Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Кыргызстанда парламенттик шайлоо жакындаган сайын каттодон өткөн партиялардын саны өсүп, 120га чукулдап калды. Бүгүн алардын саны дагы бирге көбөйүп, коргоо министринин милдетин аткаруучу И. Исаков негиздеген “Азаттык” демократиялык партиясынын 1-курултайы өттү.

“Азаттык” демократиялык партиясынын I курултайына бир миңден ашуун делегат катышып, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууланып, партиянын уюштуруу маселеси каралды. Курултай соңунда алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле партиянын саясий кеңешинин 17 кишиден турган мүчөсү бекитилип, кыргыз элине кайрылуу жолдонду. Кайрылууда өлкөнүн туруктуулугу үчүн ар бир атуул жоопкерчилик менен мамиле кылышы, алдыдагы парламенттик шайлоодо акыл-эс менен жыйынтык чыгарып таза, күчтүү партияга добуш берүү зарылдыгы айтылды.

Партиянын программасы экономика, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык саясат, улуттук коопсуздук, тышкы саясат, маданият жана искусство багыттары боюнча иштелип чыккан.

“Азаттык” демократиялык партиясын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков жакында эле түптөгөн. Ал курултайдын делегеттарына кайрылуу сөзү менен чыкты.

- Бийлике таза, ак ниет жана кынтыксыз репутациясы бар команда келиши керек. Чыныгы профессионал, өз ишин так билген, мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабаган, коррупцияга жол бербеген чыныгы инсандарды “Азаттык” партиясынын максаттарын иш жүзүнө ашырууга чакырабыз. Өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн баардык мүмкүнчүлүгүбүздү жана билимибизди жумшайбыз. Биздин ураан “Тазалык, Тартип, Өнүгүү”! Жолубуз шыдыр болуп, дайыма элдин колдоосунда жүрөлүк,-деди Исмаил Исаков.

Исмаил Исаков 7-апрелден бери коргоо министринин милдетин аткарып келатат. Ал буга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтү аныкталары менен ээлеген кызматынан кетерин билдирген.

Генерал И. Исаков президент Курманбек Бакиевдин маалында Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап, 2008-жылдын 10-октябрында өлкө башчысынын жүргүзгөн саясатына макул эместигин билдирип, кызматынан кеткен. Андан соң ага карата кылмыш иши козголуп, сегиз жылга кесилип генерал-лейтенант наамынан ажыратылган. Апрель окуясынан кийин Исмаил Исаков акталып чыккан.

Ал жетектеген партиянын “Азаттык” аталышына генералдын абакта жаткан күндөрү себеп болгон. Партия Кыргызстанды экономикалык кыйынчылыктардан сууруп, “Азаттыкка” алып чыгуу максатын көздөйт.

Эмгек, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова мурдагы бийлик Исаковду жок кылууну көздөп, бирок алардын ою оңунан чыккан жок деп билдирди.

- Менин балам мектепте окуйт. Ага сабактан “Токтогул жөнүндө айтып бер” деп тапшырма беришиптир. Анда балам “бийлик Токтогулду абдан жок кылгысы келди, бирок Токтогул такыр жок болбой койду” деп жазыптыр. Анын сыңарындай Исмаил Исаковдун тагдырын баарыбыз билебиз. Бийлик Исмаилди жок кылайын деди, бирок ал жок болбой койду. Ушул жердеги партиянын делегаттарына айтаарым, силер бүгүнтөн баштап бүтүм чыгарышыңар керек. Силердин алдыңарда бир гана жол турат. Акты ак, караны кара дешиңер зарыл. Себеби силердин башчыңар ошондой нерсенин казанынан кайнап чыккан инсан.

Апрель окуясынан чейин Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 110 чамалуу болсо, андан кийин алардын катарына “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика”, “Айкөл Эл”, “Мекен баатырлары”, “Акыйкат” жана башка партиялар кошулган. Эми “Азаттык” демократиялык партиясын бул тизмектен учуратууга болот.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин баамында Кыргызстанда жаңы түзүлгөн партиялар эски партиялар менен биригип шайлоого барышы мүмкүн.

- Учурда көптөгөн жаңы партиялар ачылып жатат. Бул шайлоодо талапкерлер парламентке партиялык тизме аркылуу өтүшөт. Негизинен механизм иштелип чыккан. Бирок бул шайлоодо идеологиялык компонент жок болуп жатат. Менимче, жаңы түзүлүп жаткан партиялар “Ак-Шумкар”, “Ата-Мекен” жана “СДПКнын” катарына кошулуп шайлоого барышат, - деди саясат таанучу Марат Казакбаев.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG