Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Президенттикке талапкерлер тил сынагынан өтүшөт


Кыргызстандын башчысы болом деген он жети талапкер эми мамлекеттик тил боюнча сынактан өтө баштайт. Борбордук шайлоо комиссиясы сынакты өткөрүү тартибин талапкерлердин комиссияга арыз берген убактысы боюнча түзүп, 6-июнда жыйынтыктоо чечимине келди.

Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 61-беренесине ылайык президенттикке талапкер мамлекеттик тилде эркин сүйлөй ала тургандыгын далилдеп 15 мүнөт бою кыргыз тилинде өз программасы тууралуу айтып берүүгө, үч беттик маалыматты уккандан кийин анын мазмунун кайра айтып берүүгө жана программасы тууралуу үч бет текст жазып берүүгө тийиш. Сынакты жүргүзүү үчүн БШК тогуз кесипкөй адистен турган комиссия түзгөн.

Ал комиссиянын төрагасы, мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагулов комиссия өкмөт үйүнүн чыгыш залында өтө турган сынакты өткөрүүгө жана аны Улуттук телеканал аркылуу түз эфирде көрсөтүүгө бардык даярдыктар көрүлгөндүгүн “Азаттыкка” билдирди:

- Тил комиссиясынын даярдыгы жакшы. Комиссиянын мүчөлөрү чогулуп, кандай критерийлер менен экзаменди кабыл алабыз деп сүйлөшүп чечтик. Сыноого берилчү тексттерди, талапкерлер жаза турган актай кагаздарды даярдап, мөөр басып койдук. Сынак өтө турган өкмөт үйүнүн чыгыш залы дагы даярдалды, эми ага телекамералар гана орнотулат.

Комиссия мүчөлөрү талапкердин дараметин байкагандан кийин тилди “билет” же “билбейт” деп баа беришет. Ошонун негизинде чечим кабыл алынып, сынактан өткөндөр шайлоо өнөктүгүн баштоого жолдомо алат.

Бир караганда оңой көрүнгөн менен тил сынагынан өтүү айрым талапкерлер үчүн тил гана эмес саясий көз карашы боюнча да сынак болот деп божомолдогондор арбын. Саясат талдоочулар буга экс-президент Аскар Акаевдин тушунда талапкер болгон Ишенбай Кадырбековдун кыргызча жакшы сүйлөгөндүгүнө карабай комиссия тилди билбейт деп жарыштан чыгарган окуясы негиз берет деп жатышат.

Президенттикке талапкерликтен сынак алдында баш тарткан Исмаил Исаков мындай ойду четке кагуу мүмкүн эмес экендигин баса белгилеп, себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Албетте, бүгүнкү бийлик өз оппоненттерин жарыштан чыгаруу үчүн колдон келген аракеттеринин баарын жасап жатат. Анын бири ушул тил комиссиясы. Мына азыртан эле орфографияны билишпейт, ката жазышат деп жатышат. Аларды сураса деле өздөрү көп нерсени билишпейт. Бийлик өзүнө каршы болгон адамдардан сынактан да бир кынтык тапканга аракет көрүшөт.

Ал эми сынак комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов коомдо ушундай карама-каршы пикирлер жана бийликке негизсиз дооматтар жаралбасы үчүн сынак саясатташтырылбай тургандыгына ишендирди:

- Бул жолу ушундай пикирлердин баарын четке кагып, комиссиянын бейтарап экендигин далилдейбиз. Бардыгы калыс болот. Комиссиянын мүчөлөрүнүн баары илимдин докторлору жана көп жылдык тажрыйбалуу мугалимдер. Биз аябай калыс бололу, себеби биз менен кошо сынакты бүт кыргыз эли кабыл алат, аны түз эфирдеги телекөрсөтүү аркылуу көрүп турушат, кичине эле кынтык кетсе эл аны байкайт, эл тараза деп өзүбүзчө сүйлөштүк. Анан билгенди билет дейли, билбегенди билбейт деп эле айталы деп ант бериштик.

Ташбоо Жумагуловдун айтымында, жердешчилик деген негизде да кине коюлбаш үчүн комиссиянын курамы жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын өкүлдөрүнөн түзүлдү.

Анткен менен тил сынагы талапкерлердин мамлекетти башкаруу үчүн мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, мекендин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарын да салмактачу олуттуу тараза, дейт 2005-жылдагы президенттик шайлоодогу тил комиссиясынын мүчөсү Кадыралы Коңкобаев. Анын айтымында, ошон үчүн сынакты саясатташтырбай, ар бир талапкердин сүйлөөсүнөн мурун ой жүгүртүү жана билим деңгээлин салмактоо зарыл:

- Кыргыз адабий тилин билүү жана аны колдоно билүү кыргыз башкаруучулары менен жетекчилеринде аябай чектелген. Натыйжада нукура кыргызча сүйлөө, кыргыздын тилин колдонуу, аны менен мамлекетти башкаруу деген абдан терең көйгөйгө айланып баратат. Кыргыздын тилин билген киши анын дилин да жакшы билет. Тил деген элдин жан дүйнөсү жана бүткүл тарыхы. Мына ошонун баарын билген, дилинде сезе билген адам гана Кыргызстан деген мамлекетти башкарууга жарайт.

Тилчи илимпоз Кадыралы Коңкобаевдин баамында, 2005-жылы президенттикке талапкер болгондордун арасынан бир гана Урмат Барыктабасов эне тилин мыкты билээрин жана оюн эркин жазып, түшүндүрүп бере алаарын аныктагандыктан калган талапкерлердин мамлекетти башкаруу дымагы өкүнүчтү жараткан.

Ал эми тил комиссиясы талапкер Исмаил Исаковдун жарыштан чыккандыгына байланыштуу 20-майдагы жыйынына чогулбайт, андан кийин кезекте турган Жеңишбек Назаралиев 21-майда сынакка түшөт. Ал 2005-жылдагы президенттик шайлоодо тил сынагынан мүдүрүлүп, комиссияны эки анжы ойго салгандан кийин талапкерликтен биротоло кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG