Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Быйыл сентябрь айынын башында жарыя кылынган башкаруу системасын жаңылоо аягына чыгып-чыкпай күч кызматтарын реформалоо жөнүндө кеп башталды.

Эгемендик тушунда эчен ирет реформага туш келген күч кызматтары кандай жаңыланууга туш келери азырынча айтыла элек. Мыйзам сактоо органдарын реформалоо маалы келип калганын президент К.Бакиев прокуратура кызматынын 85 жылдык салтанатында белгилеген. Буга чейин башкы прокурор кызматын башкарып келген Э.Сатыбалдиев бул иште анын мамлекеттик кеңешчиси болорун чогулгандар алдында жарыя кылган.

- Биз күткөндөрдүн азырынча натыйжасы көрүнө элек. Ошон үчүн биз олуттуу жаңыланууларга барып жатабыз. Мыйзам сактоо системасын, ошондой эле прокуратура органдарын реформалоону көзөмөлдөө жана башкарып туруу иштерин президенттин коргону жана коопсуздук, мыйзам сактоо боюнча мамлекеттик кеңешчиси жүргүзөт.

Президент жаңы кеңешчинин алдында күч кызматтарын жаңылоо иштери канчага созуларын жана ал кандай чен-өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөрүн аныктоо милдетин койгон. К.Бакиев ошол жыйында “кийинки жылдары биздин коом менен мамлекетте орун алган терс нерселер, кызматтардын сатылышы,, сатылып алынышы, коррупция кайсы бир тармактарга эмес, кадимки Ак үйдүн 7-кабатынан 1-кабатына чейин тарап кеткенин” айтып, жаңы реформанын максаты коррупцияны жоюуга багытталышы керектигин ырастаган. Азырынча катары калың күч кызматтарын жаңылоо сөз жүзүндө гана калып, Ак үйдүн 7-кабатында олтурган мамлекеттик кеңешчинин концепция, программасы жарыялана элек.

Анын үстүнө, кезектеги реформа азыркы бийликтин атаандаштарына кысымы күчөп, соттук териштирүүлөрдүн күнү тууп жаткан кезине туш келүүдө. Мындай шартта, парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаеванын пикиринде, жаңы аракеттен натыйжа чыгышы күмөн.

- Балыкчыда, бул жерде, республиканын түштүгүндө - Ноокатта коркутуп, үшүн алып коюу аракетинен майнап чыгышы кыйын. Ал өлкөнү алыска алып барбайт. Эгер биз Кыргызстанда тынч жашайлы десек, демократияны алдыга жылдырып өнүктүрүнү кааласак, бийлик менен күч кызматтарынын антип элди коркутуп, басынтуусунан эч нерсе чыкпайт.

Алдагыдай шартта жарыя кылынган реформадан деле, мурунку ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтуусунда, майнап чыгышы кыйын. Азыркы бийликтин иш-аракеттеринин натыйжасы энергетикадан эле көрүнүп турбайбы.

- 2010-жылдын 1-январынан тартып сезе баштайбыз го дейм. Ага чейинкисин деле сезсеңиз керек. Жыргап, кубанып, шатыра-шатман болуп сүйүнгөн киши жок.


Укукчу Таштанбек Жанузаков реформа, жаңылануу ириде ал демилгени дембе-дем көтөрүп жаткандардан башталышы керек, деп эсептейт.

- Бизде айтат эмеспи, “Балык башынан сасыйт” деп. Эгер башындагы киши таза иштеп, туура жол көрсөтүп жаман иштегендерди башка чаап туруп айдап таштаса...

Адвокат Сартбай Жайчыбеков ат тезегин кургатпай мурунку-кийинки бийлик тушнда реформа демилгесинин улам-улам козголуп жатышынын себебин эларалык уюмдардан арбын акча алуунун амалына байланыштырат.

- Эгерде аласа-бересе маселелери болсо граждандык тартипте соттошуп, иштерди бүтүрүшөт. Анан кийин прокурорлор акча алыш үчүн эле тергеп ишти сотко өткөрүп коюп жатышпайбы. Чын эле соттор акча берсе кое берип, акча бересе камап коюп жатышпайбы. Реформа деген адилеттик үчүн, демократия үчүн иштейт да.

Ошентип Кыргызстандагы реформанын биринчиси аягына чыга электе экинчиси башталганы турат. Башкарууну жаңылоо демилгеси Максим Бакиевдин жылдызын жандырып борбордук агенттикти артынан ээрчите келсе кезектеги жаңылоо кимдин арыгына суу куярына эмитен эле кызыккандар көп.
XS
SM
MD
LG