Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Бүгүн оппозициялык күчтөр биригүү меморандумуна кол коюшмакчы. Анын алдында “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев ушул маселенин тегерегинде "Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди

-Өмүрбек мырза, алгач бүгүн кол коюлуусу күтүлүп жаткан меморандум тууралуу айтсаңыз. Ага кайсы тараптар кол коюшмакчы?

-Кызматташуу жана биригүү меморандуму биз сунуштап жаткан жаңы саясий өнүгүү концепциясынын негизинде түзүлөт. Меморандум биринчи кезекте эл алдында биригүүнүн жана койгон максаттардын бирдигин жарыялап, биз кайсы макамда болбойлу – жумушсузбу, студентпи, пенсионерби, мугалимби, бийликтеби же оппозициядабы –биз өз күчүбүздүн баарын мына ушул баалуулуктардын, принциптердин баарын турмушка ашырылышына жумшайбыз, деген билдирүү, милдеттенме алуу. Меморандумга төрт топ кол коймокчу. Биринчиси –саясий партиялар жана коомдук уюмдар. Экинчиси –ЖКнын азыркы жана мурдагы депутаттары. Үчүнчүсү – коомдук-саясий ишмерлер, төртүнчүсү – маданият, илим кызматкерлери менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү

-Меморандумга кол кою менен кандай кадамдарга барууну көздөп жатасыздар?

-Мен жана айтып кеткендей биз жаңы саясий система сунуштап жатабыз. Анын негизги багыты -өлкөдө мамлекеттик бийлик бир адамдын, үй-бүлөнүн колунда болуусуна мүмкүнчүлүк бербөөгө багытталган. Бул система боюнча эгер шайлоолор адилет боло турган болсо, алгачкы беш-он жылда коалициялык, бир нече саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган өкмөт башкарат. Мына ошонун өзү бир адамдын, анын айлана-чөйрөсүнүн өлкөнүн келечегин менчиктештирип алуусуна жол койбогон система болот. Буга кол койгон жарандар жана саясий уюмдар ошол системаны турмушка ашыруу үчүн биригебиз жана күч жумшайбыз, деп эл алдында өздөрүнө алган милдеттенме-убадасы болот. 2005-жылкы март окуяларынын демилегчилери азыр “эртең эмне кыларыбызды билбей эле келип алыптырбыз, бир президентти экинчисине алмаштырып коюп эле отуруп калыптырбыз”, деп элден кайра-кайра кечирим сурап атпайбы. Мына ошондой болбосо экен, биздин бардык жарандар келечегин, эртеңки кадамын билсе экен, деп мына ушуну сунуштап жатабыз.

-“Эрк” партиясы декабрь айынын орто ченинен тарта массалык нааразылык чаралары баштала тургандыгын жарыялоодо. “Бакиевди бийликтен кетирүү” революциялык кыймылы да президент Бакиевди кандай жол менен бийликке алып келген болсок кайра ошол жол менен кетиребиз, деп билдирип атат. Сиз 2005-жылдын мартында ошол кездеги президент Акаевди бийликтен мыйзамдуу, шайлоо жолу менен алабыз деп айтып чыккан элеңиз. Бул жолу көз карашыңыз кандай?

-Жаңылышпасам, революциялык комитет да президент Бакиевди мыйзам чегинде кетүүгө мажбур кылабыз деп жатышат. Менимче бардык саясий күчтөр мыйзамды бузбоого аракет кылышат. Ал эми мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсү мүмкүнбү деген суроолор да бар. Менин оюмча, мөөнөтүнөн мурда кетүү ыктымалдыгы бар. Акыркы үч жылда андай кырдаалдар бир нече жолу болуп келип, башка жол менен чечилген эле. Менимче бул жолу президенттин мөөнөтүнөн мурда кетип калуу ыктымалдыгы бар.

-Маегиңизге рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG