Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

«Акыйкат үчүн» кыймылынын жетекчиси А. Жекшенкуловду дагы бир айга камоо боюнча сот чечиминен соң БЭК 13-мартка белгиленген бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барбастыгын, 27-мартта жалпы нааразылык иш-чараларын баштай тургандыгын жарыялады.

Бириккен элдик кыймылдын өкүлдөрүнүн 10-марттагы бийлик жетекчилери менен жолугушуусунда тараптар бир гана маселени – саясий куугунтуктоолорду токтотууну талкуулашмак. Андай суроонун коюлушу укуктук өлкөдө туура эместигин билдирген бийлик тарап Кыргызстанда андай иш-аракет жоктугун ырастап, оппозиция өкүлдөрү менен алардын жакындарына мыйзам негизинде кылмыш иштери козголуп жатканын билдирүү менен тим болушту. Аны Кыргызстандын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев да журналисттер алдында моминтип бекемдеди.

- А бул жерде экономикалык кылмыш, жарандардын укугуна шек келтире турган кылмыштар жөнүндө сөз болуп жатпайбы. Мен ошон үчүн айттым: “Аксакалдар, кечирип койгула, силер кылмыш куугунтугу жөнүндө сүйлөгүлө”. Эмне дегенде, саясий куугунтук жөнүндө сүйлөсө туура эмес болуп калат. Эмне дегенде, аларга биз коюп жаткан айыптар Кылмыш кодекси боюнча кылмыш куугунтугуна кирет.

Бириккен элдик кыймыл мындан бир жарым ай илгери кылмыш жоопкерчилигине тартылган, саясий башпаанек издеп чет жерге кетүүгө мажбур болгон, азыркы бийликтин кысымына кабылган 26 кишинин тизмесин жөнөтүп, алардын кандай себептер менен укук коргоо органдарынын көзөмөлүнө түшүп калганын көрсөтүп беришкен.

- Анан бир жарым айча жооп бербей туруп эле бир күнү чыгып калышты: “Биз ал катыңарды албай калыптырбыз, күтүп атабыз, келгиле”. Анан кийин биз кечээ күнү бардык,- деп айтты Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Мукар Чолпонбаев.- Биз талап койдук: “Эгерде бийлик оппозиция менен диалогго даяр болсоңор биринчи ушул маселени чечкиле! Мына ошондон кийин биз силер менен сүйлөшө алабыз”, деп.

Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов оппозиция өкүлдөрүнө, алар болбосо жакындарына кыйгас кылмыш иштерин козгоо күчөп бараткан чакта ортодо мунасага келиш кыйын ишке айланат, деген пикирде.

- Көп ишенбей турам. Перспективасы жоктой сезилип жатат. Ошол биринчи жолугушуудан кийинки пикир.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотонов бийлик менен оппозициянын жолугушуусунан күткөн натыйжа чыкпай калганын момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Отчет катары элдин көзүн убактылуу будамайлоо. А бирок өздөрүнүн түзгөн планы боюнча кимди камаш керек, элди кантип коркутуш керек, эптеп быйылкы жылы президенттик шайлоону өткөрүп, дагы бир мөөнөт президент болуп алыш керек, дегендин үстүндө иштеп жатат. Ошон үчүн бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгарына мен ишенбейм. Жыйынтык чыкпайт. Ошон үчүн оппозиция өзүнүн курултайда кабыл алган чечимин ишке ашырып март, апрель айларында өткөрө турган митингдеринин үстүнөн даярдык көрүп иштей бериши керек.

Ушундай эле пикирди бириккен кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев да колдойт.

- Мындай бийлик менен ийри олтуруп түз сүйлөшүп, ак ниет менен бир нерсе чечүүгө мүмкүн эмес. Мен булар менен сүйлөшүүгө мурдатан эле каршы чыккам.

Бириккен элдик кыймыл бийлик менен сүйлөшүүлөрдү токтотуп, мындан ары жалаң нааразылык иш-чараларын күчөтүү аракетине өтүүдө. Бул, айрым серепчилердин баамында, быйыл күздө же эмдиги жылдын жайында өтчү президенттик шайлоого карата даярдыктын башталышы, анан да ал буга чейин токтолуп-күчөп келаткан тиреш чечүүчү кезге өткөнүн билдирчү кооптуу белги.
XS
SM
MD
LG