Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Сасык тумоодон улам Чүй жана Жалал-Абадда да мектептер жабылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Чүй жана Жалал-Абад облустарында да мектептер жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова билдирди:

-Чүй облусунан 30 мектепте карантин жарыяланды. Тагыраак айтканда, Ысык-Ата районунда 16, Аламүдүндө 7, Панфиловдо 5, Сокулук районунда 2 мектеп жабык. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунан 1 мектепте сабактар убактылуу токтотулду. Башка аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу.

Чыкынованын айтуусунда, сабактар качан башталары оорунун басаңдашына байланыштуу кабыл алынат.

Сасык тумоо күчөгөндүктөн, буга чейин Бишкектеги бардык мектептер 12-декабрга чейин окуусун токтоткон.

Адистер азыркы тумоо сезондук вирус экенин, ага көбүрөөк 14 жашка чейинкилер кабылып жатканын белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG