Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Өзбекстан 25 жылда биринчи жолу чет элдиктерге жарандык берди


Өзбекстанга чет элден келгендерге жарандык берүү жараяны башталды. 18-январда өлкөнүн түрдүү аймактарында 35 адамга паспорттор берилди. Документтерди облус жетекчилери тапшырганы расмий кабарланды.

Президент Шавкат Мирзиёев 2016-жылдын 20-декабрында “Өзбекстандын жарандыгын кабыл алуу жөнүндө” жарлык чыгарган. Анда 179 кишинин аты-жөнү жазылган.

Чет элден көчүп келген жана көп жылдан бери Өзбекстанда жарандыгы жок жашап жүргөн бул кишилер мамлекет эгемендик алгандан соң 25 жыл өткөндө алгач ирет атуулдук берилген кишилер болушту.

Коңшу өлкөгө келин болгон жүздөгөн кыргызстандык аялдар да паспорт ала албай жүрүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG