, 2005-жылкы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөн. Калган шайлоо мыйзам негизинде 5 жылдык мөөнөттүн аякташына ылайык өтүшү керек.

Иса Өмүркуловдун мамлекет башчысын шайлоо мөөнөтүн так аныктап алуу сунушун колдой тургандыгын билдирген парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов ириде система өзгөрүлүшү зарыл экендигине токтолду.

- Мен шайлоого даярдыктар көрүлүшү керек деп эсептейм. Ошол шайлоонун негизинде азыркы бийликти алмаштыруу зарыл. Бул бийлик канчалык көп отурса ошончолук эл менен өлкөгө эле кыйын болот. Менин оюмча, элдин көбү ага ынанып деле калышты.

Бакыт Бешимов алдагыдай милдетти жүзөгө ашырыш үчүн жалаң оппозиция эмес, коомдун зирек саясий күчтөрү биргелешип аракет көрүшү керектигин белгиледи. Анын пикиринде, өкмөт экономикалык кризистен кантип чыгуунун арга-амалын таба элек. Өкмөттүн бир жетекчини кызматтан алып, ордуна башканы отургузуусу абалды оңдоп ийбейт.

- Бүгүнкү күндө стратегиялык объекттер сатылат деп коюлуп жатат. Буга “Кыргызалтын” кирип жатат. Бул Геология мамлекеттик агенттиктин структуралары. Мындан тышкары “Кыргыз темиржолу” сатууга кетип жатат. Мындан тышкары “Кыргызстан” авиакомпаниясы сатылып жатат,- деп маалымдады Иса Өмүркулов.

И.Өмүркуловдун пикиринде, өкмөттүн энергетикалык, стратегиялык ишканаларды сатууга коюшу туура эмес. Кризистик жагдайдан чыгыш үчүн мамлекеттин экономикалык башкаруудагы ролун жогорулатмайын, коррупцияны ооздуктамайын аракеттен натыйжа чыгышы кыйын.

Айрым байкоочулардын баамында, 29-ноябрга белгиленген курултайда саясий сунуш-талаптардын катарында президенттик шайлоонун мөөнөтү да талкууга түшүшү мүмкүн. Антпесе оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоо 2009-жылы өтүшү керектигин ырастаган билдирүүсүн эмитен жарыя кылышмак эмес.

XS
SM
MD
LG