Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Бийлик-оппозиция: Сүйлөшүү токтоду, тирешүү курчуду


Бийлик менен оппозициянын 1-жолугушуусу
Бийлик менен оппозициянын 1-жолугушуусу

Бийлик менен оппозиция мунасага келе алышкан жок. 13-мартка белгиленген кезектеги жолугушуу болбой, бул күнү үрөй учурган кылмыштуу окуя болгону маалымдалды. Оппозиция 27-мартта нааразылык иш-чараларын өткөрө тургандыгын кабарлоодо.

«Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунда учурдагы саясий жагдай, бийлик-оппозиция мамилеси жайында кеп болмокчу. Ага парламент депутаты, социал-демократиялык фракция жетекчиси Бакыт Бешимов, Кыргызстан журналисттер кошунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев катышууда.

- Абдыкадыр мырза, жаз чыкканы бийлик менен оппозициянын тиреши күчөп кетет. Быйыл да ошондой болгону турат. Анын себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Абдыкадыр Султанбаев: - Тирешүү болот деп жатасыз. Бирок аны эмитен болот деп эч ким так айта албайт. Жаз айларында саясий окуялар жанданып кетери айтылып жүрөт. Саясий партиялар, кыймылдардын билдирүүлөрү көбөйүп кетет. Мамлекет бийлиги аларга убагында көңүл буруп, ага карата мамилесин билдирип турушу керек. Ошолорду утурлап оппозиция менен бийликтин жолугушуусу болуп өттү. Бир мунасага келүү аракетинин өзү жакшы. Биринчи жолугушуу кандай натыйжалуу болду? Мына экинчи жолугушуу болбой калды. «Керкисинде да, кемигинде да бар» демекчи, эки тарап тең бул ишке жоопкер мамиле жасашса болмок.

- Бакыт мырза, оппозиция менен бийликтин мунасага келбей калышы кандай себепке байланыштуу болду?

Бакыт Бешимов:
- Азыркы бийликте эки багыт бардыгы байкалып калды. Биринчиси - саясий оппозицияны күч менен басуу, кысым көрсөтүү. Куугунтукчул режим орнотуу аракети ишке ашты, ал орнотулду. Күч органдары ошого өтүп алышты. Алардын аракети элге эле эмес, президенттин өзүнө да коркунучтуу болуп калды. Бакиевдин бийлигин жок кылгысы келгендер мына ушул күч органдары болууда. Ошон үчүн ал элде чоң нааразылыкты жаратууда. Чоң кысым, арттан аңдуу, бул ишке криминалдарды аралаштыруу аракети да болуп жатат.

Экинчи багыт, ошол эле күч кызматтарында иштеген айрым офицерлер, өкүлдөр жетекчиликтин ушундай аракетине нааразы. Мисалы, мага Ички иштер министрлигинин биртоп офицерлери келип, жетекчилигинин ыплас саясатына кошулбастыгын билдирип кетишти. Ушул келечектүү багыт башка бийлик бутактарына да өтүп, пейилдин оңолушуна алып келсе ал өз кезегинде диалогдун ийгиликтүү өтүшүнө өбөлгө түзмөк.

- Абдыкадыр мырза, бийлик менен оппозициянын экинчи жолугушуусунун болбой калышына Аликбек Жекшенкуловдун камакка алынышы себеп болду. Кыргызстанда саясий куугунтук болуп жатабы?

Абдыкадыр Султанбаев: - Менимче, мындай жолугушууда бир тарап өз позициясынан жанбай, тырмышып туруп албаш керек. Жолугушуу мунасага келүү, ийге келүү менен коштолсо гана максатына жетет. Эки тарап мына ушуну негизги шарт кылып алышса болмок. Анан эки тарап көз караш, позициясынан карыш жылбай, тырышып туруп алса жолугушуудан жыйынтык чыгышы күмөн. Оппозиция өзүнө сөз ээрчитпөөгө, таза болууга аракет кылышы зарыл. Эки тарап тең мындайда доомат коюуга умтулат. Бирок да оппозицияга тез эле дооматтар коюп, кинеленип жаткандан кийин кандайдыр бир куугунтук бар сыяктуу таасир калтырышы мүмкүн. Бийлик тарап болсо эч кандай саясий куугунтук жоктугун айтып, жөнөкөй кылмыш иштери экенин далилдеп, бүтүмдөрүн келтирип жатышат.

- Бакыт мырза, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси М.Садыркуловдун мүмкүн набыт болушу жөнүндөгү окуялардан улам бийлик менен оппозициянын ортосундагы тиреш дагы күчөп кетиши мүмкүнбү?

Бакыт Бешимов: - Мүмкүн. Муну токтотуш кыйын болуп калды. Менимче, саясий абал дагы курчушу мүмкүн. Муну тезинен териштирип, окуя такталбаса жагдай дагы татаалдашы ыктымал. Мына депутат Р.Шаботоев жоголуп кетти. Бактияр Амиражановдун дарек-дайны белгисиз. М.Садыркуловдун айланасындагы иштер. Бул эмнени билдирет? Кыргызстанда криминалдык абал өтө курчуп кетти. Менимче, президент мына ушул окуяларга байланыштуу күч органдарынын жетекчилерин кызматтан кетириши керек. Абал дагы курчуп кетсе аны өз ордуна коюш кийин кыйынга туруп калат.

Дүйнөлүк тарыхта революциялар өз балдарынын башын «жутканы» абалтан эле белгилүү. Революциядан кийин канча адамдар жок болду, депутаттарды атып кетишти. Элдин ишеничи акталбаса революция ушунтип өз балдарынын башын «жута» берет. Көпчүлүк революцияга ошондой үмүт менен чыккан. Таза бийлик орнойт, коррупция жоголот, деген ишеним аларды сүрөгөн. Азыркы бийлик мурункусунан сабак алып, жыйынтык чыгарган жок.

- Абдыкадыр мырза, мына ушул М.Садыркуловго байланышкан кырсыктуу иштен кийин оппозиция менен бийликтин тирешүүсү күчөшү мүмкүнбү?

Абдыкадыр Султанбаев:
- Менин окуя тууралу так маалыматым жок. Анын үстүнө тергөө кызматтары ал жөнүндө ачык маалымат берише элек. Кырсыкка кабылгандар ким экени тактала электе мен ал тууралуу бир нерсе айта албайм. М.Садыркулов жооптуу кызматтарда иштеп келди. Анын өлкөдөгү кырдаалга таасири сөзсүз болгон.

- Бакыт мырза, бийлик менен оппозициянын жолугушуусунда бир пикирге келе алышпаган проблема саясий куугунтукка байланыштуу чыкты.

Бакыт Бешимов: - Мен деле көпчүлүк катарында Башкы прокурордун Кыргызстанда саясий куугунтук жок дегенин окуп чыктым. Эл андай пикирге Кыргызстанда чындап коррупцияга каршы күрөш жүрсө, ошонун натыйжасында кылмыш иш ачылганын билишсе мынчалык чоң резонанс болмок эмес. Энергетика боюнча биз маселе көтөргөнбүз. Эч ким унчукпай койду. Кылмыш ишин ачуу арасынан тандоо жолу менен жүрүүдө. Миллиондорду уурдагандар кутуруп эле жүрүшпөйбү. Бул бийлик бирди айтып, экинчисин жасап жатат.

- Абдыкадыр мырза, сөз эркиндиги, журналисттердин укугунун сакталышы жөнүндө да айта кетсеңиз.

Абдыкадыр Султанбаев: - Аны өзүңөр деле жакшы билесиңер. Журналист менен бийлик ортосунда түшүнбөстүктөр боло берчү нерсе. Бирок кийинки кездери журналисттердин өмүрүнө коркунучтар туулуп жатканы кооптондурат. Журналисттерге кол салуу фактылар кездешип жатат. Алардын баары ачылбай, бүдөмүк калууда. Ал эми Сыргак Абдылдаевди сабап кетүү анын кесиптик ишине байланыштуу экени айтылып жатат. Анын тезирээк сакайып ишине киришин каалайбыз.

- Бакыт мырза, бийлик менен оппозиция тиреши президенттик шайлоо жакындаган сайын күчөй бериши мүмкүнбү?

Бакыт Бешимов: - Азыркы бийликке 2005-жылы элдин ишеничи ушунчалык жогору эле. Ал ишенич күндөн-күнгө жок болуп баратат. Аны оңдоштун ордуна бийлик күч колдонуп жатат. Кыргызды ким күч менен басынтчы эле? Оппозициянын чоң жыйындарды уюштурабыз дегени ошол элдин жалпы көз карашына байланыштуу болууда. Кыргызстандын бардык облустарында жакында эле болуп элдин азыркы ой-пикири кандай экенин сездим. Адамдар жоголуп атса, өлтүрүлүп жатса президенттин унчукпай олтурушу мени таң калтырууда.

- Мырзалар, ишиңерге ийгилик болсун! Убакыт таап, студияга келип бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

XS
SM
MD
LG