Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов Каржы полициясынын көрсөтмөсү менен өзүнө каршы ачылган кылмыш ишин суу кечпей турган жалаа деп четке какты жана анын негизсиз экендигин далилдеп берүүгө даяр экенин билдирди.

-Иса мырза, Каржы полициясы сизге каршы 2004-жылы темир жол башкармасын жетектеп турган мезгилиңиздеги 3 жагдай боюнча кылмыш ишин козгогондугун кечээ бул мекеменин экономикалык кылмыш башкармасынын башчысы кабарлады. Ага негиз бар деген ойдосузбу же мунун башка себептери барбы?

-Мага каршы кылмыш иши ачылгандыгы жөнүндө мен массалык маалымат каражаттары аркылуу билдим. Бул оппозициячыл күчтөр жана Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрүнө каршы чабуулдун уландысы жана саясий куугунтук. Доомат арта турган адам Кыргызстандан табылбай калганда Казакстандын жаранын таап, кылмыш ишин ачып жатканы мен үчүн күтүлбөгөн чоң окуя. Бул окуя тууралуу Башкы прокуратура же Каржы полициясы мага эч кандай маалымат берген эмес. Бирок ага эч кандай негиз жок, коюлган кинелердин баарын четке кагам. Бул анык саясий куугунтук жана бийликтин оппозицияга каршы жасап жаткан аракети.


-Ачылган кылмыш иштерин аягына жеткирүүгө сиздин депутаттык кол тийбестик укугуңуз жол бербейт. Андан ажыратууга Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Эгер бул маселе парламентке коюла турган болсо депутаттар кандай чечимге барат деген ойдосуз?

-Бул маселе парламентке коюла турган болсо көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын депутаттары толугу менен колдоп береринен күмөн санабайм. Парламент макулдугун берген же бербеген күндө мага коюлуп жаткан киненин баары негизсиз. Мен бардык маселе боюнча далилдүү жоопторду берүүгө даярмын.


-Айрым саясат талдоочулар бийлик президенттик шайлоо алдында шайлоодо өзгөчө күчкө ээ болчу адамдарды же атаандаштарды алсыратуу үчүн алдын-ала басым жасоо кадамдарын баштады деп баалап жатышат. Бийликтин мындай басымын басаңдатуу үчүн оппозиция жакын арада кандай аракеттерге барышы мүмкүн жана мындай окуялар коомчулукка кандай таасир берет деген ойдосуз?

-Албетте бул чоң казаттын алдында жасалып жаткан иштер экендиги көрүнүп эле турат. Оппозициячыл саясатчыларды алсыздантып, мерчемдүү саясатчыларга каршы иш козгоо менен алардан өч алууну бийлик көздөп жатат. Аны калың журт түшүнүп турат деген ишенимдемин. Мындай кылмыш иштерди козгоо кайдан чыгып, бийликтеги “эр-азаматтар” жасап жаткан аракеттердин башкы максаты эмне экендиги белгилүү. Бул иштердин юридикалык же башка негиздери болсо буга чейин убагында козголуп, тергелип, текшерилип аягына чыгыш керек эле. Тилекке каршы азыр, менин саясий көз карашыма байланыштуу гана козголуп жатканы айдан ачык болуп турат. Ошондуктан мага коюлуп жаткан дооматтын бири да суу кечпейт, бул саясий куугунтуктун уландысы. Аны коомчулук түшүнүп, эл-журт өз оюн айтат деген ишенимдемин. Оппозиция да кылмыш иштерин ачууга укуктук негиздери бар-жогун иликтеп, өз көз карашын билдирет.

-Маегиңиз үчүн ыраазыбыз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG