Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

"Акжолчу" депутат кимге жолтоо болду?


Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевдин киши колдуу өлүмүн саясатчылардын бир даары бийлик бутактарынын кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткендигинин дагы бир далили десе, айрымдар бийликчил “Ак жол” партиясынын ичинде өз ара кармаш башталды деген ойдо болуп жатышат.

Санжар Кадыралиевди 14-апрелде Бишкекте Байсуу кафесинин жанынан белгисиз бирөө атып өлтүрдү.
Отуз эки жаштагы Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө кимдер кызыкдар болушу мүмкүн? Парламентарийлер, укук коргоо органдары жана спорт чөйрөсүндөгү адистер ар кандай божомолдорун айтып жатышат.

Мурдагы башкы прокурор, азыр БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров Санжар Кадыралиевди түздөн түз эле бийликтин курмандыгы болду деп билдирди:

-“Ак жолчулар” бирин - бири кырып жатат. Себеби бул бир нерсени билип калган, эртең чындыкты айтып койбосун деп бири-биринин көзүн тазалай бериши мүмкүн. “Акжолчулардын” атаманы Садыркулов кеткенден кийин Санжарга окшогон карапайым мүчөлөрү бул бийликке эмне болуп калыптыр? Санжар дагы көп нерсени билчү. 2005-жылдан бери рейдерлик, Баямандын базары сыяктуу көп нерсени билчү. Ошондуктан бир нерсе деп айтыш кыйын, бирок “Ак жолчулар” эртең кокус бир нерсе болсо баары чыгып калбасын деп бири-бирин тазалап жаткан болуш керек.

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Роза Абдраимова Бекназаровдун мындай пикирин четке кагып, ал өмүрүндө буйрутма өлүмгө дуушар кылчу калпыстык кетирген деген пикирге кошула албасын билдирди:

-Негизи бар деп айта албайм. Санжар “Ак жол” партиясынын депутаты, бул партияны бийлик өзү түзгөн. Ошон үчүн бийлик “Ак жолдун” депутатына каршы же депутат бийликке каршы деген сөзгө негиз жок.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, Кадыралиев ишкер чөйрөдөгү атаандаштыкта кетирген мүчүлүштүгү үчүн жаза алды деп айтууга айрым себептер бар:

-Негизги эле себеп буга чейинки ишине байланыштуу өз ара пикир келишпестикти чечүү ыкмасынын курмандыгы болуп калды го дейм. Себеби депутат болуп келгенден жана депутаттыкка ат салышып жаткандан бери эле анын тегерегинде көптөгөн чыр, талаштар, атаандаштык жана мурдагы ишкерлигине байланыштуу чатактар көп болуп келген. Ошонун тегерегинде депутат болгондон кийин деле көптөгөн сөздөр айтылып келгени белгилүү. Ошол себептен мурдагы ишкерлигине байланыштуу иштерге кириптер киши катары курмандык болуп кетти окшойт.

Ички иштер министринин мурдагы биринчи орун басары, эркин күрөш боюнча федерациянын учурдагы президенти Мелис Турганбаев Санжар Кадыралиевдин кылмыш чөйрөсү менен мурда катышы бар деген маалыматты мурда билгендигин жана депутаттыкка шайлангандан кийин ал топтор менен кол үзүшү зарыл экендигин билдирди:

-Териштирүүлөрү бар го дейм. Депутатттыкка чейин мурда ошондой деген маалыматтар бар экендигин уккам. Депутат болгондон кийин алардын баарын ташташ керек да!

2005-жылы бийлик алмашкан бери ушуну менен Жогорку Кеңештин төрт депутаты атып өлтүрүлдү. Дагы бирөө, Руслан Шаботоевдин дайыны жарым жылдан бери белгисиз. Мамлекеттик жогорку бийлик өкүлдөрүн атууга кимдер буйрук берип, ким аткарганын тартип коргоо органдары иликтөөгө алган менен анын натыйжасы көпчүлүктүн көөнүн кандырбай келет. Ушундан улам бул окуянын да тез арада бети ачылаарына күмөн саноо күч. Ал тууралуу экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мындай дейт:

-Эртең эле бети ачылат дегенден алысмын. Бирок эртеби-кечпи сөзсүз ачылат. Кармалат, жок дегенде атайы колдонулган адам кармалат.

Ички иштер министрлиги Кадыралиевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин ачып, иликтөөгө киришти. Министрлик окуя болгон жерден “Макаров” тибиндеги тапанчадан атылган бир октун гильзасы алынып, соттук-медициналык иликтөө башталгандыгынан башка эч кандай маалымат бере элек.

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

XS
SM
MD
LG