Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев кезектеги президенттик мөөнөткө киришип жатып, келечекте көп партиялуу парламент түзүү милдетин алдына койгонун билдирди.

Мамлекет башчынын көп партиялуу парламент түзүү максаты азыркы Жогорку Кеңеш президенттик шайлоодон кийин таратылат деп буга чейин эл оозунда айтылып жүргөн имишти күчөтүп, парламенттеги орун үчүн ат салыша ала турган партияларды салмактоого түрткү берди.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттик шайлоодон кийин парламент таратылбайт. Бирок, парламенттин өз демилгеси же президенттин чечими менен тарашы мүмкүн. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин айтымында, депутаттардын көбүн бийликчил “Ак жол” партиясы түзгөн парламентти таратуу зарылдыгы мурда эле бышып жетилген, бирок Курманбек Бакиев азыр андай кадамга барышы күмөн:

-Себеп дегенде бул парламент 2007-жылдын декабрында легитимсиз шайланган. Азыркы президенттик шайлоо кандай жолдор менен өтсө, так ошондой эле жол менен шайланган. Ошондуктан жалпы мыйзамдуулук боюнча алып келгенде бул парламент мурда эле таркатылыш керек болчу. Бирок, саясий жагынан алганда бул парламент президентти бардык жагынан толук канааттандырат. Кандай маселелерди киргизбесин баарын колдоп берип жатат жана мындан ары деле колдой берет. Ушундай парламентке ээ болуш үчүн кайра шайлоо өткөрүп, элдин кыжырын кайнатып, нааразылчылыгын күчөтүп жана каражат коротуунун эмне зарылчылыгы бар? Ошондуктан президент парламентти таратууга барбайт.

Анткен менен азыр эл арасында бийлик “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин сентябрь айында болчу жыйынында депутаттарын иргеп, татыктууларын өкмөткө киргизип, басыгы өзгөргөндөрдү мандаттан ажыратат экен деген күбүң-шыбың кеп күчөдү. Саясат талдоочу Кубан Абдымендин баамында, мындай ойдун күчөшүнө “Ак жол”фракциясындагы депутаттардын идеялык жактан биримдигинин жоктугу башкы себеп:

-Бир идеянын тегерегине топтолгон адамдар түзгөн партия деп айтыш кыйын. Демек, негизги максат идеялаштардын партиясын түзөбүз деген максат болушу мүмкүн.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын биринчи орун басары Табылды Орозалиев мындай кептерди парламентте орун албай калган партия өкүлдөрү ойлоп чыгарган имиш деп баалады. Анын айтымында, партиянын саясий кеңешинин кезектеги жыйынында уюштуруу иштерин ийкемдүү жүргүзүү жана аны ишке ашыруу маселелери гана талкууланып, эч кандай саясий чечимдер кабыл алынбайт:

-Туура эмес айтылган ойлор. Ага эч кандай негиз жок. Бул ойдон чыгарылган ойлор. Идеялык биримдик биздин партияда бар. Партиянын катарына бекеринен өтүшкөн жок да! Партиянын программасын колдогондор гана биздин партияга өтүшкөн.

Саясат талдоочулар болсо президент көп партиялуу парламент түзүү идеясын бекеринен айткан жок, мунун артында президенттик шайлоодо бийликке тымызын же ачык түрдө колдоо көрсөткөн саясий партиялардын мүчөлөрүн мыйзам чыгаруу бийлигине тартуу максаты турат деп божомолдой башташты. Социал-демократ саясат талдоочу Жыргалбек Турдукожоев ал тууралуу мындай дейт:

-Балким кээ бир партияларга убада берилгендир. “Жаңы Кыргызстан”, “Ар намыс”, “Ак шумкар”, “Замандаш” деген партиялар бар. Алардын лидерлери менен шайлоонун учурундагы сүйлөшүүлөрдө убада берилгендир.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиев азыркы парламент деле багыты жагынан бири-биринен айырмалуу үч партиядан тургандан кийин сапаты боюнча көп партиялуу, ошондуктан жаңы парламентти түзүү зарылдыгы жок дейт:

-Парламентте эки-үч партия болсо эле көп партиялуу парламент болуп эсептелет да. Азыр Жогорку Кеңеште үч партия бар. Демек, андай сөздөргө негиз жок.

Саясат талдоочулар болсо парламенттик жаңы шайлоо болсо азыркы парламенттеги Социал-демократтардын өтүшүнө бут тосулуп, анын ордун “Ак жол” сыяктуу шайлоо алдында аты оппозициячыл, заты бийликчил болуп түзүлчү жаңы партиялар ээлеши мүмкүн деп божомолдоп жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG