Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Парламенттик шайлоо алдында мурунку бийлик партиясына кошулуп кеткен саясий күчтөр кайра жанданып, атаандаштыкка чыгарын жар салышууда. “Ак жолго” кошулуп кеткен “Содружество” партиясы кайра жыйын чакырып, мурдагысындай эле шайлоого катыша турушкандыктарын билдиришти.


Ажырашуу

2007-жылкы парламенттик шайлоого бир жыл калганда уюшулган “Биримдик”-“Содружество” партиясын кайрадан катарга кошуу аракетин жасап жүргөндөр аркыл улут өкүлдөрүнөн куралган бу саясий күчтүн катарында 100 миң ашуун мүчө турганын айтышат. Анчалык чоң күчкө айланган саясий биримдик мүчөлөрү эмнеликтен апыл-тапыл уюшула калган бийликтин “Акжолуна” өтүп кетиши ушу азырга чейин табышмак. Партия жетекчилеринин бири, кыргыз-орус (славян) университетинин ректору Владимир Нифадьев партиялаштары “Акжолго” өтөрүн чечишкенин уккан соң өзү деле каршылык көрсөтпөгөнүн айтат.

- Уяла турган жерим жок. Мен аны сизге айтып берейин. Республикада кайсы бийлик болсо да мен жаман иштеген жокмун. Мен үчүн эми үчүнчү бийлик келсе, анын кандайлыгын билбейм, бирок да мен республика үчүн дагыле жакшы иштейм.

В.Нифадьев Кыргызстан кыйын абалда турган чакта кыргыз-орус (славян) университетин Бишкекте ачканын айтып, эми ушул университет менен өзү негиздеген партиясынын иши алдыга жүрүшүн гана каалайт. Ал эми орточул партиясын бийлик колуна салып берип, өзү “Акжолдун” шайлоо тизмесиндеги алдыңкы орундардын биринде тургандыгын негедир эстегиси келбейт. Анын үстүнө бийликтин сүйгүнчүк “Алга, Кыргызстан”, “Акжол” партиясынын аты менен депутаттыкка жетишкендердин кыйласы ушу тапта башка партияларга өтүп, дагыле жайлуу орунга жетүүнүн камылгасында жүрүшкөнү көпчүлүктүн көз алдында өтүп жатпайбы. К.Бакиев тушунда деле жооптуу кызматтарды аркалап келген генерал Ө.Субаналиевдин “Ата журт” партиясына киргенинен чыкканы тез болду окшойт. Антип партия мүчөлүктү ыкчам алмаштыргандар тизмесинде кызматтан кеткен генерал жалгыз эмес. Ошол эле “Биримдик” – “Содружество” партиясын кайрадан катарга кошуу аракетинде жүргөн Олеся Тугушева парламент шайлоо оголе көп акча каражатын талап кыларын айтууда.

- Кудай ай, кимдин канча акчасы бар, башка нерселер. Бизде ал да жок. Азыр партиялар базары жүрүүдө. Азыр 138 партия бар, айтса кечээ алардын саны 142 болду. Эми ушунча партиянын чынын айтсак, көбү шайлоого барбайт. Алардын кыйласы сыноого катышат. Бирок мен силерге чынымды айтайын, партиянын программасын, максатын колдогондор, анын пайдубалын түптөгөндөр кетишкен жок. Кеткендер үчөө, жок төртөө гана.

Уят деген улуу журт

Парламенттик шайлоо калыс, мурдагыдай бийликтин өмгөгү жок адилет өтөрү жарыя кылынгандан бери мурдагы жүзгө чукул партиялардын саны дагы арбып, саясий күрөш кыйла эле курч өтөрү ачыкка чыгып калды. Байкоочулардын баамында, мурунку бийлик жетекчилеринин биртобу “Атажурт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика” партияларын кыска убакыт ичинде түптөөгө жетишти. Капчыгы калың, саясий дымагы демдүү жаңы күчтөр добуштардын кыйласын алып коюшу мүмкүндүгүн айрым серепчилер эмитен эле айтууга өтүштү. Саясат таануучу Марс Сариевдин ырасташынча, партиялар жарышында кимдердин мөрөйү үстөм болорун азыртан болжош кыйын.

- А.Акаев, К.Бакиев убагында чын эле чөнтөгү калың бизнесчи, жанагы элита сатып алуу технологияларын, “карусель” жана башкаларды колдонуп бийликти тартып алчу. Азыр мен ойлойм, эл чын эле өзгөрүлүп калды. Ошон үчүн ушул вариант, жанагы акча менен өтүп кетет деген, менин оюмча, эми иштебейт.

“Ачык Кыргызстан” веб-сайтынын шеф-редактору Насира Баратбаеваын ырасташынча, Кыргызстанда саясий максат-мүдөөсүн утурумдук кызыкчылыкка опоңой алмаштырып, позициясын күн сайын өзгөрткөндөр көбөйүүдө.

- Мындай кишилерде бир эле позиция болуп калат экен. Ушу бийликке жетиш. Калган позиция, калган нерселер мындай уят-сый дегендер, чек деген жок болуп калат экен.

Парламенттик шайлоо дайындалганга чейин саясий партиялардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Ал эми бир партиядан экинчисине көчүп, бийлик партиясын таштап өтүмдүү делген саясий күчтөрдүн тамырын тартып жүргөндөр дагыле толтура.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG