Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Барак Обамадан дүйнө эли эмне күтөт?


Бүгүн АКШнын жаңы президенти Барак Обама ант берип, кызматына киришет. АКШнын тарыхында биринчи ирет өңү кара президенттин тактыга келиши менен дүйнө эли ага экономикада өсүштөр, жакшы жышаандар болот деп үмүт артып турушат.

Дүйнө элиндей эле кыргыз коомчулугу АКШнын жаңы президенти Барак Обама бул мамлекеттин эл аралык саясатын өзгөртүп, дүйнөлүк кризисти ооздуктоого алат деген үмүттө турушат. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевдин баамында мындай үмүттү АКШдагы акыркы саясат жана кырдаал жаратты:

-Барак Обама менен жалгыз эле АКШ эмес дүйнө эли жакшы үмүттөрүн байланыштырып жатат. Себеби бардык мамлекеттер глобалдык саясатта да, дүйнө экономикасында чоң кризиске чалынып отурган мезгил. Америка дүйнөдөгү бирден-бир таасири күчтүү, куралдуу күчтөрү боюнча биринчи орунда турган өлкө катары анын жаңы президенти Барак Обаманын көз карашы, программасы жана иштешем деп жаткан командасына карап дүйнөдө экономикалык туруктуулук орнойт, саясатта жаңы мамилелер түзүлөт деген үмүт бар.

Ал эми “Замандаш” ассоциациясынын мүчөсү Жума Абдуллаев Обама андай үмүттү өзү жалгыз актай албайт деп, себеби төмөнкүчө түшүндүрдү:

-Жалгыз өзүнүн күчү жетпейт. Ага дүйнөдөгү кризис, дүйнөдөгү уюлдардын карама-каршылыгы күчөп баратканы таасир берет. Бирок карама-каршылык азаят деген үмүт бар. Маселен бизге тиешелүү жагын алсак, “Манастагы” авиабазасы тургандан кийин Орусиянын коколоосу азаяр деген ойдомун. Анткени бизге АКШнын авиабазасы да, Орусиянын Канттагы базасы дагы керек.

“Асаба” партиясынын төрагасы Советбек Жамалдинов болсо Обама мурдагы президент Жорж Буштун согушчул саясатынан баш тартат деген үмүт артып турганын билдирди:

-Обаманын келиши менен согуштар токтолуп, тынчтыкка көбүрөк көңүл бурулат деген ойдомун. Анткени Республикачылар бийликке келгенде дайыма согуштар башталып, күч колдонуу болот. Ал эми Демократтар бийлеген учурда дайыма экономика менен тынчтыкка көбүрөөк көңүл бурушчу. Бул жолу да ушундай болот го деген үмүттөмүн.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков дүйнө экономикасына чоң таасир берген өлкө катары жаңы президент экономикалык тышкы саясатын өзгөртүүгө милдеттүү экендигин белгиледи:

-Анткени дүйнөлүк экономикадагы аябай чоң кризистин башаты ошол Америка болуп жатпайбы. Андыктан акчасын согуш жакка, маселен Иран, Ирак, Ооганстанга коротпой өздөрүнүн экономикасына жумшашы керек. Анын үстүнө Барак Обама экономикалык аябай оор акыбалда президент болуп калды. Американы мурдагы деңгээлине жеткириш үчүн бери дегенде 10-15 жыл керек.

Ал эми Кыргызстандагы эл аралык университеттин ректору, академик Асылбек Айдаралиев Обаманын убадаларын аткаруусун бир аз аңдагандан кийин пикир айтуу жөндүү деген ойдо экен:

-Бир-эки ай иштесин, анан көрөбүз. Кырдаал аябай кыйын, анткени өзү буга чейин экономика боюнча иштеген эмес. Сөзү көп, аны эми кантип аткарарын ким билет...Көрөбүз, азыр кыйын...

Кыргыз улуттук косерваториянын ректору, композитор Муратбек Бегалиев болсо Обаманын буга чейинки тажрыйбасы эл аралык саясат талдоочулар Линкольн, Рузвельтке салыштыра баа берип жаткандай үмүттү актайт деген ишенимде:

-Америка аябай чоң мамлекет. Ошон үчүн анын иаасир бардык мамлекеттерге тиет. Ал эми жаңы президенти бөлөк президенттерге окшобогон президент. Ал абдан жакшы президент болуп бериш керек, анткени анын буга чейин баскан изи, тажрыйбасы жакшы экен. Мындан кийин Американы туура жолго салат деген ойдомун. Акыркы кезде дүйнөдө, анын ичинде Израилде көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мына ошондой карама-каршылыктарды жөнгө салып, бүткүл дүйнөлүк масштабда жакшы саясат жүргүзөт деген үмүтүм бар.

“Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу болсо Барак Обама тышкы саясатын кескин өзгөртүп, жарды мамлекеттерге көз кырын салат деген ойдо:

-Американы мурдагы аброй-беделине кайра алып келип туруп, Кыргызстанга окшогон жарды мамлекеттерге жардам берет деген ойдомун. Анткени ал талапкерлик программасында жалаң тынчтык жана жалпы адамзаттын бакты-таалайы тууралуу көп айтты.Абдан ыймандуу инсан экендиги көрүнүп турат жана бардык согуштарды токтотом деп жатат. Ошон үчүн аны аткарат деп ишенем. Экинчиден, Кыргызстандагы авиабазасын алып кетип, оң таасир берет деп турам. Себеби Кыргызстан кичинекей мамлекет болгон менен Кытай,Орусия жана АКШнын кызыкчылыктары кайчылашып турат.

Кыргызстан киноматографисттер бирикмесинин төрагасы Таалай Бапанов Обама эң ириде өз командасындагы карама-каршылыктарга туруштук бериши абзел деген пикирде:

-Барак Обама командасын жалгыз өзү түзгөн жок. Хилари Клинтон мындан бир-эки ай мурун эле анын атаандашы болгон жана командада анын кишилери да бар. Ошон үчүн команданын ичинде карама-каршылыктар болушу мүмкүн. Андан тышкары Америка мурдагы чоң муштум саясатынан кайра тартпаса эч бир жакшы натыйжа бербейт.


XS
SM
MD
LG