Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Ордо Кеңеш алгачкы жыйынын өткөрдү


Бүгүн Ордо Кеңеш алгачкы уюштуруу жыйынын өткөрүп, жетекчилерин шайлады. Жарандык коом өкүлдөрү бул кеңеш бийликтин буйругун аткарган кол бала кеңеш болот дешсе, кеңеш мүчөлөрү бийлик менен элдин ортосун туташтырган көпүрө болот деген ишенимде.

Жыйынга Коомдук Ордо кеңештин бардык 45 мүчөсү катышып, күн тартибине бир маселе - төрага менен анын орун басарын жана жооптуу катчысын шайлап, регламенти менен жобосун бекитүү маселеси коюлду.

Жыйынды ачкан Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол кеңеш түзүү боюнча өзү жетектеген уюштуруу тобуна кеңешке мүчөлүккө жарамдуу деп 300дөн ашуун талапкер сунушталгандыгын жана алардын ичинен татыктуу 45 инсанды тандап алуу кыйынга тургандыгын билдирди:

-Үч жүз адамдын ар бирин бир канча жолудан электен өткөрдүк. Талаш-тартыш көп болду. Андай учурда биз добуш берүү жолу менен чечимге келдик. Силердин араңыздарда абройлуу аксакалдар, жалындаган жаштар, аялзатынын эң көрүнүктүү лидерлери жана ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар.

Андан тышкары коомдук орган катары биринчи ирет түзүлүп жаткан кеңештин башкы милдети бийлик бутактары менен элдин ортосунда көпүрө болуу экендигин белгиледи.

Кеңештин мүчөлөрү көп тартышпастан Чүй облусунун мурдагы губернатору Кубанычбек Сыйдановду төрагалыкка жактырып, орун басарлыкка Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышеваны, жооптуу катчылыкка “Эковей” аттуу уюмдун жетекчиси Евгений Гарьковецти бир добуштан шайлашты. Мында жетекчиликке жаштарды да тарткыла деген Үсөн Сыдыков менен “Элиме” коомдук уюм жетекчиси Жаркынбек Касымбековдун сунушуна караганда гендердик теңдик менен башка улуттардын кызыкчылыгы эске алынды.

Төрагалыкка шайланган Кубанычбек Сыйданов алдыдагы милдеттер тууралуу буларга токтолду:

- Бул Коомдук ордо кеңеш элдик коом. Эл менен президенттин, эл менен мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик органдарын ортосун байланыштыра турган коомдук орган болуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет түзүлүп жатат. Бул кеңешип, сунуш бере турган орган. Ошондуктан биздин алдыда турган милдет - элдин оюн президентке, мамлекеттик бийлик бутактарына жеткирип туруу. Биз ошол милдетти туура аткара турган болсок өз ишибизди аткарган болобуз.

Ордо Кеңеш түзүү идеясы пайда болгондо эле Акаевдин доорундагы дүжүр чалдар деген ат алган адамдар чогулган топторго жана Путиндин коомдук палатасына окшоштурушуп, каршылыгын билдирген жарандык коомдун өкүлдөрү мындай билдирүүлөрдү дароо сынга алышып, ишеним артышпасын билдиришүүдө.

“Жарандык коом жана демокартия үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова кеңеш мындай милдети менен тескерисинче элди мамлекеттен алыстатып, бюрократиялык тоскоолдуктарды көбөйтөт деген ойдо:

-Эмне үчүн биз атайын көпүрө түзүшүбүз керек? Бийликтин бизге жакын болуусуна көпүрөнүн кереги жок. Жөн эле көңүл бөлсүн. Биз бийликке түз эле кайрыла алабыз. Анан ал үчүн эми дагы бир кеңеш түзүүнүн зарылдыгы жок. Андай кеңеш - Жогорку Кеңеш деген бар. Башканын кереги жок. Ошон үчүн бул кеңештин ролу жана аткара турган милдети кандай болору түшүнүксүз.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Кадырбек Жакыпов президенттин жардыгы менен дайындалган кеңештен үмүт этпөө керек дейт:

- Коомдук палатанын мүчөлөрү дайындалган да, ошон үчүн ага эч кандай ишенич жок.

Кеңешке Коммунисттер партиясынан мүчө болгон коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев мындай ойлорго макул эмес. Анын баамында, кеңештин бийликтин кол бала болуусуна аттуу-баштуу мүчөлөрү жол бербейт:

- Ар ким ар кандай ойлорду айтып жатат. Ал туура, бирок тутумун карап көргүлөчү, көпчүлүгү өз оюнан кайра тартпагандар. Маселен, төрагалыкка шайланган Сыйдановду көптөн бери билем. Ал жигит эл үчүн иштеген адам. Кокустан эле айрымдары жолдон тайып кетпесе, бул элди биримдикке алып келе турган кеңеш. Айрыкча эл арасында болуп жаткан маанайды бийликке жеткириш керек. Анткени кийинки кезде кичине эле сын болсо оппозиция деп, бийликтегилер аны туура кабыл албай жатат. Эми биз бул оппозицияныкы эмес, элдин сөзү деп айтышыбыз керек. Эгерде ошону айта алсак, кеңеш өз милдетин аткарган болот. Эгер аны ачык айта албасак, анда жарым же бир жылдан кийин тарашыбыз керек. Кеп мына ошондо.

Кеңештин жаш мүчөсү Жаркынбек Касымбеков болсо кеңештин ишинин натыйжасы андагы жаштар менен тажрыйбалуу адамдардын тил табыша билишине жана ар бир мүчөсүнүн принципиалдуулугуна жараша болорун белгиледи:

- Эки жипке байланган асма тар көпүрө болобу, же оор жүк көтөрө ала турган чың көпүрө болобу, ал коомдук кеңештин мүчөлөрүнө байланыштуу болот. Ошон үчүн эки лагер биригип, ынтымакта иштесе натыйжасы жакшы болот.

Ордо Кеңеш эми регламенти жана мүчөлөрүнүн этикасы жөнүндөгү жобону кабыл алгандан кийин комиссия менен комитеттерди түзүп, ишке кирише турган болду.

XS
SM
MD
LG