Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

К. Абдымен: Оппозиция президенттикке талапкерди түштүктөн тандаса утат


Оппозиция президенттик шайлоо жарышына түштүктөн чыккан саясатчыны жарышка салышы мүмкүн жана мындай чечим оппозиция үчүн ыңгайлуу. Мындай ойду саясат талдоочу Кубан Абдымен “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

- Кубан мырза, оппозиция президенттикке бирдиктүү бир талапкерди тандап жатканда салмактуу саясатчы Өмүрбек Текебаев жарышка түшпөй тургандыгын билдирди. Эми алардын ичинен президенттикке кимиси ат салышат деп турасыз?

- Чындап келгенде Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерликтен баш тартышы оппозиционерлердин арасында көптөгөн суроолорду пайда кылган кадам болуп жатат. Бирок алар май айынын ортосуна чейин бир талапкерди сунуштоодон алыс болушат. Оппозиция үч-төрт талапкерди даярдап, таптап, анан талапкерди сунуштоо мөөнөтү аяктаарда гана бир талапкерди тандашат болуш керек. Бирок ошентсе да алардын ичинен жоон топтун биринчиси катары депутат Бакыт Бешимовду чыгарыша тургандай мүмкүнчүлүк түзүлүп турат деген ойдомун.

- Кээ бир саясат талдоочулар Кыргызстандын тынчтыгы жана азыркы президентти чындап алсыздандырыш үчүн оппозиция талапкерин түштүктөн тандаш керек, антпесе түндүк, түштүк маселеси курчуп, чатак чыгышы мүмкүн деп жатышат. Айрымдары болсо батыш азыркы депутаттардын бирине көз салат экен деген имиштерди таратып жатышат. Сиз бул ойлорго кошуласызбы?

- Чындыгында азыр кырдаал түштүк, түндүк болуп эки тарапка бөлүнүүлөрдүн кайра жанданышын шарттайт, эгер талапкер түндүктөн тандалса бүт кыргыз элин экиге бөлө тургандай кадам болуп калышы мүмкүн деп көпчүлүк чочулап турат. Эгерде оппозиция тараптагылар эки региондон чыккан талапкерлерди таразага салып көрүп, түштүктөн чыккан талапкерге токтолушса чынында эле чоң олжо болмок жана өздөрү үчүн пайдаланчу мүмкүнчүлүктөр көп болот деген ойдомун.

- Ал эми батыш депутаттардын бирине көз салып турат деген сөздөргө негиз бар деген ойдосузбу?

- Батыш депутаттардын бирине көз салып жатат деген сөз көптөн бери айтылып жүрөт. Мындан төрт-беш ай мурун Борбор Азия боюнча Вашингтондогу чоң адис Фридрих Стардын макаласы чыккан. Ошондо жана андан кийин да бир нече жолу Бакыт Бешимовдун бийликтен чочулабай өз көз караш-пикирлерин ачык айтышы, салмактуу ой жүгүртүүлөрү жагып жатканы жазылган. Андан сырткары бул депутаттын дипломаттык иште көп тажрыйбага ээ экендиги жана батыштын көптөгөн мамлекеттерине барып, ал жердеги таасирдүү адамдар менен жолугушуп, тажрыйба топтогону чоң роль ойноп жатканы көрүнүп турат.

- Ал эми президент Курманбек Бакиев “Жаңылануу багытында” мурдагыдай башкаруу азыркы учурга төп келбей калды, мамлекетти жаңылап туруп эмки президентке өнүккөн өлкөнү өткөрүп беришим керек деп билдирди. Муну менен шайлоо алдында президент өз салмагын бекемдей алды деген ойдосузбу?

- Бекемдеп алды же алсыратып алды деп кесе айтыш кыйын болуп турат. Себеби бул багыт анын тегерегинде бирге иштеп жаткан маалымат таратуу тобу даярдаган атайын пландардын бир кадамы. Мындай сөздөр мындан төрт жыл мурда деле айтылып, бирок абал өзгөрүүсүз калып жаткандыгына өзүбүз күбө болуп жатабыз. Ошондуктан айтылган ойлор ишке ашкан натыйжа менен төп келбесе элдин колдоосун таба алган жана эл арасында жакшы көз карашты пайда кыла турган кадам деп айтыш кыйын болуп турат.

-Айрым саясатчылар президент оппозиция 27-мартта кабыл алган талаптарды аткарышы керек, аткарбаса кырдаал курчуйт десе, айрымдары талаптарды аткарып, шайлоо алдында тескерисинче оппозицияны алсыздантат деп жатышат. Сиздин оюңузча, президент шайлоого өзү чыга турган болсо чукул кандай кадамдарга барышы мүмкүн?

- Президент шайлоого өзү бара турган болсо анын чукул кадамдарынын бири, албетте оппозиция тараптан чыгуучу талапкерлерди алсыздандыруу кадамы болот. Анын башталгандыгы мурун эле көрүнүп калган. Мисалы Өмүрбек Текебаевдин шайлоого катышпайм деп айткандыгы ага көрсөтүлгөн кысымдын натыйжасы деп эсептесек болот. Экинчиден, оппозиционерлердин ичинен элдин арасында кадыр-баркы бар башка адамдарга да бир топ кысым көрсөтүлө тургандай кадамдар болуп жатат. Анан президент өзү шайлоого бара турган болсо бийликтин азыркы командасы сөзсүз түрдө административдик ресурсту колдонуу менен жеңишке жетебиз деген максатты көздөп турат. Андыктан, менин оюмча, президенттин азыркы кадамдары сөзсүз түрдө маалымат таратуу менен байланыштуу болот. Элди алаксытып, өзүнө элдин көңүлүн бура тургандай жакшы ойлорду таратып, ошонун натыйжасында эл арасында өзүн колдоочуларды көбөйтөм деген максаттагы кадамдарга барат.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG