Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул арада БШКга арыз берген атуулдардын саны он сегизге жетип, алардын катарын азыркы президент Курманбек Бакиевден баштап, аты көпчүлүккө такыр белгисиз адамдар түзүүдө. БШК өз элегинен канчасын өткөрүп, канчасы каттоого алынаары белгисиз. Бирок президенттик орун үчүн ат салышам дегендердин коомдук салмагы көпчүлүктү алымсындырбай турат.

18-майда кечинде БШКга арызды он сегизинчи болуп 2005-жылы да талапкер болгон Өмүрбек Бөлтүрүкөв берди. БШКнын мүчөсү Жамила Алымбекованын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, комиссия азыр алардын документтерин тактап, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алуу аракеттерин көрүп жатат:

-Кыргыз репбликасынын президенттик кызматын ээлөө үчүн талапкер болуп он сегиз киши арызын берди. Ошол он сегиз адамдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн документтерин тапшырышты. Аларды текшерип, иликтеп каттоо үчүн иштеп жатабыз.

Президенттикке талапкерлердин ичинен үчөөнү саясий партия көрсөттү. Алар “Ак жол” партиясы көрсөткөн Курманбек Бакиев, “Ак шумкар” партиясы сунуштаган Темир Сариев жана “Дыйкандар жана фермерлер” партиясынын өкүлү Куттубек Асылбеков. Калган талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүштү жана алардын ичинен төртөө убактылуу жумушсуз.

Талапкерлердин ичинен иргей келгенде коомго аты белгилүүлөрүнүн саны тогуз, калган талапкерлердин атын айрым шайлоочулардын биринчи жолу угуп жатышкандыгы да төгүн эмес. БШКга буга чейин арыз берип, анын элегинен өтпөй калган төрт атуулдун да аты элдин оозунда эмес эле. Ушундан улам саясат талдоочулар бул бийлик башындагы Курманбек Бакиевге атаандаштардын санын жасалма түрдө көбөйтүп, элдин элегине сала келгенде Бакиевдин эле суурулуп чыгышы үчүн атайын жасалып жаткан саясий технология деп баалап жатышат.

Ал тууралуу “Демократиялык ордо союз” бирикмесинин мүчөсү Улан Орозалиев мындай дейт:

-Бул оюн. Чоң оюн. Анткени андай кишилер шайлоонун үкөк, бюллетень сыяктуу эле атрибуту болот. Алар Кыргызстандагы шайлоо процесстеринин баарында ушундай кишилер керектүү атрибут болуп келишет. Добуштарды бурмалап, оппозиция үчүн берилген добуштарды аларга бөлүп беришсе, алар унчукпай кызмат кылышат. Мен БШКнын көп жыл мүчөсү болгон адам катары мындай технологияны жакшы билем.

Ал эми БШКнын мурдагы мүчөсү Жеңиш Акматов президенттикке талапкерлердин көп болушу көнүмүш көрүнүш, буга жарандардын өзүнө-өзү ишенимин бекемдеп, аны менен бирге элге таанылуу аракети башкы себеп дейт:

-Аны өткөн 2005-жылдагы президенттик шайлоо деле көрсөткөн. Анда да он жети талапкер чыгып, кийин жүз миң сомдук күрөө койгонго келгенде эле аны бардыгы кое албай каттоодон өтүшкөн эмес. Менимче, азыр деле Ж.Назаралиев, Т.Сариев, А.Атамбаев жана К.Бакиев гана каттоодон өтүп, калгандары колду деле топтобой, күрөөнү да кое албай расмий каттоого чейин эле өздөрүнөн өздөрү жарыштан чыгып калышат. Кээ бир адамдарды эл тааныбайт, бирок өзүлөрүнүн ички дымагы күчтүү болуп жатпайбы! Айрымдары атым чыгып, кыргызга угулсун жана түз эфирдеги телекөрсөтүүгө чыгып алсам деген ойлору бар экендигин мурда айтышкан. Азыр деле атын эч ким билбеген кээ бир талапкерлер деле ошондой жеке дымак менен талапкерликке өздөрүн көрсөтүшкөн болуш керек.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Чотонов андай пикирде эмес. Анын баамында, азыр коомдо мамлекетти тандалган инсан эмес катардагы эле адам башкарса болот экен деген көз караш бекемделип калды:

-Эми К.Бакиевдин төрт жылдан берки баскан-турганын, сүйлөгөнүн, кылган иштерин көрүп алып, ушул президент болуп жаткандан кийин мен деле болсом боло берет тура деп арасында чындап киришкендер бардыр... Бирок президент болуу жаш баланын оюну эмес да!

Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков бийлик жасалма талапкерлерди атайылап жарышка салып жатат деген ойго негиз жок деп билдирди.Анын баамында, жарышка жарамдуу деле жарамсыз деле адамдардын чыгышына бийлик эмес мурда президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкерди чыгарабыз деп жар салган оппозиция өкүлдөрүнүн ынтымаксыздыгы түрткү берди:

-Өзүн-өзү көрсөтүп жаткандарга бийликтин эч тиешеси жок. Ар кимдин талапкер болууга конституциялык укугу бар. Бирок аларды эл тааныбайт жана 001 пайыз да добуш ала алышпайт. Ал эми шайлоодо азыркы президент Курманбек Салиевич өтөт. Анын өтүшүнө оппозиция өзү шарт түзүп берди. Булардын баары биригип туруп, бир талапкерди түрткөндө ага кыйын болуп калмак. Добуштун саны 50Х50 болбосо да ошого жакындап калмак. Бир чети оппозициянын көп койгону президентке да өтө ыңгайлуу. Оппозициядан талапкер канчалык көп болсо президентке ошончо жеңил болот.

Ал эми БШК ушул тапта талапкерлердин арызын териштирип, мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүү иретин аныктап жатат. Тил сынагынан кийин элдин жүгүн көтөрүү үчүн чыныгы жарышка талапкерлердин канчасы түшөөрү белгисиз.

Бейөкмөт уюмдар болсо шайлоо ачык жана калыс өтсүн деген тилек менен БШК менен өз ара диалог түзүп, шайлоочулардын укуктук даярдыгын жогорулатып, шайлоо комиссияларынын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн биргелешкен конференцияларды өткөрүү аракетин көрүп жатат. Бирок БШК ага азырынча демилгеге ышкысын көрсөтө элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG