Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Оппозициянын Кыргызстанды кыйынчылыктан чыгаруу программасы бар


Жогорку Кеңештин депутаты И.Өмүркулов президент К.Бакиев оппозиция менен сүйлөшө турган болсо, алар Кыргызстанды кыйынчылыктан алып чыгууга жол ача турган конструктивдүү программа сунуштай ала тургандыгын “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди: "Бийлик конструктивдүү чечимдерге барса, экономикалык кырдаалды жана энергетикадагы кризисти чечүү жолдору сунушталат".

“Азаттык”: -Иса мырза, президент Курманбек Бакиев БИ-БИ-СИ радиосуна берген интервьюсунда оппозиция менен сүйлөшүүгө даярмын, аны даярдоого катчылыкка тапшырма бердим деп билдирди. Оппозиция ага даярбы жана сүйлөшүүдө оппозиция кандай маселени көтөрөт?

И.Өмүркулов:- Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу бул маселе боюнча чечим кабыл алган. Жолугууга даярбыз. Күн тартибине эки маселе коюлат. Анын бири Кыргызстандагы жалпы саясий кырдаал, экинчиси саясий куугунтукту токтотуу талабы.

“Азаттык”:- Ал эми кечээ БЭКтин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров президенттин айткан сөзү менен жасаган иши эки башка, ошон үчүн президент менен сүйлөшүүнүн кажети жок, бул тууралуу кыймылдын Саясий бюросунун мүчөлөрүнө айттым деп "Азаттыкка" билдирди эле. Бул жагдайдан алганда оппозиция сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүнбү?

И.Өмүркулов:- Сүйлөшүү маселеси президент массалык маалымат каражат өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин көтөрүлүп жатат. Бийлик оппозиция менен жолугушууга даяр, эгер конструктивдүү сунуштары болсо керек болсо радикал оппозициячылар менен жолугушууга барабыз деп президенттин өзүнүн айткан сөзү бар. Ушундан улам коомдо бийлик сүйлөшүүгө даяр экен, сунуштарды, андан кийин чечимдерди кабыл алат экен деген пикир пайда болду.

Эгер оппозиция сүйлөшүүгө барбай турган болсо коомдо оппозиция жөнүндө тескери пикир жаралып,бийлик менен сүйлөшүүдөн оппозиция баш тартып жаткандай көз караш калыптанып калышы мүмкүн. Оппозиция болсо сүйлөшүүдөн кийин бийлик кабыл ала турган натыйжага кызыгып жатат. Бийлик сүйлөшүүгө баргандан кийин биз талкуулайлы деп жаткан маселе кандай чечилет, айткан сөздөрү менен жасаган иштери дал келеби деген маселе өтө олуттуу. Эгер айткан сөзүнө туруп, чын эле саясий абалды оңдоп, натыйжа бере турган ойлору болсо олуттуу эки маселе боюнча сүйлөшүүгө даярбыз. Андан кийинки сүйлөшүүлөрдүн мазмуну алгачкы жолугушуудан кийин айкын болот.

“Азаттык”: -Өзүнүз айткандай, оппозиция бийликке сүйлөшүүдө эң ириде өлкөдөгү кырдаал жана саясий куугунтукту токтотуу талкууланат деп сунуштады эле. Ал эми президент Курманбек Бакиев БИ-БИ-СИге берген интервьюсунда оппозициянын констурктивдүү болуп, кыйын кырдаалдан чыгуу жолдорун сунуштаса уга тургандыгын билдирди. Бул жагдайдан алганда оппозиция Кыргызстан кептелип турган энергетика,каржы кризисинен чыгаруунун конкреттүү жолдорун сунуш кыла алабы? Ошондой программасы барбы?

И.Өмүркулов: - Албетте, андай программа бар. Аны биринчи баскычтагы жолугушуулар аныктайт. Эгер бийлик биз койгон талаптар боюнча чечкиндүү кадамдарга барса кийинки баскычта айтыла турган сунуштарга түрткү болуп, күн тартибиндеги маселелерди аныктайт. Бийлик өздөрү айткандай конструктивдүү чечимдерге барса, конструктивдүү багытта иштейбиз десе жалпы экономикалык кырдаалды жана энергетикадагы кризисти чечүү жолдору сунушталат. Ошондуктан бардык нерсе биринчи жолугушуунун натыйжасына байланыштуу болот.

“Азаттык”: -Демек, сиздерде сунуштай турган программа бар?

И.Өмүркулов: - Албетте бар.

“Азаттык”:- Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG