Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Түштүк Кореяда маданият министри камакка алынды


Пак Кын Хеге каршы акция
Пак Кын Хеге каршы акция

Маданият министри кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталды. Ал бийликти сындагандардын “кара тизмесин” түзгөн деп шектелүүдө.

Yonhap маалымат агенттигинин билдиришинче, бул тизмеге киргендер мамлекеттик каржылоо алышкан эмес. Тизмеге он миңге чукул киши киргизилген, арасында маданий ишмерлер да бар.

Өткөн жылдын аягынан бери Түштүк Кореяда коррупцияга байланышкан чыр-чатактар көбөйүп, натыйжада парламент мамлекет башчысы Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарууда. Пак Кын Хени кызматынан биротоло четтетүү маселесин өлкөнүн Жогорку Соту чечет.

XS
SM
MD
LG