Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

Ак үйдөгү соңку кадрдык өзгөрүүлөрдү саясий серепчилер президент К.Бакиевдин алдыдагы шайлоого даярдыгы катары баалашса, оппозиция өкүлдөрү өлкө башчысы өз чебин бекемдей баштады деп жатышат.

Медет Садыркулов президенттик администрация башчылыгынан кеткенден кийин азыр коомдун бүйүрүн анын ордуна ким келет жана президенттин мындай аркы саясаты өзгөрөбү деген маселе кызытып турат. Ага вице-премьер министр Элмира Ибраимованын кызматынан өз каалоосу менен баш тартышы менен бийлик өз ичинен ыдырап жатабы деген бүшүркөө кошумча болууда.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов бул окуялар бийлик адамдарынын башын бириктирген жалпы мамлекеттик кызыкчылык жок экендигин далилдейт дейт:

- Президенттин тегерегиндеги абал өтө начар. Иштеш өтө кыйын. Анткени, жалганчылык, ыпластык, бет тырмачылык, пастык жактары абдан көп. Буга чыдаш кыйын. Адам эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылып берейин десе андай мүмкүнчүлүк жок. Ошон үчүн кызматкерлердин көбү кетип жатышат.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев ошон үчүн администрация башчысын президент жеке өзү жалгыз дайындай албайт, ал өзүнө жакын адамдар жактырган адамды алып келип, анын колу менен саясатын жүргүзөт деген пикирде:

- Президенттик администрация башчысы жогорку кызмат. Конституцияга ылайык ал орунга кимди дайындаарды президент өзү кабыл алыш керек. Бирок президент аны чечээрде өзүнүн чөйрөсүндөгү күчтөрдүн сунушун эске алып чечимге барат. Ал орунга келген киши президентке гана эмес анын чөйрөсүнө көз каранды болуп калат. Мыйзам чегиндеги ыйгарым укуктарын аткарбай ошол чөйрө берген буйруктарды аткарып калат.

Президенттик администрация башына кандай адам келсе да президенттин саясатын анын алдында түзүлүп жаткан жаңы катчылык аныктап, кырдаал ошол катчылыкта даярдалган багыт менен өнүгөт деген божомол да күчөп жатат. Анын күчөшүнө катчылыктын курамына президенттин басма сөз кызматы, протокол бөлүмү жана Эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун бириктирилип жатканы күчөтүүдө.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, азыр катчылыктын жобосу иштелип жатат. Жободо аталган кызматтардын мындан аркы тагдыры кандай болуп, кайсынысы кандай милдет аткарары аныкталат.

Бирок ага карабастан саясат талдоочулар жаңы түзүлгөн катчылык эмдиги жылы болчу президенттик шайлоого даярдык көрүүчү өзгөчө орган болуп, ал жерде чет өлкөдөн чакырылган саясий технологдор иштейт деп божомолдой башташты. Ал тууралуу саясат талдоочу Аскар Мамбеталиев мындай дейт:

- Бул катчылык президентти мактаган, жалган маалыматтарды берип кошомат кылган орган болуп калат. Азыр бийлик элден колдоо жок экендигин көрүп турат. Демек, колдоону чет өлкөлөрдөн издей баштайт. Эң ириде Орусиядан, балким Ирандан, же башка мамлекеттерден технологдорду издеп, алардын жардамы менен басып коем деген ой менен иштеши мүмкүн.

Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо:

- Максатын так билбеген учурда тиги уюмду кыскартып, башкасын түзүп ушундай оюндарга барат. Ошондуктан эч кандай эч кандай өзгөрүштөр болбойт,- деп, колунан башкаруу келбей калган бийлик ушундай жаңы мекемелерди түзүү менен алектене берерин белгилейт.

Анткен менен айрым саясат талдоочулар президент бийлигиндеги адамдардын кызматын таштап кетип жаткандыгын жана оппозициянын башкаруу системасын өзгөртүү талабын эске алып, саясатын элге бурбаса кырдаал курчуп кетет деп боолголоп турушат.

Экс-депутат Темир Сариев президент мындай эскертүүлөргө көңүл бура албайт, себеби анын өз алдынча башкаруусуна жол бербеген топ бар, топтун негизги максаты болсо жеке кызыкчылык дейт:

- Алардын эң негизги максаты - бийликти узартуу. Экинчиден, бүгүнкү учурдан пайдаланып, жеке байуу максаты турат. Мындан башка аракет жок. Эгер аракет же логика болгондо президент саясатын былтыр эле түп-тамырынан бери алмаштырмак.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов бийлик күч колдонуу тармагын күчөтүп жатат. Ошого жараша күч органдарын башкарган бирөө келиши мүмкүн,- деп, президенттик администрация башчылыгына күч органын башкарган адам келет, себеби президенттин мындан аркы саясаты күчкө таянуу багытын алат деген ойдо.

XS
SM
MD
LG