Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Ак үйдө орун алмашуулар башталды


Башка кызматка коерун эскертип мамлекет башчы президенттик акимчилик жетекчисин бошотту. Өкмөттүн социалдык тармагына жоопкер вице-премьер-министр жаңыланды.

«Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу кадрдык жүрүштөргө арналмакчы. Ага парламент депутаттары коммунисттер фракциясынын мүчөсү Анаш Сейтказиев, «Ак жол» фракциясынан Бегаалы Наргозуев катышат.

- Оппозиция президент жанындагы кызмат адамдарын кетирүү жөнүндө көптөн бери эле талап кылып келаткан. Анаш мырза, мына ошондой адамдардын бири президент акимчилик башчысы кызматынан кетти. Муну менен кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Анаш Сейтказиев: - Муну эл, оппозиция күтүп жаткан. К.Бакиев М.Садыркуловду 15 күндөн кийин башка кызматка дайындарын айтып жакшы узатып койду. Бул кишинин тажрыйбасын дагы пайдалана турганын айтты. Бул оппозициянын кысымы менен болду дегенге мен ишенбей турам. Бул президенттин, шахматчылар айткандай, кезектеги эле жүрүшү. Аны оппозициянын кысымынан улам алып коюшту деп айтыштан алысмын. Кадрдык өзгөрүүлөр дагы улантат деп ойлойм. Президент өткөн жылдын аягында кимдин кандай иштегенине жараша баасы бериле турганын министрлерге эскерткен. Өкмөттүн жакынкы күндөрдө отчетун угуп жатканыбызда биз да айрым жетекчилердин ишине начар баа берип коюшубуз мүмкүн.

- Бегаалы мырза, М.Садыркуловдун кызматтан алынышына оппозициянын таасири тийген жокпу?

Бегаалы Наргозуев: - Мен деле оппозиция кысымынан улам кызматтан алынды дегенден алысмын. Бул киши дагы өсүшү керек. Анын үстүнө бир орунда 2,5 жылдай отуруп калды. М.Садыркулов мыкты саясий технолог, уюштургуч катары өзүн көрсөтө алды. Бул кезектеги саясий жүрүш алдындагы убактылуу тайм-аут гана. Анын тажрыйбасын президент дагы пайдаланат болуш керек, деп ойлоп турам. Анан кадрдык өзгөрүүлөр дагы улантылат. Президент өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бир чечимдерге келет болуш керек. Жакынкы күндөрдө өтө чоң өзгөрүүлөр болот го деп ойлойм. Кан алмашып туруу керектүү нерсе.

- Анаш мырза, М.Садыркуловду оппозицияга кысым көрсөткөндөрдүн анабашында жүргөн киши катары сыпаттап келатышат. Мындан келди бийлик оппозицияга кысым көрсөтүүнү токтотуу, ымалага келүү аракетинде ушундай кадамга барган жокпу?

Анаш Сейтказиев: - Негизи маселени мындай коюш туура эмес. Бу кишинин тажрыйбасын эске алышты окшойт. 2006-2007-жылкы чыккан оппозициянын каршылык кыймылдарында тил табышууга жараган киши керек болчу. Мына бүгүнкү күндө парламентте көпчүлүктү түзгөн “Акжол” партиясынын отурушуна да бул кишинин салымы бар. Оппозиция жазды күтүп, даярданып жатпайбы. Биз деле алар менен сүйлөшүп, “араңарда лидер болчу ким” деп сурап, бирок алардын арасынан андай күчтү көрө албай жатабыз. Биз деле конструктивдүү оппозициябыз. Жакында биз өкмөттүн отчетун угабыз. Ишин жакшы аткара албай жаткан тармак жетекчилери бар. Ошондой жерлерге бул кишинин президент пайдаланат го деп ойлойм.

- Бегаалы мырза, оппозиция бийликке жазга чейин убакыт берип, саясий системаны өзгөртүүнү талап кылууда. М.Садыркуловдун кызматтан алынышы бийликтин ыкка келүүгө жасаган кадамы эмеспи?

Бегаалы Наргозуев: - Саясий системаны өзгөртүү дегенде бир жагдайды эстен чыгарбаш керек. Парламент жалаң партиялык тизме боюнча болсун деп оппозиция канча жылдар күрөшүп келди. Парламентке бир округдан шайлоо болсо бийликке кошомат кылгандар келет дечүбүз. Эми партиялык тизме боюнча шайлоо өткөндөн кийин күрөш башкача багытта жүрө баштады. Эми М.Садыркуловду кандай кызматка койсо деле анын бийликтин жогорку тепкичиндеги таасири кала берет. Кызматта ким тургандыгынан деле көп нерсе билинет. Мисалы, А.Акаевдин тушунда пресс-катчы деген күчтүү фигура эле. Анан жаңы түзүлгөндөн кийин коррупцияны алдын-алуу агенттигинин аты чыгып турду. Эгер ал жерге Өмүрбек Субаналиев – “Каттани” сындуу жетекчи келсе дагы күчөмөк. Коррупционерлердин кадеми катырылмак.

- Анаш мырза, президент алдында катчылык түзүлдү. Бул президенттик акимчиликтин таасирин азайтуунун аракети эмеспи?

Анаш Сейтказиев: - Бул президентке жер-жерлердеги маалыматтар президентке толук жетпей калгандан улам түзүлгөнбү деп ойлоп жатам. Анын жетекчилигине журналисттин, Оксана Малеванаянын дайындалышы ушундай максатта түзүлдүбү деген ойго “жем таштайт”. Мына азыр 45 адамдан турган коомдук кеңеш уюшулуп жатат.

- Бегаалы мырза, президент алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институту кайра түзүлүп, жетекчиси кызматтан алынды. Мунун артында кандай саясий максат-мүдөө бар?

Бегаалы Наргозуев: - Бул өзү башынан эле бизде, дүйнөдө болуп жаткан окуяларга баа берип, аларды талдап, учурунда президентке билдирип туруу үчүн түзүлгөн институт. Анан эми жаңы саясий технологияларды издөө, жаңыча шартка ылайык иштөө үчүн жасалып жаткан аракет болуш керек, деп ойлойм.

- Анаш мырза, кийинки кездери Кыргызстан демократиядан четтеп кеткени тууралуу көп айтыла баштады. Сиздин пикириңиз.

Анаш Сейтказиев: - Бизде демократия ашып-ташып аткан мезгили. Ошол эле гезитке, теле-радиого, маалымат каражаттарына такталган, аныкталган кабарларды жазышса. Эл маалымат каражаттарына ишенип калган. Азыр ошол такталбаган маалыматтардын көптүгүнөн дүрбөлөңдөр арбын чыгып жатат. Илгери социализм учурунда сын материал жарыялангандан кийин ага сөзсүз жооп берилчү. Азыр жазылып жатат, бирок чара көрүлбөй жатат. Бир мисал, С.Балкыбеков жөнүндө канча сөз болду. Аны президент бир кызматтан экинчисине которуп койду. Жыйынтык болгон жок. Жоопко тартылса жетекчи ойлонуп калат эле.

- Бегаалы мырза, сизге деле ошол суроо.

Бегаалы Наргозуев: - Демократия узакка созулчу процесс. Биз ушуну түшүнүшүбүз керек. Биз аны ак жана кара деп гана көрүп атпайбызбы. Бийликти уксаң демократия гүлдөп атат, оппозицияны уксаң баары тескерисинче. Мен экөөнө тең кошулбайм. Бийликти деле түшүнүп турам. Ал мурунку тажрыйбаларды эске алып, маалымат урушунан жеңилип калганын эске алып, алдын-ала аракеттерди жасап жатат. Антсе да эркин сөздүн келечеги мени да абдан түйшөлтөт. Демократия өлдү же жыргап кеттик деген жыйынтык чыгарылбашы керек.

- Анда эмесе сөзүбүздү жыйынтыктасак. Мырзалар, ишиңиздерге ийгилик болсун!

XS
SM
MD
LG