Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Курултай алдындагы “курмандыктар”


17-мартта өтө турган оппозициянын курултайы алдында эркин иш алып барган жергиликтүү басылмаларга кысым күчөдү. Кечээ түндө милиция “Форум” гезитинин жети миң нускасын күчтөп тартып алды. “Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков бүгүн Башкы прокуратурага чакыртылып, эскертүү алды.

“Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче Башкы прокуратурада ага гезиттин бүгүнкү санында жарык көргөн макалаларга байланыштуу суроолор берилди. Журналист мындай суракка Курултай алдында уулу Равшан Жээнбековдун гезит бетинде жарык көргөн “Келечегибизди сактап калалы” кайрылуусу себеп болду деп түшүнөт.
Биринчиден, такталбаган, туура эмес маалыматты таратканыңыз үчүн жазага тартыласыз. Экинчиден мамлекет башчысынын кадыр-баркына доо келтирдиңиз деп айтты .


- 16-марттагы гезиттин санында уулум Равшан Жээнбековдун эртең боло турган Курултайга кайрылуусу жарыяланган. Ал жерде 2005-жылдагы 24-марттагы окуяларды ал “мамлекеттик төнкөрүш” катары баалап, төңкөрүштү уюштургандардын башында Бакиев жана анын үй-бүлөсү турганын айткан.

Ушул эле күнү дагы бир “Назар” аттуу басылмасынын баш редактору Айгүл Бакеева да Башкы прокуратурага чакыртылып, эскертүү алды. Гезиттин бүгүнкү чыгарылышында сыртта бозгунда жүргөн оппозиционер Равшан Жээнбековдун “Адилетүү жаза- мамлекеттүүлүктүн негизи” аттуу макаласы жарыяланган. Бакеевага Башкы прокуратуранын кызматкери Нурлан Качыгулов эскертүү берип, аны төмөндөгүчө негиздеп берген.

- Биринчиден, такталбаган, туура эмес маалыматты таратканыңыз үчүн жазага тартыласыз. Экинчиден, мамлекет башчысынын кадыр-баркына доо келтирдиңиз деп айтты.

Бийлик менен оппозициянын мартта кош өтө турган курултайлары алдында өлкөдө саясий активдүүлүк күчөп жергиликтүү айрым эркин басылмаларга кысым байкалууда. Айталы, кечээ милиция “Форум” гезитинин жаңы эле басмаканадан чыккан 7 миң нускасын күчтөп тартып алып койду. Ал тургай редакция кызматкерлери камакка алынып, социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү жана укук коргоочулар кийлигишип жатып чыгарып алышты.

“Форум” гезитин жаңы конуштада таратып жүргөн “Эр айым” коомдук бирикмесинин кызматкерлери да милиция тарабынан 15-мартта опузоолого кабылган. Бул туурасында аталган уюмдун төрайымы Ракыя Жусупова “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Мына кечээ эле дагы эки аял кызматкерлерибиздин колун бурап туруп алып кетишиптир. Ак-Өргөөдөн Элмира Сепишова жана Атыркүл дегендерди. Таңкы саат төрттө келишиптир. Эми колун бураганга акысы жок да?! Алар мыйзам негизинде чыккан жөнөкөй эле “Форум” деген гезитти таркатып жүрүшүптүр элге.

Акыркы бир жумадан бери “Азаттык” үналгысын уктурууга бут тосуулар болуп, "Белый парус", Центразия.ру, Фергана.ру сыяктуу электрондук маалымат каражаттары ачылбай жатканы белгилүү.

Журналист Бакыт Орунбековдун пикиринде эркин ММКларга жасалып жаткан соңку кысымдар демократиянын жана Башмыйзамдын талаптарын одоно бузууга жатат:

- Маалыматты эркин алууга, жазууга, аны таркатууга журналисттердин эле эмес Кыргызстанда жашаган бардык атуулдардын укугу бар. Анын ичинде журналисттер көбүрөөк маалымат таркатуу мейкиндигинде иштеп жаткандыктан мындай чара мыйзамсыз, Конституцияга каршы келген жорук.

XS
SM
MD
LG