Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Сот И.Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды


Kyrgyzstan - former minister of defence Ismail Isakov. 15Dec2009
Kyrgyzstan - former minister of defence Ismail Isakov. 15Dec2009

11-январда Бишкек гарнизондук соту генерал-лейтенант Исмаил Исаковду сегиз жылга кесүү жана генерал-лейтенанттык наамынан ажыратуу чечимин чыгарды. Исаков акыркы сөзүндө акыркы сөзүндө коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнуна албасын жана ал саясий себептерден куугунтукка алынып жатканын билдирген.

Генерал Исмаил Исаковго Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушу, уулуна квартира берилиши жана аскердик майрамдарга каражат бөлгөнү үчүн айыпталган. Судья Серик Абиев аскердик техника жана аскердик майрамдар үчүн каражат бөлдү деген айыптарды негизсиз деп жарыялады. Бирок Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаковго квартира бөлүүдө ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков орун басары Борис Югай менен сүйлөшүп, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыптап, сегиз жылга эркинен ажыратуу, генерал-лейтенанттык наамынан ажыратуу, сот залынан камакка алуу өкүмүн чыгарды:

- Исаков Исмаилди Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 304 беренесинин 4чү бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, 8 жылга эркинен
ажыратылсын. Үй-мүлкү конфискацияланбай, күчөтүлгөн режимде абакта кармалсын. Исаков сот залынан камакка алынсын. Өкүм күчүнө киргенге чейин Исмаил Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалсын. Кылмыш кодексинин 51 беренесине ылайык Исаков генерал-лейтенант наамынан ажыратылсын.

Ал ошондой эле Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушуна тиешеси бар деп айыпталып жаткан Нурдин Каимовду алты жылга эркинен ажыратуу, ал эми Коргоо министрлигинин курал-жарактар боюнча башкармалыгынын башчысы Сатыбалдиевге каршы кылмыш ишти токтотуу тууралуу өкүмүн да жарыялады.

Исмаил Исаков өкүмдү сабырдуу кабыл алып, ал саясий куугунтук экенин белгиледи:

- Баары жакшы. Мунун баары саясий куугунтук.

Исаковдун жакындары соттун өкүмү адилетсиз болгонун айтып, өздөрүнүн ачуусун жашыра алган жок.

Соттун өкүмү чыгар замат Исмаил Исаковду милиция кызматкерлери кармап кетишти. Ал өкүм күчүнө киргенге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында кармалат.

Ал эми Исмаил Исаковдун адвокаттары өкүмдү жокко чыгаруу үчүн апелляциялык арыз берилерин билдиришти. Адвокат Мукар Чолпонбаев буларды билдирди:

- Мыйзамсыз чечим. Саясий буйрутма толук аткарылды.

Исмаил Исаковдун коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиев:

- Адилетсиз чечим. Саясий буйрутма.

“Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев:

- Эми бул саясий буйрутма экени көрүнүп калбадыбы. Эч бир күнөөсү жок кишиге сегиз жылды берүү бул эми акмакчылык эле.

Бийлик өкүлдөрү Исмаил Исаковго карата айыптоочу өкүм болоорун билгендей даярдык көрүп, Бишкек гарнизондук сотунун жанына көптөгөн милиция кызматкерлерин жыйнап коюптур. Алар сот залынан чыккан элди көзөмөлгө алып турду.

Сот залынан чыгаар замат Азимбек Бекназаров Бириккен Элдик Кыймылдын өкүлдөрүнө кайрылып, чукул жыйналышка чакырды.

Соттун өкүмү он күндүн ичинде күчүнө кирет. Ага чейин апелляциялык арыз берилерин Азимбек Бекназаров да билдирди.

Исмаил Исаков президент Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу арызын берген. Мына ошондон кийин ага каршы кылмыш иштери козголуп, соттук териштирүүлөр башталган.

Ал териштирүүлөрдүн соңу прокурор Тимур Карабаев сурагандай Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмү менен жыйынтыкталып олтурат.

Судья Серик Абиев Руслан Исаковго берилген квартира 2007-жылы Коргоо министрлигине кайтарылып, эгерде мамлекетке зыян келтирилген болсо, ал калыбына келтирилгенин эске алган жок.

Андан сырткары Руслан Исаков да Коргоо министрлигинин кызматкери. Капитан. Ал да квартира алууга укуктуу. Бирок бул шарттар эске алынган жок.

Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG