Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Б.Бөрүбашев: “Ак жол” элдик партия болбой калды...


Өлкөдөгү соңку коомдук-саясий абал боюнча “Азаттыктын” суроолоруна саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев жооп берди.

- Расмий бийлик өлкөдө саясий абал туруктуу экенин айтса, оппозиция өкүлдөрү күндөн-күнгө саясий кырдаал оорлоп баратканын белгилешүүдө. Сиз саясатчы катары учурдагы өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай баа бересиз?


- Биринчиден, саясат деген экономиканын уландысы. Эгерде биз саясий кырдаал туруктуу деп айтсак, анда эң биринчи экономиканы карашыбыз керек. Экономикалык абал бизде туруктуу эмес. Экономикалык абал туруктуу болбогондон кийин элде нааразычылык көп болот, ар кандай карма-каршы ой пикирлер пайда болот дагы, саясий абалды туруктуулукка алып барбайт. Эгерде биз саясий бийликтин баардыгын бир партиянын, бир адамдын колуна топтоп берип коюп эле, анан саясий абал туруктуу десек туура эмес.

- Бүгүнкү күндө оппозициянын Таласта, Бишкекте элдик жыйындарды өткөрүүсүнүн канчалык кажети бар?


- Эгерде эл ушуну туура көрсө, азыркы экономикалык-социалдык абалга карата бул керек нерсе. Мисалы мен кечээ жакында эле элет жерине барып келдим, чындыгында абал абдан оор, чечилбеген көп нерсе бар экен, ошолорду эл талап кылса, бул туура нерсе. Анткени мыйзам деген бул элдин эрки, көйгөйү. Ошон үчүн эгерде жер-жерде эл ушундай талапты койсо, муну мыйзамсыз көрүнүш деп айтыштын кереги жок. Бирок ар кандай жыйындар укукту бузбай, мыйзам негизинде болушу керек.

- Бекбосун мырза, президенттин жыйындарда, элге кайрылууларында Конституцияга өзгөртүү киргизилгендигин, парламент элдик партиянын өкүлдөрүнөн куралгандыгын, коррупция бийликтин жогорку бийликте жок экенин байма-бай айтып келатканы реалдуу турмушта канчалык натыйжа берүүдө?

- Президентибиздин айтканы реалдуу турмушта көпчүлүк жагынан дал келбей атат. Анткени биринчиден, элдик партия деп аткан партиябыз, чындыгында элдик партия болбой калды. Анткени бул партия шайлоонун астында бир жарым, эки ай мурда түзүлүп калды да. Бул партия эмес. Партия деген саясий идеологиянын, же болбосо негизги идеологиянын негизинде чогулган адамдардын тобу болуш керек болчу. Булар болсо тизме түзүлүп калды дагы, ошонун негизинде ар ким өзүнүн кызыкчылыгы боюнча келип “Ак жол” партиясы түзүлүп калды. Мисалы, “Ак жол” партиясын мен партия деп айта албайм. Бул шайлоонун астындагы кыймыл болуп калды. Муну жер-жерде эл деле айтып атышат. Ушул партия бийликке келгенден кийин өзүнүн саясий активдүүлүгүн күчөтсө болмок. Бирок партиянын саясий кеңеши менимче бийликке келгенден кийин тынып калышты окшойт дагы, андан ары иш алып кете алышкан жок.

- Ал эми коррупция бийликтин жогорку тепкичинде жок дегенине кандай дейсиз?

- Эң биринчи коррупуция деген сөздүн маанисин карасак, коррупция деген бар, анан пара деген бар. Коррупция деген саясий мамлекеттик бийликке гана тиешелүү нерсе. Эгерде мамлекеттик бийликте бузулуу болуп атса, коррупция жок деп айтыштын эмне кереги бар, эч кандай кажети жок. Мисалы биздин эл мунун бардыгын эле көрүп турат. Мисалы бизде азыр бийликке келиш үчүн чоң акча болуш керек, же чоң колдогон адамдар болуш керек. Ошон үчүн коррупция деген бизде бар. Мисалы жакында эле бир эл аралык уюмдун билдирүүсү чыкты го, анда коррупция боюна биз жогорку орунда турат экенбиз. Муну танып коюштун кереги жок. Мисалы дарыгердин алган 5 сому, мугалимдин алган 10 сомун биз коррупция деп айта албайбыз. Анткени булар саясий бийликтин өкүлдөрү эмес, паракорлор.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG