Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Cаясат талдоочу О. Молдалиев "Азаттыктын" таңкы маегинде оппозиция 27-марттагы митингде койгон талаптарды, бийлик аткарбаса кырдаал күчөшү мүмкүн, ошон үчүн аларды талдап көрүүгө милдеттүү деп билдирди.

- Орозбек мырза, 27-мартта Бирдиктүү элдик кыймылдын демилгеси менен өлкөнүн бир топ аймактарында жана Бишкек шаарында митинг өттү. Ага катышкандардын саны жана кабыл алынган талаптар боюнча карама-каршы пикирлер пайда болду. Анын бири оппозиция бийлик ишке ашыра албай турган талаптарды койду деп жатышат. Саясат талдоочу катары сиз кандай ойдосуз, оппозициянын талабын бийлик аткара алабы?

- Оппозициянын талабын бийлик аткара албайт дегенге мен кошула албайм. Эгер аткара албай турган болсо, анда бийлик анын аргументтерин жарыя кылышы керек. Андай милдетти катчылык деген элпек уюм бат эле аткарып, жооп бере коет. Оппозиция аткарылбай турган талаптарды койгон жери жок. Сунуштардын көбү реалдуу. Маселен, шайлоо боюнча коюлган талаптар абдан негиздүү жана өтө олуттуу. Себеби шайлоону уюштуруу жана өткөрүү калыстык менен жүрбөсө чоң чатак чыгып кетиши толук мүмкүн. Шайлоо комиссияларынын тутумуна сөзсүз түрдө оппозициянын өкүлдөрү кириши зарыл. Анткени административдик ресурстарды колдонуу жагынан биздин бийлик системасындагылар абдан чоң ийгиликке жетишкен жана эң мыкты тажрыйбага ээ. Бийлик бир заматтын ортосунда эле каалаган пайыздагы добуштарды чыгарып бере коет. Аны элдин баары эле билет.

Ошон үчүн шайлоо калыс өтсүн, ага бөгөт коелу дегендин эмнеси жаман? Эгерде бийлик шайлоону так өткөрөм, эл бийликти колдойт деген сөздөрү чын болсо андан эч коркпош керек. Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев БШКнын бардык мүчөлөрүн оппозициянын өкүлдөрүнөн түзүү керек деп жакында бир интервьюсунда айтты. Мындай пикир да туура эмес. Баарын оппозициядан түзгөн болбойт. Анда да оппозиция бурмалады деген пикир чыгат. Ошон үчүн бул маселени калыс карап, талапты аткарууга бийлик барышы зарыл.

-
Эгер бийлик оппозициянын талабын аткарбаса кырдаал курчуп кетиши мүмкүнбү же бул президенттик шайлоо алдында бийликти сыноо үчүн атайын коюлган талаппы?

- Бул талаптарды бийлик аткарса өзүнө эле пайда алып келет. Себеби бийлик өз саясатынын туруктуулугуна ишене турган болсо кооптонууга эч негиз жок. Бир гана тартип коргоо орган жетекчилеринин элүү пайызы оппозициядан болсун деген талапты талдап көрүш керек. Бул реалдуулуктан бир аз алыс болуп турат. Бийлик аткара албай турган талаптардын бири ушул десек болот. Бирок тартип коргоо органдары саясаттан алыс болсун, ага кийлигишпесин деген талаптын негизи бар.Себеби алар саясатка аралашып кетип жатат. Анан жакында тартип коргоо органдары гана эмес армияны да саясатка аралаштырган мыйзам кабыл алынып калбадыбы. Демек бул жагдайдан алып караганда оппозициянын конституциялык негизде саясатка аралашпасын деген талабы туура болуп жатат.

Анан бийликти эл массасынын канчасы колдойт же колдобойт деген маселе да талаштуу болуп турат. Массалык психологиянын мыйзамы боюнча кийинки окуялардын негизинде эл бир топ эле кыжырданып турган мезгил. Эгер шайлоо бурмаланып, калыс өтпөй калса шайлоонун акыры тынч болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул чындыгында эле өтө опурталдуу маселе болуп турат.

- Ушул митингде президенттик шайлоо Бакиевсиз өтсүн деген да талаптар ар кайсы жерде айтылды, бирок БЭК кыймылы аны өз атынан талап кылбасын билдирүүдө. Мындай талап күчөбөшү жана оппозиция менен бийликтин тирешүүсүн басаңдатуу үчүн президент, бийлик бутактары, анын ичинде тартип коргоо органдары кандай кадамдарга барышы зарыл?

- Кандай кадамдарга барышы керек деген суроого бийлик өзү биринчи иретте оппозициянын сунуштарын жана азыркы кырдаалды анализдеп туруп жооп табыш керек. Бул абдан татаал деле маселе эмес. Элге азыр калыстык менен адилеттик зарыл болуп турат. Анткени бир гана оппозициянын укуктары эмес азыр кайсы жерде болбосун жалпы элдин укуктары тебеленип жатат. Оппозициянын лидерлери соттолуп, кылмыш иштери ачылганы үчүн эле куугунтук катары ачыкка чыгып жатат. Ал эми карапайым адамдардын укугун тебелеген учурлар абдан көбөйүп, алар жалпыга маалым болбой эле калып жатат. Мисалы кылмыштуулук деген аябай өсүп кетти. Алардын бети ачылган жери жок. Журналисттер эле сабалбай катардагы жөнөкөй канча жаран токмок жеп, алардын бети ачылбай, укуктары тебеленип калып жатат. Мына ушундай жагдайлар элдин нааразылыктарын күчөтүп жатат .

- Маегиңиз үчүн рахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG