Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Тажикстанда кыргыз жараны 29 жылга соттолду


Тажикстан Республикасынын Жогорку Соту Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн офицерин мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды жана тыңчылык жасады деген айып менен 29 жылга эркинен ажыратты.

Эмгек жолун чекисттик кызматка арнаган Кыргызстан жараны, полковник, улуту боюнча тажик Мухаммади Салимзоданын Тажикстан Жогорку соту тарабынан 29 жылга эркинен ажыратылышын, албетте, анын үй-бүлөсү өтө оор кабыл алыптыр.

- Күйөөмө карата чыгарылган бул өкүмдү мен акыйкатчылыктын жоголушу катары кабыл алдым. Биз бул иш боюнча кайра Тажикстандын Жогорку сотуна, Эл аралык сотко кайрылабыз,-деди Салимзоданын Бишкекте жашаган жубайы Дилбар Мунавари.

Мухаммади Салимзоданын үстүнөн болгон сот жараяны жалаң жабык эшик артында өтүп келген. Ал турсун Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин өкүлдөрүн да эч нерсеге катыштырбагандыгы боюнча маалыматтар бар.

Полковник Мухаммади Салимзоданы Тажикстандын Ходжент шаарында – кызыныкына барган кезде 2008-жылдын 25-августунда эч кимге көргөзбөй-билгизбей кармап кетишкен. Ошол боюнча анын дайыны 2009-жылдын январында гана так билинген. Изделбеген жер, каккыланбаган эшик калган эмес.

Окуяга, жаңы чыгарылган өкүмгө байланыштуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун мындайча ой бөлүштү:

- Үй-бүлөсү бизге кайрылганы жок. Кайрылышса биз өндүрүш ачып, укугун коргош үчүн катуу аракет кылабыз. Бирок, менин жеке пикирим – Кыргызстан эч убакта Тажикстанга карата тыңчылык (шпиондук) иштерди жасабайт. Тажикстан мамлекети деле Кыргызстанга карата ошондой. Бул өкүм Кыргызстан мамлекети менен Тажикстан мамлекетинин мамилесине кандайдыр бир көлөкө түшүрбөй койбойт.

Турсунбек Акун полковник Мухаммади Салимзоданын үстүнөн Тажикстан тарап жүргүзгөн тергөө, сот жараяны өтө бир жактуу болгондугун да кошумчалай кетти. Алар Кыргызстандын расмий бийликтеринен бир дагы маалымат тактаган эмес

Ал эми Борбордук Азия демократиялык конгрессинин координатору Топчубек Тургуналиев Мухаммади Салимзода сыяктуу жаранын, офицерин коргоп алууга аракет кылбаган Кыргызстан мамлекеттик бийлигин сындап өттү:

- Эл аралык мындай жобо бар: ал биздин адам, бизге өткөрүп бергиле, күнөөсү болсо биздин өзүбүздүн сот деле соттойт деп Кыргызстан талап кылыш керек эле. Мамлекет деген – бир адамы башка өлкөдө кысымга кабылып жатса, ошону коргой алса гана мамлекет!

Полковник Мухаммади Салимзода 1993-жылга чейин Тажикстандын атуулу болгон, чекисттик кызматтарда иштеген. Кыргызстанга көчүп келип, атуулдук алгандан кийин да ошол ишин уланткан. Айрыкча Баткен окуясы учурунда бараандуу иштерди жасаган.

Айрым маалымат булактарынын жазгандарына караганда, ал соттолоордон мурдараак чоң кызы Шайыр менен бетме-бет сүйлөшүп, соттолсо да Кыргызстандын абагында жаткысы келгендигин, Тажикстан абагында “тындым” кылып салышы толук ыктымалдыгын айткан.

Азыркы учурда аны үй-бүлөсү Кыргызстандын атуулу катары аны Кыргызстанга алып келүүнү суранып жатышат.

Тажикстан тарап Мухаммади Салимзода Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эмес, башка бир үчүнчү өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн тыңчылык иш аткарган деген маалыматты да тараткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG