Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:40

Социал-демократ депутат Асылбек Жээнбеков президенттик шайлоо өткөрүү мөөнөтүн тактап берүү талабы менен Конституциялык Сотко арыз берди. Депутат мындай чечимге өз каалоосу менен баргандыгын билдирген менен анын артында бийликтин каалоосуна шарт түзүү аракети турат деген пикир коомдо күч.

Депутат Асылбек Жээнбеков Конституциялык Сотко арызды мурда айтылып келгендей фракциянын атынан эмес жеке өзүнүн атынан берип, анда Конституциянын президентти шайлоо жөнүндөгү 44-беренесинин 2-абзацынын 2-бөлүмүндөгү жобого ылайыктап, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактап берүүнү өтүндү.

Жээнбековдун айтымында, ага төмөнкү жагдай себеп болду:

-Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Эгер ушундай эсептей турган болсок 2010-жылдын октярында президенттик мөөнөт алтынчы жылга аяк басып кетип жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө соттон так жооп алышыбыз керек.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, Конституциялык Сот депутаттын арызын 3 айдан 6 айга чейинки мезгил ичинде карап, жообун бериш керек. Эгер жоопту 3 айдын ичинде бере турган болсо шайлоону быйыл октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүүнү төрт ай мурун жарыялоого шарт түзүлөт. Мына ушундан улам Асылбек Жээнбеков президент Курманбек Бакиев Орусиядан сурап жаткан 300 миллион долларды шайлоого жумшап, оппозицияны жана президенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан башка күчтөрдү үлгүртпөй жеңишке жетүүсү үчүн сүйлөшүүгө барган деген пикир дароо пайда болду.

Андан тышкары парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын ичинде ыдыроо башталды жана партия депутатты кайра чакыртып алышы мүмкүн деген божомолдор да айтыла баштады.

Депутат Асылбек Жээнбеков өзү мындай ойлорго негиз жоктугун билдирди:

-Бизде ыркыбыз жакшы эле. Биздин партияда демократиялык принцип күчтүү жана ар бирибиздин жеке пикирибиз бар. Мен партиянын башкы багытына эч кандай карама-каршылык келтирдим деп ойлобойм. Мен тескерисинче партия менен фракцияга аброй алып келейин деп арыз бердим. Партиялык тизме менен парламентке келген партия өз депутатын чакырып алат. Бирок депутаттыктан чакырып алат деп коркпош керек. Эгер мен чакырып алат деп чочусам арыз бербейт элем.

Парламенттеги фракция жетекчиси Бакыт Бешимов бардык маселе жана жагдайлар боюнча ар бир депутат жеке чечим кабыл алууга укуктуу жана андай чечимдер сыйланат деп билдирди. Анын айтымында, Асылбек Жээнбековду партия кайра чакырып алууга да азырынча себеп жок, бирок фракция жакын арадагы жыйынында бул маселени талкуулайт:

-Менимче ага тиешелүү себеп жок. Эмне үчүн дегенде, депутаттын тиешелүү органдарга кандайдыр бир суроолор менен кайрылганга укугу бар. Бирок депутаттар шайлоочулар менен жолугушуудан келгенден кийин эмки жумада бул маселени фракцияда сөзсүз талкуулайбыз. Анда кандай ойго келерибизди мен азырынча айта албайм.

Бакыт Бешимов Асылбек Жээнбеков бийлик менен өз ара сүйлөшүүнүн негизинде ушундай кадамга барды деген божомолго да негиз жок деген ишенимде экендигин айтат:

- Ал мен бийлик менен эч сүйлөшкөн жокмун, президенттик шайлоо качан болорун Конституциялык Сот аркылуу тактап алуу максаты менен гана бердим деп түшүндүрүп берди.

Анткен менен саясат талдоочулар мындай аракеттер менен Кыргызстанда президенттик шайлоого даярдыктар күчөдү деген бүтүмгө келип жатышат.

Ал тууралуу саясат талдоочу Орозбек Молдалиев буларга токтолду:

- Президент өзү маалымат жыйынында Конституциялык Сот кандай чечсе ошого макулмун деп айтпады беле. Ошон үчүн илгерки эле Акаевдин убагындагы кырдаал кайталанганы турат. Конституциялык Сот шартка жараша чечим чыгарып бергенге мүмкүнчүлүгү бар. Бирок даярдык көрүлө баштагандыгынын белгилери көрүнүп турат. Уюштуруу маселелерин эле карап көрсөк, Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту стратегиялык анализдөө институту болуп кайра түзүлдү. Катчылык деген орган пайда болду. Ушул органдарга келген адамдардын кесипкөйлүгүн жана кадрларды алмаштырууну иликтесек, мунун бардыгы шайлоого даярдыктын белгиси болуп эсептелет.

Ал эми оппозициянын өкүлдөрү эгер Конституциялык Сот президенттик шайлоо быйыл күздө болот деген чечим кабыл алса оппозиция ага катышууга чамасы жетпей калат деген божомолго негиз жок деген бекем ишенимде.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотоновдун айтымында, оппозиция кайсы учур болсо да ага даяр жана өз талапкерин жарышка салууга жарамдуу:

-Эгер президенттик шайлоо быйыл болуп кетсе, же 2010-жылы болсо деле оппозиция биригип, бир же эки талапкерди алып чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн быйыл шашылыш шайлоо болсо оппозициянын даяр болбой калат деген пикирге негиз жок. Оппозиция азыр күчтүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG