Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Ушу тапта Кошмо Штаттарда жүрүүгө мажбур болгон кыргыз парламентинин социал-демократиялык фракциясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимов башкаруу реформасы тууралуу пикирин жарыя кылды.

Бакыт Бешимов АКШдан жөнөткөн макаласында Кыргызстандагы эки урунттуу окуянын себеп жөнүнө токтолгон. Анын ырасташынча, коомчулуктун көңүлүн бурган бул окуялар ичара бекем чырмалышкан. Анан да алар кийинки президенттик шайлоого чейинки азыркы бийликтин ички саясатын аныктайт. Бакыт Бешимовдун пикиринде, азыркы кыргыз бийлиги мына ушул эки окуянын себеп-натыйжасына кылдат баам таштап турушат. Негизи ал кандай окуялар?

Бул ирет ал дымагын мамлекеттик башкарууга байлап, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу чечимин кабыл алды. “Канзада” (же өкүмдардын уулу) долбооруна жол ачылды, бүтүндөй өлкөнү орто кылымга кайтаруу аракети башталды.
"Биринчиси
. К.Бакиев Кыргызстандагы жакшы нерселердин баарына дымак көрсөтүүдө. Мындайды ал буга чейин деле жасап келген. Бул ирет ал дымагын мамлекеттик башкарууга байлап, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу чечимин кабыл алды. “Канзада” (же өкүмдардын уулу) долбооруна жол ачылды, бүтүндөй өлкөнү орто кылымга кайтаруу аракети башталды. Ал өзүнөн мурдагы президент жасай албаганды аягына чыгарууну чечти. Мындай чечим саясий режимдин мындан аркы аракет-кыймылы бийликти анын уулуна алып берүүгө багытталышын көрсөтөт. Мыйзамдар тебеленди. Мыйзамдын сакталышына жоопкер мамлекеттик институттардын бир да бирөө унчуга алган жок. Аны көрүп Бакиев Кыргызстандагы укуктук мамлекет идеясын жаманатты кылууга өттү. Ошентип өлкө алдында дагы бир жолу Жогорку Кеңеш, Конституциялык жана Жогорку сот жана башка институттардын тек аты эле бар экендиги айкындалды. Булар мырза Бакиевдин байманалуу айылдары гана.

Бул ирет Бакиев коомдук пикир аны эч качан кызыктырбасын апачык эле айгинелеп койду. 23-июлдан кийин аны мындай нерселер кызыктырбай калган. Башталышында эле мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо дегенди талкуулоонун эч кандай маааниси жок болчу. Себеп дегенде, ал К.Бакиевдин уулун кызматка коюш үчүн эле жасалган. Болгону ошол. Бүтүндөй мамлекеттик институт, ар бир мамлекеттик кызматкер мына ушул максатка гана иштетилет. Алар өздөрүн кандай ойлошсо да болгон баасы ошол. К.Бакиев алдоо, басып коюунун ыктуу системасын түзө алды. Анын системасынын бир бөлүгү кол алдындагы маалымдоо каражаттары аркылуу адамдарды алдап, бал тилге салат. Бул бийлик тепкичинде турган адамдар М.Булгаковдун айтылуу “Ит жүрөгү” романындагы Шариковду эске салышат. Ошон үчүн кыргыз саясий турмушунун бир бөлүгү олдоксон, мажүрөө болууда.

Өкмөттөгү тарифтердин талкуусу кимдин кимге жем болорун ачык көрсөттү го. Өкүнүчтүүсү, баары бир соңунда мунун баары саясий алдамчы баштык экени, кошуун жергиликтүү жана эларалык кескилерге кызмат кылышканы билинет. “Тойгонбаевдин” көлөкөсү өлкө ичинен кете элек, тек ал башка фамилияга өтүп кеткен.
Системанын экинчи тарабында тургандар кысымды күчөтүп, улуттун нака лидери болууга жарай турган азаматтарды бөлүп алып четке сүрүп таштоодо. Зордукчул система дагы күчөй бермекчи. Мамлекеттик деңгээлдеги каракчылык чоңойгондон чоңое бермекчи. Тактыга келчү канзадага берилген аткаминерлер менен саясатчылардын катары ошентип түзүлөт. Калыс атаандаштыктын бул жерде жыты да жок. Минтип ириңдүүсүн иргеп алуу, бийликке ушундай жол менен жетүүнүн келечеги жок. Мындайда акылдуу жаштарга жол жок. Жаштардын кайсы бир бөлүгү туугандыгына карап “лидер” деп койгондордун жанындагы жайлуу орундарды ээлегиси келет. Ал орунга жетиш үчүн “мураскор” кимди көрсөтсө алар ошонун көзүн тазалаштан да кайра тартышпайт. Мунун баары башталды. Өкмөттөгү тарифтердин талкуусу кимдин кимге жем болорун ачык көрсөттү го. Өкүнүчтүүсү, баары бир соңунда мунун баары саясий алдамчы баштык экени, кошуун жергиликтүү жана эларалык кескилерге кызмат кылышканы билинет. “Тойгонбаевдин” көлөкөсү өлкө ичинен кете элек, тек ал башка фамилияга өтүп кеткен."

Бакыт Бешимовдун макаласында көтөрүлгөн кийинки маселе нака экономикалык, Кыргызстанда кыйла жылдардан бери оңоло албай келаткан проблемага арналган.

"Экинчиси. Тарифтердин көтөрүлүшү. Бул чечимге тиешеси бар маанилүү учурларды баса белгилеп айтыш керек. Калк үчүн катууга турчу реформаны өтөле коррупциялашып алган бийлик жүргүзүп атыры. Бийлик институттары алсыз, мокок. 2006-жылы мамлекеттик комиссия “Электр станциялары” акционердик коомун бир жыл текшергенде ондогон кылмыш иштерине жетерлик материал табылган. Бирок да комиссия мүчөлөрүн коркутушуп, болбосо жакшы кызматтарды сунуш кылышып, жеңилдиктер берип токтотуп коюшкан. Справканы жок кылдырышкан.

2008-жылы мен депутаттык иликтөөнү сунуш кылсам президенттик партия тармактагы апачык уурдоолорду көрүп туруп эле демилгени четке какты. Анын себеби деле белгилүү, тармак толугу менен жогорку бийликтин колунда. Эгер иликтөө жүргүзүлсө эл тармактагы абалдын кандайлыгынан кабардар болот эле. Аны менен катар бир катар суроолорго – ким, кандайча, кандай максат менен энергетика тармагын өз пайдасы үчүн атайылап жок кылганына жооп табат болчу.

Эмне үчүн айлап-жылдап элдин көбү, өзгөчө айылдыктар электрдин жоктугунан жүдөшөт? Кандай реформаларды жүргүзүш зарыл? Аны кантип жүргүзсө туура болмок? Мунун ордуна азыр азыр калкка кайсы бир бүдөмүк сандарды айтышууда. Техногендик кырсыктарды айтып коркутушууда. Буларга ишенүүгө болобу? Албетте, жок? Минтип отурса эл дагы бир жолу коррупциячылар ойлоп тапкан “реформанын” оор жүгүн өз мойнуна алышка мажбур. Баарынан да бул ирет калк мурда уурдалгандардын эсебин толтурушу керек, өкмөт болсо социалдык колдоосуна көпчүлүктөн ыраазычылык күтүп олтурат. Кыргызстандын энергетикалык алдооч баштыгынын оозу ачылды.

Өлкөнүн энергетикасы оор абалда. Тармакты сөзсүз жаңылаш керек. Инвестициясыз муну ишке ашырыш кыйын. Көбүнесе ички финансылык каражаттарды пайдалануу абзел. Андай болгондо тарифтерди кеткен чыгымдарды жапканга, жок дегенде дүйнөлүк орточо баага алып келиш керек. Анан эмне үчүн калк мындай жек көрүндү чечимдерди колдоп, аны аткаруунун кыйынчылыктарын көтөрүшү керек? Эмне үчүн такай алдап, тоноп келаткан өкмөткө ишенип карапайым калк бийликте отургандардын жайлуу жашоосуна шарт түзүп берүү милдетин өзүнө алышы керек? Анан да мына ушул алдоого кошулуп өзүн парламент деп атаган органдын кимге кереги бар? Ким азыр Бакиевге ишенет? Ага ишенүүгө болобу? Жооп белгилүү го. Жок! Бийликке ишеним аябай төмөн.

Мындай шартта К.Бакиев үч багытта өзүнүн аракетин күчөтөт: (1) каржылык жардам жана инвестиция издейт, (2) кысым дагы күчөйт, (3) парламент менен өкмөттү алмаштыруу үчүн шарттарды даярдоого өтөт. К.Бакиев каржылык ийгиликтер жөнүндө көп айтканы менен мунун баары саясий жомок. Бул бийлик сырттан канча каржылык жардам келсе ошончо убакыт калкып тура берет. Бул бийлик Дүйнөлүк банк менен Эларалык валюта корунан ири кредиттерди сурай берет.

Дүйнөлүк каржы институттары да өлкөдөгү абалга кабатыр. Себеп дегенде, Батыш Ооганстандагы абал тынчыбай турган чакта Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн тынч турушуна кызыкдар. Эларалык валюта кору Кыргызстанга дагы канча беришти ойлонуп отурат. Жагымдуу инвестициялык климат мурда эле жок болчу эми деле жок. Жагымдуу инвестициялык климат Кыргызстан сындуу мураскорго арнап жаңы мамлекеттик кызмат түзүлгөн жерде калыптанбайт. Ал базардагы ачык оюн эрежеси сакталган жерде болот. Мыйзамдар сакталган жерде болот.

Бакиевдин тушунда, тилекке каршы, андай шарттар жок. Ошентип олчойгон, коррупцияга белчесинен баткан башкаруу системасы менен демократияны жерий баштаган Кыргызстандын өнүгүү жолуна чыгышына мүмкүнчүлүгү өтөле чектелүү. Базарда баарына бирдей шарт болбогондон кийин инновацияга деле мүмкүнчүлүктөр жок. Инновациясыз артта калуучулукту жеңиш кыйын. Азыркы бийликке чындап жаңылануунун кереги деле жок. Болгон жаңылыктар анын сөзүндө гана. Аны орто кылымдагы караңгылык деле капа кылбайт.

Борбор Азия үмүтү менен демократия аралына айланткан легендарлуу парламенттен бери келаткан Жогорку Кеңеш Бакиев тушунда “канзаданын” айткан-дегенинен чыкпаган парламенттин жөнөкөй бир сөлөкөтү болуп калды. Анын келечеги деле белгилүү – парламентти каары кайнаган калктын таламайына таштап кетишет.
Боркулдап кайнап жаткан казандын буусун чыгарыш үчүн Бакиев элге жек көрүндү чечимди кабыл алган аткаминерлерди айыптуу кылып кызматынан шыпырат. Парламентти болсо мураскорго жолду таптаза кылып даяр кылганча ордунан козгобойт. Бакиев кыйла үмүт туудурган кыргыз парламентаризминин жолун кесип салды. Кыргыз парламентинин тарыхы, Кыргызстандын эгемендигин жарыя кылган, калктын кадыр баркын көтөрүп, Борбор Азия үмүтү менен демократия аралына айланткан легендарлуу парламенттен бери келаткан Жогорку Кеңеш Бакиев тушунда “канзаданын” айткан-дегенинен чыкпаган парламенттин жөнөкөй бир сөлөкөтү болуп калды. Анын келечеги деле белгилүү – парламентти каары кайнаган калктын таламайына таштап кетишет.

Оппозициялык маанай күчөй берет. Мамлекеттик аппараттын ичинде Бакиевден айырмаланган иш күндөрү бар топтор пайда боло баштайт. Мындайда кырдаалды колдон чыгарбаш үчүн жазалоону күчөтүү гана калат. К.Бакиевдин жаалы кайнаган калктан өзүн сактап кала турган жалгыз жолу эле ошол, башка жол жок. Ошондой жолдор менен К.Бакиев бийликти ишенимдүү колго берүүнүн аракетин жасайт. Бул саясат барып-келип эле дагы жаңы революцияга шарт түзөт. Аны кечиктирүү калк ичинде бийликке дагы бир алдамчы шумпай келип калабы деген коркунучту жаратат. Антип чочулоого негиз бар. А бирок өлкөнү ким туура цивилизация жолуна салып кете алат? Ушул чоң суроо."

Бакыт Бешимов учурдагы оппозиция калк алдында К.Бакиевдин реформасынын нака жүзүн ачып, анын кичүү уулун чоң кызматка алып келүүнүн түпкү сырын ачып, мындан ары өлкө кандай өнүгөрүн көрсөткөн алгылыктуу сунушун алып чыгышы керек деп эсептейт. Оппозициянын келечеги ушуга байланыштуу дейт.

Чет өлкөдө жүргөн оппозиция жетекчилеринин биринин алдагыдай пикирин таржымалап жарыя кылып жатып Б.Бешимовдун парламенттеши “Ак жол” фракциясынын өкүлү Асанбек Байтиковдун пикирин сурадык:

" Палатада чогуу иштеп жүргөндө деле анын оозунан жакшы сөз уккан эмесмин. Жакшы болуп жаткан бир нерсеге аракет кылсак же жакшы бир демилге кылсак, анан оңолобуз. Жаман-жаман дей берсек жакшы бир нерсе болмок беле! Жаман сөздүн артын жаман,- дейт Асанбек мырза.- Бул реформа баары айтып-айтып келип иш жүзүнө ашпай келген иш болчу. Ар бир реформачы, жетекчи кызматка келип реформа жасамак болчу. Анан эле токтоп калчу. Себеби тигинин агасы же таякеси телефон чалып, жакыны чоң жерде иштеген болуп, анын кыскартуулар аягына чыкпай токтоп калчу. Мурда демилге төмөнтөн чыкса бул ирет өйдөтөн кетпедиби, менимче бул жакшы демилге."

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG