Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:46

Жарандык коом бийликтин кол баласына айланабы?


Президент Курманбек Бакиев бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушууда. 5-май, 2009-жыл.

Президент Курманбек Бакиев бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен жолугушууда. 5-май, 2009-жыл.

Дүйшөмбүдө президенттикке талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт. Азырынча БШКга он эки жаран арыз берип, жарышка түшүү аракеттерин көрө башташты. Үгүт өнөктүгү баштала электигине карабастан талапкерлердин ичинен азыркы президент К.Бакиевди колдоорун жар салган билдирүүлөр көбөйдү.

Курманбек Бакиевди президенттикке талапкерликке “Ак жол” партиясы көрсөткөндөн кийин Ишкерлер биримдиги баштаган бир катар коомдук уюмдар, окуу жайлар менен ишканалар Бакиевдин талапкерлигин колдой тургандыктарын жар салган билдирүүлөрүн маалымат каражаттарына жарыялап жиберишти.

Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, бул шайлоодо президент Курманбек Бакиевди колдоп добуш бергендердин саны аз болуп калышы мүмкүн деген кооптонуудан пайда болгон аракет деген ой жаратып жатат:

- Бул азыркы учурда элдин арасында буга чейин түзүлгөн пикирди коомдук уюмдардын колдоосу аркылуу өзгөртүүгө болгон аракет деп бааласак болот. Жалпы колдоо болуп жатат деген маанайда саясат жүргүзүлбөсө шайлоо учурунда жыйынтык бийлик каалагандай болбой калышы мүмкүн деген чочулоо бар экендигин технологдор деле түшүнүп жатышса керек.

Чынында мындай билдирүүлөр коомдо кандай ой жаратып, шайлоочулардын тандоосуна кандай таасир берип жаткандыгын салмактаган киши жок. Бирок мындай ыкма добуш берүүгө келгенде башка талапкерлердин ичинен Бакиевдин салмагын арттырбай койбойт, ошон үчүн Cовет доорундагыдай коллективдүү ой жүгүртүүнү таңуулоо ыкмасы президенттин айланасындагы саясий технологдордун көрсөтмөсү менен жасалып жатат деген ойлор жок эмес.

Мындай пикирге президенттин катчылыгынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Мелис Жунушалиев макул эмес. Анын айтымында, өлкөдөгү коомдук уюмдар менен бирикмелердин каалоосун билдирүүгө тыюу салууга эч кимдин укугу жок жана президенттин иштөө идеологиясы боюнча иш алып барган катчылык андай багытты тандаган жери жок:

- Бул алардын өз ички иши. Колдойбу же колдобойбу, алар өздөрү билет. Аларга колдобогула же колдогула деп кантип айтабыз? Бул алардын өз эрки. Президенттин катчылыгынын же саясий технологдордун мындай ишке эч кандай тиешеси жок.

Анткен менен президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдойбуз, ал үчүн гана добуш беришибиз керек, антпесек мындан аркы келечек кандай болот деген түкшүмөл ой айрыкча мамлекеттик мекемелерде иштеген атуулдар арасында күч алып баратканы байкалууда.

Саясат талдоочу Токтогул Какчакеев буга ошол мамлекеттик мекеме же уюмдун башында турган жетекчилердин бүтүндөй мамлекеттин келечеги эмес, жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн кам көрүүсүнөн пайда болгон жагынуучулук сезимдери түрткү берип жатат дейт:

- Озунуп, алдын-ала жүгүрүп Бакиевди колдойбуз деген түшүнүк алардын ички дүйнөсүнөн чыкпай эле келечектеги кызмат, бийлик жана жогорку бийликтин түз көз карашы үчүн эле жасалып жатат. Анткени Бакиевдин өлкөнүн өсүшүнө кошкон салымы, адамдык сапаты, саясий аброю жөнүндө эч нерсе айтылбай эле колдойбуз деген куру кыйкырык болуп жатат. Мындай иштер уланып отурса Бакиевдин эл аралык жана өлкө ичиндеги салмагына тескери таасирин тийгизиши ажеп эмес.

Ал эми жарандык коомдун айрым өкүлдөрү шайлоо алдында бийлик коомдук уюмдар гана эмес жалпы жарандык коомду кол балага айландыруу аракетин күчөттү деп, ага президент Бакиев менен жарандык коом өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин пайда болгон координациялык кеңешти мисалга тартып жатышат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын баамында, бийлик атайын жасалма институттарды түзүп, анын аты менен жалпы шайлоочуларга тымызын басым жасап жатат:

-Укук коргоочуларды жана жарандык коомду алмаштырыш үчүн коомдук палата түзүү аракети болду. Бирок коомдук палата жарандык коомду алмаштыра алган жок. Эми жарандык коомдун өзүнүн колу менен координациялык кеңеш дегенди ойлоп табышып, меморандумга кол коюлду. Ал да жасалма институт. Бүтүндөй жарандык коомду бир координациялык кеңеш же коомдук палата менен алмаштырып коюу деген өзү туура эмес ой. Анткени жарандык коом деген бул беш миллион калк деген сөз.

Президенттин катчылыгынын аналитика бөлүм башчысы Мелис Жунушалиев мындай ойго негиз жок, себеби президенттин жаңы багытынын бири жарандык коом менен тыгыз иштешүү болгондон кийин андай органдарды түзүүнү мезгил өзү талап кылып жатат дейт:

- Ага негиз жок. Анткени, бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү бул маселени баары бир чечиш керек болчу. Жарандык коом өкүлдөрү менен кызматташууну түзүш керек болчу. Мунун эмне жаманчылыгы бар?

Ал эми Коомдук ордо кеңеш кезектеги жыйынында президенттин талапкерлигин колдоо маселесин күн тартибине киргизди. Анын мүчөсү Жумакадыр Акенеев бул маселени талкуулоого каршы болорун, себеби коомдук кеңеш бир талапкердин кызыкчылыгын колдоо менен алектенбей жалпы мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн түзүлгөндүгүн билдирди. Демек бир уюм ичиндеги мындай карама-каршы ойлор шайлоо алдындагы коомдо бүдөмүк ойлорду жаратпай койгон жери жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG