Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Ала-Букада сөөк казган үч адамга карата сот өкүмү чыкты


Ала-Букада башка динди карманганы айтылган аялдын сөөгүн жерден казып салган окуя боюнча сот өкүмү чыкты. Райондук соттун 12-январдагы чечимине ылайык, эки киши күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылды. Бирок анын бир жылын сыноо мөөнөтүндө үй камагында өтөшөт. Эгер эреже бузулса, дароо абакка камалышат. Мындай чечим алардын жашоо-шартын эске алуу менен Кылмыш-жаза кодексиндеги 63-берененин негизинде чыгарылганы сот отурумунда айтылды.

Дагы бир киши тосмо арыздын негизинде жазадан бошотулду.

Жабырланучу тарап буга нааразы болуп, облустук сотко кайрылары билдиришти.

Былтыр октябрда көз жумган 76 жаштагы Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен” деген жүйөө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты көрдөн казып салышып, андан соң христиандардын көрүстөнүнө көмүлгөн. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, сөөктү чыгарып ташташкан. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, маркум башка жерге жашырылган болчу. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG